"Ири аскердик операция". АКШ жана Израил Иранга каршы сокку урушту

Тегеран. 2026-жылдын 28-февралы.

АКШнын президенти Дональд Трамп 28-февралда Вашингтон Иранга каршы "ири масштабдуу аскердик операция" баштаганын билдирди.

Анын алдында, бир нече саат мурда Израил Иранга "алдын алуучу сокку" урганын жарыялаган.

Дональд Трамп маалыматты өзү тастыктап, Truth социалдык түйүнүнө сегиз мүнөттүк кайрылуусун жарыялады жана АКШнын Иранга сокку урууга түздөн-түз катышы бар экенин билдирди.

"Америкалык аскерлер Иранда ири аскердик операция башташты. Биздин максатыбыз - Иран режими жаратып жаткан коркунучтарды жок кылуу менен Америка элин коргоо", - деди Трамп.

Ал тапта Израил армиясы (ЦАХАЛ) өлкө аймагында Иран тараптан учурулган ракеталар аныкталганын билдирди.

"Коргоо системалары жаралган коркунучту бөгөттөө аракетин көрүп жатышат", — деп билдиришти изарилдик аскерлер.

Израил 28-февралда Иранга каршы "алдын алуучу сокку" урганын билдирген. Өзүлөрү превентивдик деп атаган бул соккудан улам Жакынкы Чыгыштагы абал чыңалып, Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы Ирандын ядролук программасы боюнча дипломатиялык чечимге болгон үмүт алсырады.

"Израил мамлекети Израил мамлекетине карата коркунучту жок кылуу үчүн Иранга каршы алдын алуучу сокку урду", - деген Израилдин коргоо министри Исраэл Кац.

Жарылуу болуп жатканы тууралуу алгачкы маалыматтар Тегерандын борборунан келе баштаган, социалдык медиада шаардын үстүн түтүн каптап жатканы көрсөтүлгөн сүрөттөр жана видеолор тараган.

АКШ бийлигиндеги кеминде эки жогорку даражалуу кызматкер Иранга "америкалык аскердик сокку" урулуп жатканын "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна ырасташкан. Бир катар ирандык маалымат каражаттары Тебриз жана Тегеран шаарларында жарылуулар болгонун айтып чыгышкан.

"АКШ бүгүн эртең мененки чабуулга катышты, сокку урду", - деген АКШнын жогорку кызматтагы өкүлдөрүнүн бири. Экинчиси бул билдирүүнү тастыктаган.

"Ислам революциясынын сакчылары корпусуна" байланышы бар Fars маалымат агенттиги Данешгах (Университет) жана Жомхури (Республика) көчөлөрүнө "бир нече ракета" атылганын билдирген.

Жабыркагандар бар же жоктугу тууралуу азырынча так маалымат айтыла элек.

Бийликке жакын Tasnim маалымат агенттиги Ирандын аба мейкиндиги жабылганын билдирди.

Ирандагы соккулардан кийин Израилде сиреналар угулуп, өлкөнүн коргонуу күчтөрү тургундарга коопсуз жерлерде боло туруу керектигин эскертти.

Талдоочулар Израилдеги мындай эскертүүнү элди Ирандан жооп катары урулушу ыктымал соккуларга даярдоо чарасы деп атап жатышат.

Бүгүнкү чабуул Иран менен АКШ Тегерандын өзөктүк программасы боюнча көптөн бери созулуп келе жаткан талаш-тартышты чечүүгө багытталган сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы аяктагандан бир нече күн өткөндөн кийин болуп олтурат. Кезектеги сүйлөшүүлөр кийнки аптада Венада өтөрү айтылып жаткан эле.

Reuters агенттиги Израилдин Коргоо министрлигинин өкүлүнүн айтканына таянып соккулар Вашингтон менен координацияланганын билдирген.

Эки күн мурда жыйынтыкталган кезектеги сүйлөшүүлөр

АКШ менен Ирандын расмий өкүлдөрү 26-февралда Женева шаарында Омандын ортомчулугу менен өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүшкөн. Бул жолугушуу эки өлкөнүн ортосунда аскердик кагылышты алдын алуу үчүн жасалган акыркы аракет катары бааланган.

Омандын тышкы иштер министри Бадр ал-Бусаиди сүйлөшүүлөрдө “олуттуу жылыш” бар экенин билдирип, кийинки жумада Вена шаарында техникалык деңгээлдеги талкуу өтөрүн жарыялаган эле

«Биз тиешелүү борборлордо кеңешүүлөрдөн кийин жакын арада сүйлөшүүлөрдү кайра улантабыз… Келишимге жетишүү үчүн аракет кылган бардык тараптарга, БУУнун Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) жана кожоюн катары кабыл алган Швейцария өкмөтүнө ыраазычылык билдирем», — деп жазган ал-Бусаиди X социалдык тармагында.

Axios басылмасынын маалыматына ылайык, Ак үйдүн атайын өкүлү Стив Уиткофф жана Трамптын күйөө баласы, кеңешчиси Жаред Кушнер Женевадагы жолугушуунун эртең мененки сессиясында ирандык расмий өкүлдөрдүн билдирүүлөрүнө “нааразы болушкан”.

Дагы караңыз Трамптын кайрылуусу: Иран, Украина, "Американын алтын доору"

Сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасынын алдында Американын президенти Дональд Трамп Ирандын өзөктүк программасын чектөө боюнча келишим жетишилбесе аскердик чара көрүү варианттарын карап чыгууга туура келерин айткан. Азыркы тапта АКШнын согуш учактары Иранга сокку ура ала турган аралыкта жайгаштырылган.

Тараптар ушул айдын башында Омандын ортомчулугу менен бул өлкөнүн аймагында кыйыр сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Бул былтыркы июнь айындагы кыска мөөнөттүү кагылыш учурунда Израил менен АКШ Ирандын негизги өзөктүк объектилерин бомбалагандан кийинки алгачкы сүйлөшүү болду.

Экинчи айлампа 17-февралда Женева шаарында өткөн.

Бирок бул эки раундда тен олуттуу жылыш болгон эмес, негизги талаштуу маселелер чечилбей калган.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө АКШ Ирандан уран байытууну толугу менен токтотууну жана жогорку деңгээлде байытылган уран корунан баш тартууну талап кылууда.

Вашингтондун пикиринде, мындай кадамдар Тегерандын өзөктүк курал жасоосуна жол бербейт.

Иран болсо өзүнүн өзөктүк программасы электр энергиясын өндүрүү сыяктуу тынч, жарандык максаттарды гана көздөй турганын билдирип келет.

Дагы караңыз Тегеранда студенттер козголду. Иран бийлиги АКШ менен сүйлөшүүгө даярданууда

25-февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Иран учурда уран байытпаганы менен өзөктүк программасынын “айрым элементтерин калыбына келтирүүгө аракет кылып жатканын” айткан.

Рубионун айтымында, сүйлөшүүлөр негизинен Ирандын өзөктүк программасына багытталганы менен анын ракеталык мүмкүнчүлүктөрү да “сөзсүз түрдө талкууланышы керек”. Анткени Тегеран аймактагы АКШнын аскер базаларына жете ала турган “миңдеген кыска аралыктагы баллистикалык ракеталарга” ээ.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаеи 26-февралда билдиргендей, кыйыр сүйлөшүүлөр Тегерандын өзөктүк программасына гана багытталат.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары МАГАТЭнин жетекчиси Рафаэл Гросси сүйлөшүүлөргө “техникалык маселелер боюнча талкууларды илгерилетүүгө көмөктөшүү үчүн” кошулганын кабарлашкан.

Ал эми Бадр ал-Бусаиди 26-февралда АКШ менен Ирандын расмий өкүлдөрү “жаңы жана чыгармачыл демилгелерге жана чечимдерге мурда болуп көрбөгөндөй ачык мамиле” көрсөтүшкөнүн билдирген.