Орусиянын эмгек рыногунда жумушчу тартыш болууда. Сентябрдын башында өлкөнүн экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников жумушчу күчүнө болгон суроо-талап жогору бойдон калып жатканын билдирген. Ошол эле учурда Орусияда чет элдик жарандардын саны азаюуда. 10-сентябрда ИИМдин миграция кызматынын башчысы Андрей Кикоть акыркы бир жарым жылдагы миграциялык саясаттын аткарылышы жөнүндө орус президенти Владимир Путинге маалымат берип, учурда Орусияда 6 миллиондон 6,5 миллионго чейин чет өлкөлүк жаран жүргөнүн айткан. Бул мурдагы көрсөткүчтөн болжол менен 8 пайызга аз. Алардын үч миллионго жакыны эмгек мигранттары.
Мындай шартта орус бийлиги бир жагынан чет өлкөлүк жумушчуларды көбүрөөк тартууга аракет кылса, экинчи жагынан өлкөгө келип иштеп жүргөндөргө көзөмөлүн күчөтүүдө. Акыркы бир жарым жылда Орусиядан болжол менен 100 миң чет өлкөлүк чыгарылып, дагы 197 миң адамдын кирүүсүнө тыюу салынган. ИИМ жапырт текшерүүлөрдү улантып жатат, ал эми аймактар мигранттар иштей ала турган тармактарда чектөөлөрдү күчөтүүдө. Ошол эле учурда бийлик орусиялык иш берүүчүлөр үчүн чет өлкөлүк жумушчуларды уюшкан тартипте көбүрөөк тартууну маанилүү багыттардын бири деп эсептейт.
Мындан тышкары, орус бийлиги мигранттарга көзөмөлдү күчөтүп, жапырт рейддерди өткөрүүдө жана чет өлкөлүктөр иштей ала турган тармактарда улам бир чектөөсүн киргизүүдө. Укук коргоочулар барган мигранттарды кыйноо жана алдоо жолу менен Орусиянын армиясы менен келишим түзүүгө мажбурлоо да кездешерин айтып келишет.
Мындай рейддердин видеолорун күч түзүмдөрү өздөрү да байма-бай жарыялап турушат. Куралчан кызматкерлер имараттарга кирип барып, ал жердеги адамдарды жерге жаткырып, документтерин текшерип, миграция мыйзамдарын бузду деп шектелгендерди кармашат.
Ростов облусу. Мигранттарды текшерүү.
Текшерүүлөрдүн масштабы азайбай жатат. Июнь айында өткөн «Нелегал-2026» федералдык операциясынын биринчи этабынын жыйынтыгында эле ИИМ миграция тармагында 60 миң мыйзам бузуу аныкталганын билдирген. Өлкөдөн дээрлик 15 миң чет өлкөлүк административдик тартипте чыгарылып же депортацияланган, дагы 29 миң адамга Орусияга кирүүгө тыюу салуу чечими кабыл алынган. ИИМ чет өлкөлүк жарандар жыш жашаган жана иштеген жайларда да текшерүүлөр жүргүзүлгөнүн өзүнчө белгилеген.
Миграция маселелери боюнча эксперт Валентина Чупиктин айтымында, Украинага каршы толук масштабдуу согуш башталгандан кийин Борбор Азиядан барган мигранттарга басым кескин күчөгөн. Анын сөзүнө караганда, рейддер учурунда мигранттар кармалып эле тим болбостон, аларды орус армиясы менен келишим түзүүгө мажбурлоо аракеттери да болгон.
«Жапырт рейддер жүрдү. Адамдарды электрошокер менен кыйнап, жыныс органдарына такаган учурлар болду. Уруп-сабоо, кишен салынган бойдон торлорго асып коюу сыяктуу кыйноолор колдонулган. Мунун баары адамдарды орус армиясы менен келишим түзүүгө мажбурлоо максатын көздөгөн», - деди эксперт.
Чупик мындай мажбурлоо эркинен ажыратылган жайларда да болгонун айтат. Укук коргоочунун белгилешинче, алгач абактагыларды зомбулук аркылуу согушка барууга көндүрүүгө аракет кылышкан, кийин айрымдарын колониялардан жөн эле алып кетип калышкан.
«Мигранттарды түрмөлөрдөн алып кетүү учурлары болгон. Алгач келишимге кол койдуртуу үчүн кыйноо колдонулуп, жыныстык мүнөздөгү зомбулук фактылары да катталган. Кийин болсо ал жерлерге жөн эле келип калышкан. Жүк ташуучу унаалар, автобустар же Коргоо министрлигинин автозактарына окшогон унаалар менен келип, адамдарды ичине сүрөп киргизишчү. Аларды катарга тизип коюшуп, аскер кызматкери арасынан тандап алчу. Эч нерсе түшүндүрүлгөн эмес, эч кандай документке кол коюлчу эмес. Аларды жөн эле алып кетип, колониялардан чыгарып кетишкен», - деди Чупик.
Миграциялык документтер арасындагы аскердик келишим
Чупиктин айтымында, адамдарды аскерге мажбурлоо аракеттери рейддерде же абактарда гана эмес, чет өлкөлүктөр документ алуу үчүн кайрылган мамлекеттик мекемелерде да болгон.
Укук коргоочу мигранттарды керектүү маалымкат алуу шылтоосу менен миграция борборлорунан аскер комиссариаттарына жөнөтүшкөнүн айтат. Анын сөзүнө караганда, комиссариатка барган адамдарды ал жакта кармап, келишимге кол коюуга мажбурлашкан. Айрым учурларда келишимдер миграциялык макамды тариздөөдө кол коюлуучу башка документтердин арасына кошулуп берилген.
«Миграция борборлорунда алдоо жолу менен аскерге тартуу учурлары болгон. Кандай гана миграциялык кызматты же документти алууга аракет кылбасын, мамлекеттик мекеменин кызматкерлери аларды маалымкат алуу үчүн аскер комиссариатына жөнөтүшчү. Адамдар комиссариатка барганда аларды сыртка чыгарбай кармап, кийин алып кетишкен же сабап, келишимге кол коюуга мажбурлашкан. Мындан тышкары, миграциялык макамды тариздөөдө кол коюлган башка документтердин арасына келишимди кошуп коюу ыкмасы да колдонулган», - деди Чупик.
Новосибирск. Полициянын мигранттар боюнча кезектеги рейди.
Ушуга окшош схема тууралуу быйыл жыл башында Associated Press агенттиги да жазган. Басылманын журналисттери Орусияга жумушка чакырылган Бангладеш жарандары менен сүйлөшкөн. Аларга тазалоочу, электрик сыяктуу жумуштар сунушталган. Бирок Орусияга баргандан кийин орус тилиндеги документтерге кол коюу сунушталып, кийинчерээк ал документтер орус армиясы менен түзүлгөн келишимдер экени белгилүү болгон. AP агенттигине маек кургандардын айрымдары кыска мөөнөттүү аскердик даярдыктан кийин согуш жүрүп жаткан аймакка жөнөтүлгөнүн айтышкан. Алардын айтымында, буйрукту аткаруудан баш тарткандарды сабайбыз, түрмөгө камайбыз же өлтүрөбүз деп коркутушкан.
Иликтөө мындай коркунучка мурдагы советтик республикалардан келген мигранттар гана эмес, башка өлкөлөрдүн жарандары да кабылганын аныктаган. AP агенттиги Индиядан, Непалдан, Бангладештен, Ирактан жана Африка өлкөлөрүнөн барган чет элдиктерди аскер кызматына тартуу фактылары тууралуу маалымат берген. Аскерге алынгандардын жана алардын жакындарынын айтымында, бир бөлүгү Орусияга жумуш табуу максаты менен гана барган болчу.
Чет элдиктер азая баштады
Миграциялык саясат катаалдаган сайын Орусияга барган чет өлкөлүктөрдүн саны азаюуда. Коопсуздук кеңешинин маалыматына караганда, быйылкы жылдын биринчи чейрегинде өлкөгө 2,5 миллион чет өлкөлүк кирген. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 15 пайызга аз. 1-апрелге карата Орусияда 6,1 миллион чет өлкөлүк жаран болгон. Бир жыл мурун бул көрсөткүч 6,8 миллионду түзгөн.
Жумуш издеп чет өлкөгө кеткен тажикстандыктардын саны да азайып жатат. Эмгек мигранттарын эң көп жөнөткөн өлкөлөрдүн бири болгон Тажикстандан 2025-жылы болжол менен 702 миң адам иштөө үчүн башка өлкөлөргө кеткен. Ага чейинки жылы бул көрсөткүч 790 миң болгон. Башкача айтканда, азаюу 11 пайыздан ашкан. 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында тажик бийлиги бул көрсөткүч дагы 1,7 пайызга төмөндөгөнүн билдирген, бирок канча адам кеткени так айтылган эмес.
Ошол эле учурда Борбор Азиядан Орусияга эмгек миграциясы токтоп калды деп айтууга болбойт. Аймактан барган миллиондогон адамдар дагы эле Орусияда жашап, иштеп жатышат. Бирок орус бийлиги таянган миграциялык модель өзгөрүп жатат.
Дагы караңыз
"Интернет өчүп, карталар бөгөттөлүп жатат". Орусиядагы мигрантты кыйнаган маселеВладимир Путин бекиткен 2026-2030-жылдарга карата мамлекеттик миграция саясатынын концепциясында чет өлкөлүк жумушчуларды максаттуу жана уюшкан тартипте тартууга өтүүнү тездетүү каралган. Ага ылайык, адам белгилүү бир иш берүүчүнүн чакыруусу менен, конкреттүү жумуш ордуна жана белгиленген мөөнөткө барышы керек. Ошондой эле бийлик жумушчуларды тандоо жана даярдоо иштерин алардын өз өлкөсүндө эле уюштурууну көздөп жатат.
Мындан улам бийлик бир жагынан мыйзамсыз жана көзөмөлсүз миграцияны азайтууга аракет кылса, экинчи жагынан Орусиядагы иш берүүчүлөргө зарыл чет өлкөлүк жумушчуларды тарта берүүнү көздөйт.
Индиядан барган жумушчулар
Жумушчу күчүн тартуунун жаңы багыттарынын бири катары Индия каралып жатат. Орус өкмөтү 2026-жылга виза менен кирген өлкөлөрдүн жарандары үчүн 278 940 жумушчуга квота белгилеген. Бул мурунку жылдагы квотадан болжол менен 19 пайызга көп.
Москва облусундагы Коломна шаарынын чет жакасындагы картошка фермасында иштеп жаткан индиялык мигранттар
Орусиянын Индиядагы элчиси Денис Алиповдун айтымында, быйылкы жылдын июнь айына карата Орусияда 70 миңден ашуун Индия жараны иштеп жаткан. Бийлик бул өлкөдөн жумушчуларды уюшкан түрдө тартууну мындан ары да кеңейтүүнү көздөөдө.
Мунун жыйынтыгы айрым шаарлар менен аймактарда азыртан эле байкалып жатат. 2025-жылдын декабрында Санкт-Петербургда жумушчуларды тартуу боюнча атайын программанын алкагында көчө тазалоо иштерине 18 Индия жараны алынган. Ал эми 2026-жылдын июль айында шаардагы ишканалардын биринде дагы 23 индиялык тикмечи иштей баштаган. Шаар бийлиги чет өлкөлүк жумушчуларды тартуу зарылдыгын бош орундарды жергиликтүү жумушчулар менен толтурууга мүмкүн болбой жатканы менен түшүндүргөн.
Чет өлкөлүк жумушчуларга иш берүүчүнүн эсебинен жатакана, тамак-аш жана айына миң доллардан кем эмес маяна сунушталган.
Индиядан, Бангладештен жана башка алыскы өлкөлөрдөн келген жумушчулардын көбөйүшү Борбор Азиядан барган мигранттардын ордун толугу менен басып калды дегенди билдирбейт.
КМШ өлкөлөрүнүн жарандары мурдагыдай эле мигранттардын негизги бөлүгүн түзүүдө. Бирок жумушчулар тартылган өлкөлөрдүн көбөйүшү орусиялык иш берүүчүлөр жаңы жумушчу күчүнө канчалык муктаж экенин көрсөтүп турат.
Дагы караңыз
"Баламды согуштан алып кала албадым". Украинада дайынсыз кеткендер көбөйдүМиллиондогон жаңы жумушчу керек
Мунун себеби мигранттардын азайып жаткандыгында эле эмес. Орусиянын өзү да эмгекке жарамдуу калкы азайган учурда турат.
Экономист Владислав Жуковский кадр жетишсиздигин калктын санынын табигый азайышы жана согуш менен байланыштырат.
«Бийлик өзү айтып жүргөндөй, демографиялык көрсөткүчтөр терс бойдон калууда. Башкача айтканда, жыл сайын төрөлгөндөргө караганда каза болгондор болжол менен 500 миң адамга көп болууда. Мындай темп уланса, 2030-жылга чейин Орусиянын калкы дагы үч миллионго жакын адамга кыскарат. Ал эми 2035-жылга чейин бул көрсөткүч беш миллионго жетиши мүмкүн. Ошондуктан азыртан эле Эмгек министрлиги, Социалдык саясат министрлиги жана вице-премьер Голикова өлкөдө иштей турган адам жетишпей жатканын, кадр тартыштыгы 4-4,5 миллион адамды түзөрүн айтып келишет», - деди экономист.
Жуковскийдин айтымында, согуш да эмгек рыногуна кошумча таасирин тийгизүүдө. Эмгекке жарамдуу эркектердин бир бөлүгү согушта каза болуп, айрымдары майып болуп калууда, дагы бир бөлүгү жарандык сектордон узак убакытка чыгып кетүүдө.
Келечекте кадр маселеси курчушу мүмкүн экенин орус бийлиги да моюнга алууда. Вице-премьер Татьяна Голикованын эсебинде, 2030-жылга чейин экономикага кошумча 800 миңдей кызматкер керек болот. Мындан тышкары, азыр иштеп жаткан адамдардын пенсияга чыгышына байланыштуу дагы 10 миллион адамдын ордун толтуруу зарыл. Жалпысынан алганда, рынокко 11 миллиондой адамды тартуу же алардын ордун толтуруу зарылдыгы жаралат. Бул азыр Орусияда ушунча кызматкер жетишпейт дегенди билдирбейт, бирок жакынкы жылдары эмгек рыногунда чоң өзгөрүүлөр күтүлүп жатканын көрсөтөт.
Дагы караңыз
"ОМОН кыргыздар отурган жерлерди текшерип жатат". Орусияда мигранттарга виза киргизүү сунушталдыВалентина Чупиктин баамында, орус экономикасына азыр деле келип жатканынан кыйла көп мигрант керек.
«Азыр дүйнөдө мигранттар бара турган башка өлкөлөр көп. Ошондуктан Орусияга барган мигранттардын саны жыл сайын азайып жатат. Индиядан, Бангладештен же Кытайдан жумушчуларды алып келдик деген билдирүүлөр көп айтылат, бирок бул жагдайды толук өзгөртө албайт. Орусиянын экономикасына азыркы шартта эле жыл сайын болжол менен 6,5 миллион эмгек мигранты керек. Экономика өсүшү үчүн бул муктаждык 12 миллионго чейин жетет. Ал эми азыр Орусияга барып иштеп жаткан мигранттардын саны болгону 2,5 миллионго жакын. Мындай шартта экономиканын өсүшү тургай, азыркы деңгээлин сактап калуу да кыйын», - деди Чупик.
Бул Чупиктин жеке баамы. Ал эми расмий статистика миграциялык агымды башка ыкма менен эсептейт.
Жуковский мигранттарга болгон чоң муктаждыкты орус экономикасынын түзүмү менен да түшүндүрөт. Анын айтымында, көптөгөн тармактар дагы эле төмөн квалификациялуу кол күчүнө муктаж.
«Москва мэри Собянин да, курулуш тармагын көзөмөлдөгөн Марат Хуснуллин да көчө тазалай турган, таштанды ташый турган, курулушта иштей турган же тротуар төшөй турган адамдар жетишпей жатканын байма-бай айтып келишет. Ошондуктан азыркы экономикалык шартта жумушчу күчүнүн тартыштыгы чындап эле чоң», - деди Жуковский.
Жумушчу керек, бирок чектөө да күчөдү
Орусия жаңы жумушчуларды издеп жатканы менен, ошол эле учурда, ал жакта азыр эмгектенип жүргөн чет өлкөлүктөр үчүн шарттарды катаалдатууда.
Өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасынын маалыматына караганда, 2026-жылдын июнь айына карата Орусиянын 52 аймагында мигранттарды айрым тармактарга жумушка алууга чектөөлөр киргизилген. Мисалы, Санкт-Петербургда жыл аягына чейин патент менен иштеген чет өлкөлүктөрдү такси жана курьердик жеткирүү кызматтарына алуу тыюу салынган. Ал эми Краснодар аймагында мындан да катаал чектөөлөр күчүндө. Палатанын өкүлдөрү мындай шартта тейлөө баасы өсүп, кадр тартыштыгы күчөп жатканын белгилешкен.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Согушка барасың деп коркутууда". Сахарового түшкөн мигранттар
Чектөөлөр федералдык деңгээлде да бар. 2026-жылы өкмөт курулуш тармагында чет өлкөлүк жумушчулардын эң жогорку үлүшүн 50 пайызга чейин төмөндөткөн. Жашылча өстүрүү, токой чарбасы, жыгач даярдоо жана жыгач иштетүү тармактарында бул чек 40 пайыз болуп белгиленген. Айрым аймактарда талаптар андан да катуу болуп, кээ бир тармактарда чет өлкөлүк жумушчуларды иштетүүгө толук тыюу салынган.
Жумушка байланышкан эрежелер гана эмес, чет өлкөлүктөрдүн өздөрүнө болгон көзөмөл да күчөп жатат. 2025-жылдын сентябрынан тартып Москва жана Москва облусунда кошумча миграциялык каттоо боюнча эксперимент жүрүүдө. Ал 2029-жылдын сентябрына чейин уланат. Мыйзам чет өлкөлүктөрдүн кайсы жерде жүргөнүн аныктоо үчүн уюлдук байланыш маалыматтарын жана геолокацияны колдонууга мүмкүндүк берет.
Укук коргоочу Чупиктин пикиринде, эрежелердин татаалдашуусу көмүскө эмгек рыногун азайткандан да коррупция үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.
«Мунун баарын мигранттардан пара чогултуунун куралына айлантууну ойлоп жатышат. Натыйжада жумуш менен камсыздоо мыйзамсыз нукка өтүп калды. Эми каалаган учурда барып эле пара талап кылууга мүмкүнчүлүк пайда болду», - дейт Чупик.
Ал мисал катары Москва облусунда мигранттарга билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында иштөөгө киргизилген чектөөлөрдү келтирди. Айтымында, мындай чечимдердин кесепети чет өлкөлүктөргө гана эмес, жергиликтүү тургундарга да тийүүдө.
«Бул жакшы өзбек дарыгер же жакшы тажик мугалим иштебей калат деген эле маселе эмес. Бул мектептерде тазалоочу, ооруканаларда санитарка жетишпей калат дегенди билдирет. Андай иштер кенже медицина кызматкерлерине жүктөлөт. Алар болсо кошумча оор жүктөн улам жумуштан кетиши мүмкүн. Натыйжада медайымдар да тартыш болот. Мындай негизсиз чектөөлөр орус экономикасына зыян келтирип, аны көмүскө нукка түртүп жатат», - дейт Чупик.
Дагы караңыз
Орусиянын полициясы Москва метросунда 140 мигрант кармалганын билдирдиОшол эле учурда эмгек мигранттары үчүн башка мүмкүнчүлүктөр көбөйүүдө. Жуковскийдин айтымында, Борбор Азиядан чыккан адамдар барган сайын Түштүк Кореяны, Кытайды, Түркияны, Бириккен Араб Эмираттарын жана Сауд Арабиясын тандай башташты.
Жыйынтыгында орус миграциялык саясаты бир учурда эки башка максатты көздөөдө. Бир жагынан экономикага жаңы жумушчулар керек болгондуктан, бийлик квоталарды көбөйтүп, чет өлкөлөрдөн уюшкан түрдө жумушчу тартууга аракет кылып, Индия сыяктуу алыскы өлкөлөрдөн да адамдарды алып келүүдө. Экинчи жагынан көзөмөлдү күчөтүп, жапырт рейддерди өткөрүп, чет өлкөлүктөрдү өлкөдөн чыгарып, алар иштей ала турган тармактарды чектеп жатат.
2026-2030-жылдарга карата мамлекеттик миграция саясатынын жаңы концепциясы бул карама-каршылыкты өзүнчө жол менен чечүүнү сунуштайт. Ага ылайык, чет өлкөлүк жумушчу күчүнөн баш тартуу эмес, аны мүмкүн болушунча көзөмөлгө алуу максаты коюлган. Башкача айтканда, мигрант алдын ала белгилүү бир иш берүүчү үчүн тандалып, конкреттүү жумуш ордуна жана белгилүү мөөнөткө гана барышы керек.
Мындай жол менен Борбор Азиядан агылган миграциянын азайышын жана орус экономикасындагы миллиондогон жумушчуга болгон муктаждыкты жабууга мүмкүн болобу же жокпу, азырынча белгисиз. Бирок азыртан эле Орусия бир жагынан айрым мигранттар үчүн шарттарды катаалдатса, экинчи жагынан жаңы жумушчуларды өз чек арасынан улам алысыраак өлкөлөрдөн издеп жатат.
"Свобода" радиосунун бул макаласынын түп нускасы бул жерде