Кара май кризиси: Орусия резервин колдоно баштады, Кыргызстанда АИ-95 тартыш

Бензинге кезек күткөн машинелер. Орусия, Краснодар. Июнь, 2025-жыл

Кыргызстанда күйүүчү майга байланышкан көйгөй күчүндө. Айрым май куюучу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү май жок болуп жатат. Ал тапта Орусия күйүүчү май резервин колдоно баштаганын орус президенти Владимир Путин билдирди. Украина өзүнө кол салууга жооп катары Орусиянын мунай заводдоруна сокку урууда.

Мындан улам Орусиянын өзүндө, андан кара май экспорттогон Кыргызстанда да күйүүчү май таңсык боло баштады.

Бишкек: АИ-95 жок

Кыргызстанда күйүүчү майга байланышкан көйгөй күчүндө. Эми айрым май куюучу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү май жок болуп жатат. Айдоочулар күйүүчү майдын баасы күн санап кымбаттап жатканына даттанууда. Өкмөт бар күчүн таңкыстыкты алдын алууга жумшап жатканын белгилеп жатат. Ушул тапта Бишкекте АИ-95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын баасы 90 сомго чукулдады. Айдоочулар ага да кайыл болгону менен “ЖолGO” жана “Роснефть” май куюучу жайларында бул үлгүдөгү май жок. Биз Бишкектеги бир катар май куюучу жайларга барганыбызда, айрым айдоочулар АИ-92 маркасын куюп, кээ бирлери дагы башка жайга АИ-95ти издеп кетип жатышканын көрдүк.

“АИ-95ти экинчи май куюучу жайдан издеп таптым. Буга чейинкисине барсам жок экен. Шаарда тартыш боло баштаптыр. Бул дүйнөдөгү жагдайга байланыштуу экенин түшүнүп турабыз. Бирок өкмөт шарт түзүп берсе, жакшы болмок”, - деди айдоочулардын бири.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектеги мунай тартыштыгы

Кыргызстанда соңку айларда күйүүчү майдын бардык түрү кымбаттаганы байкалууда. Бул айдоочуларды бир топ эле түйшүккө салды.

“Күнүнө 2-3 миң сомго чейин май куям. Баалар кымбат. Анын айынан биздин көрсөткөн кызматтын баасын көтөрсөк, эл дагы туура эмес кабыл алат. Кыйын эле болуп жатат”, - деди май куюучу жайда турган дагы бир айдоочу.

Украина өзүнө кол салууга жооп катары Орусиядагы бир катар логистикалык жайларды, анын ичинде мунай базаларына дрон менен сокку урууда. Буга удаа эле АКШ-Иран жаңжалына байланыштуу Ормуз кысыгынан мунай ташуу кыйындап, биржаларда мунай баасы көтөрүлгөн. Буга байланыштуу Кыргызстанда майдын баасы жана анын жеткиликтүүлүгү боюнча көйгөй актуалдашты. Өкмөт бул көйгөйдү чечүүнүн башка жолдорун карап жатканын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” билдирди.

“Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ушул маселе боюнча жыйын өткөрүп, коңшу мамлекеттерден жана башка өлкөлөрдөн күйүүчү май жеткирүү боюнча тапшырмалар берилди. Азыр бардык күч ошол жакка жумшалып атат. Эми баары болот. Күйүүчү майдын бардык түрлөрү менен камсыз кылабыз, буюрса”.

Кыргыз өкмөтү 25-майда 30-сентябрга чейин май ташыган жана саткан ишканаларга субсидия берүү боюнча токтом чыгарган. Ага ылайык, өкмөт ар бир майдын түрү боюнча туруктуу баа киргизген жана андан ашырбай кармап турарын билдирген. Бул боюнча тиешелүү мекеме бааны көзөмөлдөп жатканын билдирди.

“Буйрук күчүнө киргенден тарта күйүүчү-майлоочу май бааларына күнүмдүк мониторинг жүргүзүлүүдө. Белгиленген максималдуу чекене баадан ашырган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, тиешелүү жоопкерчилик чаралары колдонулат”, - деди Монополияны жөнгө салуу кызматынын башкы адиси Бектур Бекташев.

Дагы караңыз

Аннексияланган Крымда бензин тартыш, Харьковдо төрт киши каза тапты

Кыргызстан жылына 1,5 млн тонна күйүүчү май керектейт. Майдын 90-95 пайызын негизинен Орусиядан алат. Кыргыз өкмөтү башка энергетикалык булактарды караштырып, “Кыргызнефтегаз” жана “Жунда”заводдордун жаңылап жатканын билдирип келет.

Орусиядагы кризис: эл күндөп кезекте турат

Ал тапта Орусия күйүүчү май резервин колдоно баштаганын жекшембиде өкмөттүк жыйында орус президенти Владимир Путин билдирди. Ал "мунай заводдордун кубаттуулугу болушунча колдонулуп жатканын, бензиндин резерви былтыркы жылдын деңгээлине (1,7 млн тонна) дээрлик шайкеш келерин" билдирди. Ошентип Орусиянын өзүндө бензин жана дизелдин тартыштыгы күчөп, кырдаал курчуп баратат.

Маселен, Иркутск облусунда күйүүчү май тартышыгынан улам жогорку даярдыктагы режими жарыяланды. Ушундай эле кадамга эл күйүүчү май үчүн бир суткадан ашуун кезекте турган Забайкальенин бийлиги да барды.

Таңсыктык Москвага да жетти, негизинен "Лукойл" борбор шаардагы өзүнүн бардык май куюучу жайларынын дээрлик баарын жапты.

Мындай абал Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна украиналык дрондордун соккусу менен байланыштуу. Айрым аймактарда күйүүчү май тез жардам жана өрт өчүрүүчү машинелерге да жетпей жатат. Бир нече аймакта таштанды ташуучу автоунаалар менен маршруттук таксилердин операторлору ишин токтоткону кабарланды.

Забайкальедеги кырдаал

Орусиянын Забайкалье крайында катуу кризис жаралды, региондун бийлиги Чита жана башка аймактарда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин жок экенин, ал эми башка жерлерде АИ-100 табылбай жатканын моюнга алышты. 27-июнда жергиликтүү бийлик жогорку даярдык режимин киргизди.

Ошол эле маалда бийлик май куюучу жайларда күйүүчү май запасы тууралуу маалымат жарыялап, элди жубатууга аракеттеништи.

"Жашоочуларга региондо жана андан сырткары аймактарда автоунаа менен жүрүүнү чектөө сунушталды", – деп жарыялады крайдын администрациясы.

Бирок бул билдирүү дүрбөлөңдү азайтпастан кайра күчөттү.

Жергиликтүү айрым тургундар тез жардам жана башка социалдык кызматтардын автоунаалары май жок болгондуктан токтоп калганын айтып беришти.

Маселен, Виктория аттуу жаран диабеттен улам эс-учун жоготкон күйөөсүн ооруканага жеткире албай, 15 чакырымдык коңшу кыштакка жөө барып, тааныштары аркылуу алып барууга аргасыз болгонун, тез жардам да келбегенин билдирди.

Читанын тургуну Николай: "Биз 12 саат жана андан ашык убакыт кезекте туруп, 15 литр май куябыз. Канистрди жашыруун алып келип дагы 15 литр куюп алганга аракет кылабыз. Анан кантебиз? Мурда балдарым ийримдерге, спорт залга автобус менен барышчу, азыр булар каттамдардын бир бөлүгүн токтотуп койду, үй-бүлөмдү өзүм ташыйм. Мага бир күнгө 15 литр май жетпейт", - деди.

Дизел жоктугуна байланыштуу шаар аралык автобус каттамдары токтоп турат. Тургундар Читада бир аптадан бери таштанды чыгарылбай топтолуп калганын маалымдашууда. Айрымдар "Роснефтинин" май куюучу станцияларында кезек күтүүнүн арты мушташ менен аяктаган учурлар болгонун билдиришти.

Бензиндин баасы Орусия Украинадагы аннексиялап алган Крымда катуу көтөрүлүп, 100% кымбаттады.

Сибирде, Иркутск облусунда кымбаттоо байкалып, бензиндин литри 121 рублге чыкты. Аймактагы жарандарга бензин саткан станцияларда жекшембинин кечинде да 4 чакырымга чейин созулган кезек пайда болгонун Сергей аттуу тургун билдирди.

The Washington Post Украинанын алыс аралыкка соккуларынын күчөшүнөн улам Орусияда чыңалуу күч алганын жазды. Басылмага анонимдүү шартта маалымат берген москвалык ишкер аннексияланган Крымда дүрбөлөң башталганын айтып берген:

"Баары жөө-жалаңдап же велосипед, кандай жол болбосун кетүүнү каалайт. Азык-түлүк көйгөйү болот".

"Новая газета Европа" басылмасынын эсебинде, Украинанын Орусияга карата дрон соккуларынан кийин мунайды кайра иштеткен 13 заводдун иши жарым-жартылай же толук токтоп калды. Соккуларга өлкөдөгү мунайдын 40% жакынын кайра иштеткен, бензиндин 41 пайызын, дизелдин 44 пайызын өндүргөн кубаттуу ишканалар кабылды.

10-июнда учкучсуз аппараттардын чабуулунан кийин Самарадагы "Роснефтиге" караштуу Куйбышев мунай заводу ишин токтотту. Орусиянын бийлиги муну расмий бышыктаган жок.

Акыркы апталарда өлкө түштүгүндөгү, анын ичинде Туапсе жана Краснодар крайындагы объектилерге соккулар уланды. 28-июнга оогон түнү украиналык дрондор Краснодар крайындагы Славянск мунайды кайра иштетүүчү заводун дагы бутага алды. Украин тарап Ярослав облусундагы мунай ишканасына чабуул болгонун да жарыялады.

Орусиянын Украинага "атайын аскердик операция" деп атаган негизсиз кол салуусуна 2026-жылдын 22-февралында туура төрт жылдын жүзү болду. Ошондон бери орус аскерлери Украинага күн сайын сокку уруп жатат. Бул мезгил аралыгында Украинада миңдеген киши бейажал өлүм тапты, миңдегени майып, качкын болуп, үй-жайсыз калды.

Москванын согушуна жооп иретинде Украина Орусиянын армиясынын каржы булагы деп эсептелген мунай заводдорун жана башка объектилерин маал-маалы менен бутага алып келет.