Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев бүгүн, 18-ноябрда Кара-Суу шаарына барып, нааразылыкка чыккан соодагерлер менен жолугушту.
Ал базардагы соодагерлер төлөөчү төлөмдөр өзгөрбөй турганын билдирди:
"Түшүнбөстүк болуптур. Түшүнбөстүк кылган кызматкерлер болсо мен сиздерден кечирим сурайын. Мен бүгүн ушул маселени түшүндүрүп берүү үчүн келдим. Базардын баасы боюнча. Эки кабат контейнериңер болобу кампасы менен, ошол төлөмдөрдүн баары өзүңөр иштетип жаткан чыгымдарга эле кетет төлөп келаткан акчаңар. Эч кандай көтөрүү деген маселе болбосун бул жерде. Жер салыгын, күзөткө, тыштандыга төлөп келатасыңар, ошол боюнча эле кете берет".
Өзүн Азамат деп тааныштырган соодагер "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Туманбаев аларга базардагы ижара акысы кымбаттабай турганын айтты:
"Президенттин тапшырмасы менен шашылыш учуп келгенин, бир аз түшүнбөстүктөр менен соодагерлерге туура эмес маалымат берилип калганын айтты. Ал базардагы соода орундарына ижара акысы көтөрүлбөй турганын, шайлоодон кийин да өзгөрбөй турганын билдирди".
Кара-Суу базарындагы соодагерлер ижара акысынын жогорулашына жана контейнерлерди колдонууга байланыштуу жаңы талаптарга нааразы болуп, бүгүн 18-ноябрда райондук администрациянын алдына чыгышкан. Алар жерди ижарага алуу жана контейнерлерди колдонуудагы тарифтердин көтөрүлүшүнө каршылыгын билдиришкен.
Нааразылыкка чыккан соодагерлер менен район акими Чыңгыз Бапаев жолугуп, маселе чечүү анын укугунда эмес экенин айтып, жогорку бийлик менен сүйлөшүү үчүн бир күн убакыт сураган.
Дагы караңыз
Кара-Суу: Соодагерлердин митинги, талаш жараткан маселелерОштогу “Туратали” деген ат менен таанылган Кара-Суу базары октябрь айынын башында Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыял” мамлекеттик ишканасынын курамына кошулган.
Кара-Суу базарынын Фейсбуктагы баракчасына чыккан маалыматта буга чейин түзүлгөн ижара жана башка келишимдер күчүн жоготуп, соодагерлер 10 календардык күндүн ичинде жаңы ижара келишимдерин түзүшү керектиги айтылган.
Кара-Суу базары 1984-жылы түптөлүп, ошол кездеги Киров колхозунан атайын 12 гектар жер бөлүнүп берилген. Базар 1987-жылы ал убактагы Кыргыз керек-жарак коомуна, өлкө эгемен болгондон кийин Ош облустук керек-жарак коомуна өткөн. 1990-жылдардын башында өкмөт аны өзүнө кайтарып алган.
Соттошуулар ошондон тартып башталып, араздашуу ырбаган. Облустук керек-жарак коому базардын жерин “Кыргыз соода биримдигине” саткан. Мүлк фонду базарга Керек-жарак коомунун ээлик кылууга укугу жок болгонун жүйө келтирип келген.(ZKo)