Пандемиядан берки мезгил аралыгында коронавирус илимдеги негизги темалардын бирине айланды. "Илим жаңылыктары" түрмөгүнүн бул чыгарылышында коронавируска байланыштуу илимий изилдөөлөр жөнүндө баяндайбыз.
«Мээдеги туман» - коронавирус калтырган из
АКШнын Улуттук саламаттык сактоо институтунун окумуштууларынын жаңы изилдөөсүнө ылайык, коронавирустук инфекция менен күрөшкөн иммундук жооп баш мээнин кан тамырларына терс таасир этип, COVID-19дун узак мөөнөттүү симптомуна себепкер болот. Мындай тыянакка келүүдөн мурда вирустан каза тапкан тогуз адамдын мээсин ачып көрүшкөн.
Окумуштуулардын бул жөнүндөгү чакан изилдөөсү Brain илимий журналына жарыяланды.
Изилдөөгө ишенсек, адамдардын өзүнүн анти денечелери клеткаларга чабуул жасап, кан тамырларга зыянын тийгизген. Тактап айтканда, COVID-19 вирусуна каршы бөлүнүп чыккан анти денечелер жаңылыштыктан улам, мээни зыяндуу вирустардан коргогон түзүмгө багытталып калган. Жабыр тарткан клеткалар белоктун азайышына, тромбдордун пайда болушуна алып келет.
Бул ачылыш коронавирустан кийин да созулган баш оору, жыт сезбөө, уйкунун бузулушу, «мээнин тумандашы» сыяктуу бир катар белгилеринин себебин аныктап, дарылоонун жаңы ыкмаларын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Эми окумуштуулар анти денечелерди жөнгө салуучу дары-дармектерди жасап чыгуунун үстүндө баш катырышат.
Булак: ScienceAlert
Дагы караңыз Кыргызстанда COVID-19га байланыштуу азырынча чектөө киргизилбейтЖалгыздыкка түрткөн коронавирус
Пандемия учурунда киргизилген чектөөлөр адамдардын обочолонуп, жалгызсырашына алып келди. Йорк университетинин окумуштуулары жаңы изилдөөсүндө адамдар жалгыздыкты кандай сезимдер менен баштан өткөргөнүн изилдеп көрүштү.
«Толук локдаун ар кыл курактагы адамдар жалгыздыкты кандай көтөрөрүн изилдөөгө эң сонун мүмкүнчүлүк болуп берди» деген окумуштуулардын изилдөөсүнө 17 жаштан 73 жашка чейинки 70 киши катышкан. Алар чектөөлөр учурундагы жагдайларга, жалгыздыкка байланыштуу ар кыл суроолорго жооп беришкен.
Изилдөөнүн жыйынтыгы жалгыздыкты ар ким ар кандай өткөрөрүн көрсөттү. Жалгыздык айрымдардын психикалык жана физикалык саламаттыгынын начарлатса, кээ бирлер үчүн жеке мейкиндикке ээ болуу мүмкүнчүлүгүн берген.
Мындан тышкары, окумуштуулар жалгыздыктын үч түрүн аныктай алышкан. Бул социалдык жалгыздык (үй-бүлө, достор менен байланыштын жоктугу), эмоционалдык жалгыздык (жакын байланыштардын жоктугу) жана экзистенциалдык жалгыздык (башка адамдардан такыр эле бөлүнүп калуу сезими)
Булак: ScienceAlert
Дагы караңыз Музыкага да таасир эткен коронавирус"Каралуу июль" калтырган кара так
Пандемиянын күчөгөн учуру Кыргызстанда 2020-жылдын июль айына туура келди. Каза болгондордун жана ооруну жуктургандардын саны эң көп катталган бул мезгил эл эсинде «каралуу июль» деген ат менен калды.
Кыргызстандык психологдордун тобу дал ушул «кара июль» мезгилинде иштеген медицина кызматкерлеринин тажрыйбасын» изилдөөгө алышкан. Аталган изилдөө эл аралык Consortium Psychiatricum илимий журналына жарыяланды.
Изилдөөдө коронавирус күчөп турган мезгилде иштеген дарыгерлердин жеке тажрыйбалары камтылган. Ага 10 дарыгер катышкан. Ар бир дарыгердин тажрыйбасы боюнча кенен маек алынып, кийин анализденген. Маектин жүрүшүндө дарыгерлер өлүмгө тете тажрыйбасынан тарта, коомдун, кесиптештеринин стигматизациясына, мамлекеттин мамилесине чейин айтып беришкен.
Изилдөөнүн жыйынтыгында «Кара июлдагы» тажрыйба дарыгерлердин жашоосун экиге бөлүп, өзүнө, жакындарына, айланасына болгон мамилесин өзгөрткөнү айтылат. Иш учурунда дарыгерлер дилеммага кабылып, ичинде өзүнө кам көрүү каалоосу менен «башкаларды куткаруу» каалоосунун күрөшү жүргөнү белгиленет.
Изилдөөчүлөр корутунду катары дарыгерлерди реабилитациялоо боюнча программаларды иштеп чыгуу боюнча мындан аркы изилдөөлөрдү жасоону улантууну сунушташат.
Булак: Consortium Psychiatricum
Дагы караңыз Кочкордон табылган байыркы буудай