Улуттук статистика комитетинин маалыматында, акыркы беш жылда өлкөдө улуу муундагы адамдардын саны 25% көбөйүп, 146 миңден ашкан.
Адистердин айтымында, Кыргызстанда калктын картайышы улгайган адамдарга карата социалдык саясатты өзгөртүүнү талап кылышы мүмкүн.
Оору багуу оңой эмес, пансиондор керекпи?
Асыл Кыргызстандагы алыскы айылдардын биринде турат. Былтыр жетимиштен жаңы ашкан кайненеси күтүүсүз ооругандан бери жашоосу өзгөргөнүн айтып берди.
“Бир күндө эле киши тааныбай калды. Ага чейин кичине ооруп жүргөн. Азыр бизди дагы жакшы тааныбайт. Кээде түнкүсүн уктабай чыгат. Ооруган адамдарды күндүр-түндүр караш керек экен. Жалгыз таштай албайсың. Бишкекке алып барып текшертели дегенбиз. Бирок алыс жолдо жүрө алчудай эмес. Бир таанышыбыз Түштүк Кореяда турат, ошол жакка турмушка чыккан. Ал жакта мындай адамдарды караган атайын пансиондор бар экен. Жакындары акысын төлөп койсо, дарыгер, медайымдар карайт экен. Бизде да жер-жерлерде ошондой пансиондор ачылса жакшы болмок”.
Кыргызстанда Асылга окшоп канча адам улгайган жакыны ооруп, кыйналып жатканы белгисиз. Адатта андай адамдарды бала-чакасы үйүндө багууга аргасыз.
Дагы караңыз
"Бала бактырат, абалын сурабайт". Кодулоого кабылган карыларЭлетте өнүккөн өлкөлөрдөй заманбап пансиондор жок, психиатр, гериатр өңдүү дарыгерлер аз, карыларды өзүн керектүү сездирип, коом менен мамилесин чыңдаган социалдык борборлор да саналуу.
Бишкектин өзүндө инсульт, деменция, паркинсон өңдүү ооруга чалдыккан адамдарды күндүр-түндүр караган менчик пансиондордун баасы айына 45 миңден жогору.
“Бизге көбүнчө славян улутундагылар келет”, - деди алардын биринде иштеген Жаркын аттуу камкорчу. Балдары Орусияда, Германияда жашагандар бар, ата-энесин бизге айына акча которуп бактырышат. Ушул жерде жатып, ары карап кеткендер да болгон. Кыргыздар ата-энелерин көп алып келбейт. Тууган-туушканы “карабай койду” деп сөз кылат эмеспи, ошого намыстанышат. Инсульттан жатып калгандарды же деменция болгондорду багуу оңой эмес. Айрыкча эркек кишини караш оор. Баккан киши өзү ооруп калышы мүмкүн”, - дейт Жаркын.
Батыштагы илимий изилдөөлөр улгайган адамдар үчүн социалдык байланыштар маанилүү экенин көрсөткөн. Мындан улам көпчүлүк өлкөлөрдө улгайгандар үчүн теңтуштары менен баарлашып, коомдук иштер менен алек болууга шарттар түзүлгөн.
Дагы караңыз
Бактылуу карылыкка шарт керекАл жерде карылар эртеден кечке кол өнөрчүлүк, шахмат, сүрөт тартуу, спорт ж.б. иштер менен алек болуп, өзүн жалгыз жана коомго керексиз калгандай сезбейт.
Кыргызстанда азырынча мындай геронтологиялык борбор бирөө эле. Бишкектеги “Адилет” социалдык борборунун жетекчиси Турман Майтиков имарат жакындан тарта ден соолукту чыңдоочу борбор катары иштей баштарын айтты.
“Азыр жаңы ремонт кылып, дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келтирип жатабыз. Мен коңшу өлкөлөрдү көрүп келдим, Астанада, Дүйшөмбүдө болдум. Аларда мындай борборлор эчак ачылган экен. Биздин азыркы максат - карыларды карап, алардын өмүрүн узартуу. Мэрияга ыраазыбыз, каражат берип, колдоо көрсөтүп жатат. Бул жакка келет элем деп, азыр 80дей киши кезекте турат. Төрт райондогу социалдык кызматтар бар да. Алар тизме берет, ар биринен 85 жашка чейинки 20 кишиден алабыз. Шаарда карылар терезени карап эле отурат да. Аларды алаксытып, жалгызсыратпаш керек. Борбордо психиатр, кардиолог, невропатолог ж.б. адистер, психолог, юристтер, музыканттар болот. Бул жакка келген карылар бир ай жатып, мээси эс алып, сергип кеткендей болушу керек. Адамдын ар бир органы картаят, аны ордуна келтирүү керек дегендей. Мурда бул жерде 20 күн жатып тамак ичип кетишчү экен. Азыркы реформага ылайык, дарыланып дагы кеткидей шарттарды түзүп жатабыз”.
"Мээни картайтпаш үчүн окуш керек"
Адистер социалдык саясаты жөнгө коюлбаган, медицинасы чабал өлкөдө адамдар өнөкөт ооруларга көп чалдыгып, эрте картаярын айтышат. Мындан улам алар жаштарга ден соолугуна кайдыгер болбоону эскертишет. Карылыкты эртелетип же жайлатчу адаттар кайсылар? Улгайган чакта инсульт, деменция ж.б. оорулардан сактануу эмне кылуу керек?
Бул суроолорго Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун дарыгери Айзирек Галдыбаева жооп бермекчи.
- Айзирек айым, медициналык көз караштан алганда карылык кайсы курактан башталат жана организмде эң биринчи кандай өзгөрүүлөр жүрөт?
Айзирек Галдыбаева
- Кыргызстандын мыйзамы боюнча аялдар пенсияга 58 жаштан, эркектер 63 жаштан чыгат. Бул бекеринен эмес. Анткени ошол куракка жеткенде организмде каруу процесси тездейт. Адам карылыкка жаш чагынан, кеч дегенде 40-50 жашында даярдана башташы керек. Бул курактагы жакшы-жаман адаттар, жашоо таризи кийинки он жылда сөзсүз таасирин берет. Эгер сиз азыртан туура тамактанып, көп кыймылдап, убагында уктап, психикалык жактан өзүңүздү башкара билсеңиз, он жылдан кийин инсульт, инфаркт жана муун ооруларына чалдыгуу тобокелдиги азыраак болот.
- Сиз айткандай, жаш өткөн сайын муундар зыркырап, кант диабети пайда болот экен. Кан басымы көтөрүлүп, жүрөгү ооругандар да кездешет.
- Бул ооруларды кантип алдын алса болот? Биринчиден, адам кыймылда болушу керек. Кыймыл балага да, жаш-карыга да пайдалуу. Кеминде 30 мүнөттөн дене көнүгүү жасап, басуу керек. Экинчиден, туура тамактануу, азыктын курамындагы витаминдерди, микроэлементтерди өз убагында, өз өлчөмүндө алууга аракет кылуу. Үчүнчүсү – адаттарды башкаруу. Спирт ичимдиктеринен, тамекиден алыс болуу. Кыргыздар камыр тамактарга жакын келебиз. Кечинде тамак ичебиз. Той-топурга барганда тоюп келип жатып алабыз. Мунун баары ден соолукка терс таасир этет.
Дагы караңыз
Инсульт менен инфаркттан корксоң тузду азайт- Карыган сайын адамдын булчуңу шалбырайт тура. Бул куракта кандай физикалык активдүүлүк сунушталат жана жаракат албаш үчүн эмнелерден сак болуу зарыл?
- Жаштар көбүрөөк кыймылдашы керек. Ал эми улгайган жарандарга денеге күч келтирүү болбойт, аларга көп басууну сунуштайбыз. Басуу жүрөк-кан тамыр жана муун ооруларынын алдын алууга жакшы. Андан тышкары эки-үч килограммдык гантелдерди көтөрүү дагы жакшы жардам берет.
- Денеде зат алмашуу жайлаганда тамактануу адатын кантип өзгөртүү керек? Витаминдерди жана БАДдарды ичүү оң жыйынтык береби?
- Улгайган чакта муундардын кыймылы, тамак сиңирүү жайлайт, көздүн курчтугу кетет. Жана айткандай эле туура тамактаныш керек. Кыргыздар чайды көп ичебиз. Ал болсо аз кандуулукка ж.б. ооруларга алып келиши мүмкүн. Чайдын ордуна суу ичкен жакшы. Карыган адамдардын тиштери да кетип, тамакты жакшы чайнай албагандыктан, ашказаны ооруйт. Жашы өтүп калгандар калорияны азайтып, белокту, микроэлементти мурдагы өлчөмдө эле кабыл алганы оң. Жумуртка, быштак жеп, сүт-айранды көбүрөөк ичиш керек.
- Улгайгандар көбүрөөк чалдыккан деменция, Альцгеймер баштаган менталдык ооруларды алдын алууга болобу?
- Тилекке каршы, мындай оорулардын алдын алуу кыйын. Бирок мээни картайтпаш үчүн адам ар жылы жаңы көндүмдөрдү үйрөнүп, окуп, адамдар менен баарлашуудан качпашы керек. Бизде адамдар 60тан ашканда пенсияга чыктым, болду деп менталдык, физикалык активдүүлүктү токтотуп коет. Бул туура эмес. Себеби, элден обочолонуу, жалгыздык депрессия өңдүү ооруларга алып келет. Китеп окуу, ырдоо, сүрөт тартуу, шахмат ойноо дагы пайдалуу. Залга барып дене бойду чыңдагандай эле мээге, менталдык саламаттыкка кам көрүүнү унутпаш керек. Мисалы, шахмат ойноп жатканда мээни машыктырып, унутчаактыкка каршы турабыз. Башка тилдерди үйрөнүү дагы мээни сергек кармоого жардам берет.
Бизде көпчүлүк аялдар келин алгандан кийин кыймылдабай отуруп калат. Антпей, күнүмдүк тиричилиги менен алектене берсе, өзүнө пайда. Улгайган адам басып, эртең менен өзүнө тамак жасап иче алат да. Бул дагы көндүм. Басып, дене көнүгүүлөрүн жасаганда организмде гормондор бөлүнүп чыгат. Ошол гормондор адамды сергек кармайт.
Дагы караңыз
Чылымдын түтүнү кишини тез картайтат- Деги эле пенсияга чыккандан кийинки “керексиз болуп калуу” сезими же жалгыздык адамдын ден соолугуна канчалык сокку урат?
- Улгайган адам маанайына кам көрүшү керек. Эртең менен турганда “бүгүн мынча мүнөт басам, тааныштар менен сүйлөшөм же гүл тигем” деген өңдүү кичине максаттарды коюш керек. Эч убакта күнүмдүк жашоого кызыгууну өчүрүүгө болбойт. Улгайган адамда санаа тынч, жакындарынын камкордугу астында болсо, жашоого сүйүүсү өчпөй, дени сак болот. Антпей, кейип-кепчип, өлүмдү ойлосо, ооруп калышы мүмкүн. Адам өзүн өмүр бою тарбиялашы керек. Бул жогоруда айткандай жаңы көндүмдөрдү үйрөнүү, окуу, психикалык саламаттыгына кам көрүү. Ошол эле учурда улгайган адамдын балдары, жакындары ата-энесин, бир тууганын аяшы керек. Үйүндө болгон жагымсыз окуяларды, чыр-чатактарды айтып, аралаштыруу туура эмес.
Дагы караңыз
"Жүрөккө күч келет, боорду май басат". Кант диабети кантип тооруйт?- Улгайган адам өз ден соолугуна кайдыгер карап, дарыгерге көрүнүүдөн же дары ичүүдөн баш тартып, кежирлениши мүмкүн да. Бирок ооруп калса жакындары кыйналат дегендей...
- Улгайган адамдын бала-чакасы ата-эне менен баарлашып, ал-абалын сураганды унутпашы керек. Дарыны ашказаны ооруп же маанайы чөккөндө ичпей коюшу мүмкүн. Андайда өктөм сүйлөбөй, жай түшүндүрүп көндүргөн оң. Кээде улгайган адамга балдары бардык шартты түзүп берип, бирок сүйлөшпөй койгон учурлар болот. Анткени кечке жумушта, чарчайт дегендей. Карылар үйдө жалгыз калып, бук болушат. Өткөн-кеткенди эстеп, маанайы чөгүшү мүмкүн. Андай учурда балдарынын кабагын бүркөп же кагып-силккени ого бетер катуу тиет.
- Кинолордон чет өлкөдө карылар бир жерге чогулуп баарлашып, сүрөт тартканын же ырдаганын, болбосо пайдалуу иш жасаганын көрүп калабыз. Бизге да ошондой борборлор керек тура.
- Бишкекте андай борборлор бар. Айрымдары менчик. Албетте, мындай борборлор сөзсүз керек. Бизде элетте той-аштар көп эмеспи. Улгайган адамдар ошол жерден жолугуп, баарлашып, алаксышат экен. Сиз айткандай борборлор ачылса, андан да жакшы болмок.
- Телефонду жаш-кары дебей көтөрүп калдык го, ошол жактан баарлашабыз. Улгайган адам канча саат телефон карашы керек?
- Улгайган адамдарга телефонду узакка көрүү зыян, көз, мээ чарчайт дегендей. Биз күн сайын интернеттен көп маалымат алабыз. Мээ аларды ылгоого үлгүрбөйт. Алган маалыматты сиңирип, кайра анализдей албай чарчайт. Жаш-кары дебей, телефонду колдонуу гигиенасын сакташыбыз керек. Керек учурда гана карап, калган учурда башка иш менен алек болгон оң.
Кыргызстандын калкы картаюудабы?
Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2026-жылдын башына карата Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан жогору 737 миң адам катталган, бул жалпы калктын 10 пайызын түзөт. Алардын ичинен 63 жаштан жогорку эркектердин саны 244 миң (эркектер калкынын 7 пайызы), ал эми 58 жаштан жогорку аялдардын саны 493 миң (аялдар калкынын 13 пайызы).
Дагы караңыз
Карылыкка жашыңдан кам көрБУУнун классификациясына ылайык, 65 жаштагы жана андан улуу адамдардын үлүшү жалпы калктын 4 пайызынан аз болсо, калк жаш болуп эсептелет. 4төн 7 пайызга чейинки деңгээл калк карылыктын босогосунда турат дегенди билдирет. 7 пайыздын өйдө калкы картайган өлкө болуп саналат.
2026-жылдын башындагы абалга карата Кыргызстанда 65 жаштагы жана андан улуу жарандардын үлүшү 6,4 пайызды (475 миңден ашуун адам) түзгөн.
Улуттар Уюмунун божомолунда 2030-жылга карата Кыргызстанда 65 жаштан өйдө курактагы адамдардын үлүшү 7 пайызга жакындашы мүмкүн.
Адистер мындай учурда улуу муунга мамилени өзгөртүп, кары-картаңдарга социалдык кызматтарды алуучулар катары гана эмес, коомдук турмуштун активдүү катышуучулары катары да кароону сунушташат.