Украинанын оккупацияланган аймактарында добуш берүү уюштурууну Киев катуу сындады. Орусиялыктарды өнөктүктөн кийин экинчи мобилизация башталышы мүмкүн деген маселе түйшөлтүп келатат.
Кремлге жакын “Бирдиктүү Орусия” партиясы шайлоодон кийин Мамлекеттик Думадагы орундарын сактап калары же атүгүл көбөйтөрү күтүлүүдө.
Байкоочулар белгилегендей, мындан чейрек кылым мурда бийликке келгенден бери президент Владимир Путин саясий оппоненттерин, башкача ой жүгүрткөн жарандарды куугунтуктап, шайлоолорду бурмалап келатат, бул ирет да күтүлбөгөн жагдайларга жол берилбейт.
Муну SOTA медиа долбоору сөзгө тарткан айрым добуш берүүчүлөр да жакшы түшүнгөндөй:
“Кимге добуш береримди билбейм. Блогерлерди карап көрөм. Балким бир ой келер. "Яблоко" партиясын четтетти, бардыгын жарыштан алып салышты, бул жакшы эмес. Добуш бере турган эч ким жок”, - деп жооп берди Санкт-Петербургдун атын атабаган тургуну.
Дагы бир добуш берүүчү мындай оюн ортого салды:
“Тажрыйба көрсөткөндөй, жалпысынан шайлоо эч нерсени өзгөртө албайт. Жүз киши добуш берсе да керектүү кишилер жеңет”.
Владимир Путин
Саясат талдоочу Дмитрий Орешкиндин көз карашында, шайлоо менен орус бийлиги өлкөдө бардыгы жайында, бардык жол-жоболор сакталууда деп көрсөткүсү келет:
“Андан тышкары шайлоону региондордогу жетекчилердин Кремлге канчалык лоялдуу деген сыноо деп атаса болот. Алар белгилүү бир процентти алышы керек. Ага кандай жол менен жетерин өздөрү чечет. Балким Чеченстандагыдай болуп, сандарды сүрөттөй кылып тартып коюшат. А балким, кайсы бир жерде аларды эл чындап жакшы көрөт жана "Бирдиктүү Орусияга" добуш беришет. Башкача айтканда, аймактардагы элитанын жериндеги кырдаалды көзөмөлдөө дарамети текшерилет”.
Согушка каршы чыккан жападан жалгыз «Яблоко» саясий партиясы бир нече жума мурун формалдуу себептер менен жарыштан четтетилгенине карабай айрым мүчөлөрү бир мандаттуу округдардан талапкер болуп катышып жатат. Арасында 24 жаштагы социолог Полина Лермант бар.
“Тынчтык үчүн добуш берүүгө, жарандык позицияңарды билдирүүгө жана бейпилдикти, коркпой жашоону тандайбыз, биздин кызыкчылыктарыбыздын эске алынышын, Орусиянын гүлдөп-өнүгүүсүн каалайбыз деп айтууга мүмкүнчүлүгүңөр бар деп элге түшүндүрүү абдан маанилүү”, - деп айтты Рейтер агенттигине жаш саясатчы.
Азыркы Орусияда тынчтыкка үндөө өмүрүңдү тобокелге салууга тете. “Яблоконун” жетекчилеринин бири Лев Шлосберг өткөн айда урушка байланышкан комментарийи үчүн 11 жылга кесилген. Июнда партиянын лидеринин орун басары Максим Круглов 7 жылга эркинен ажыратылган.
Оппозициянын стратегиясы
Бийлик үчүн ыңгайсыз талапкерлерди четтетүү жана добуштарды бурмалоо көрүнүштөрүнүн шартында нааразылык билдирүү мүмкүнчүлүктөрү катуу чектелген. Мындай шартта Орусиянын оппозициясы добуш берүү маалында өкмөттүн саясатына каршылык билдирүүнүн бир нече стратегиясын сунуш кылды.
Шайлоо алдындагы үгүт плакаты. Тамбов, 10-сентябрь 2026-жыл
Алсак, ошол эле “Яблоко” бир мандаттуу округдарда өз талапкерлерине добуш берүүгө чакырып, партиялаштары жок болгон калган бюллетендерди жараксыз кылуу ыкмасын жактайт.
Максим Кац жана Юлия Навальная “Бирдиктүү Орусия" партиясына каршы добуш берүүнү эп көрүшөт.
Дагы бир оппозициячылар шайлоо участогуна чак түштө барып, согушка каршы пикирин ачык айтуу кеңешин берет.
Оппозициялык саясатчы Гарри Каспаров шайлоону бойкоттоо керектигин жактайт. Анын айтымында, шайлоого баруу – "саясий оюнга ыктыярдуу катышууга барабар”.
Бюллетендеги он партиянын бири да орус бийлиги “атайын аскердик операция” деп атаган урушту сындабайт, көбү, тескерисинче, колдойт. Парламентке кирген бардык беш партия жарандардын укуктарын чектеген мыйзамдарды, украин аймактарынын аннексиясын колдогон.
Орусияны алсыратууну же жок кылууну көздөйт деп Батышка сын арткан Путин шайлоо алдында жарандарды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырып, өнөктүктү согушка болгон колдоонун көрсөткүчү деп сыпаттады:
“Силердин тандооңор жана эркиңер жоокерлерибиздин артында миллиондогон киши турганын, биз ынтымактуу, орток баалуулуктарды туткан эл экенибизди дагы бир жолу көрсөтөт”.
Батыш өлкөлөрүнүн санактарында дээрлик беш жылдан бери уланып келаткан согушта орусиялык бир жарым миллиондон ашуун аскер каза тапты.
Айтмакчы, талапкерлер арасында согушка катышып келгендер же "атайын аскердик операциясынын" ветерандары да бар.
Москва Украинанын оккупацияланган аймактарында да добушканаларды ачып, Киев мындай аракетти мыйзамсыз деп атап, катуу айыптады.
Жума күнү украин Тышкы иштер министрлиги дүйнө коомчулугун Орусия оккупацияланган жерлерде өткөрүп жаткан шайлоону тааныбоого чакырды.
"Баскынчы мамлекет уюштурган фарстын демократиялык шайлоого эч кандай тиешеси жана Орусиянын украин аймагынын кайсы бир бөлүгүндө өз юрисдикциясын орнотууга укуктук негиз жок", - деп айтылат билдирүүдө.
Шайлоодон кийинки мобилизация ыктымалдыгы
Орусиялыктар шайлоодон кийин экинчи мобилизация баштылышы мүмкүн деп чочулап турган кез. Мындан төрт жыл мурун согушка 300 миң эркек, көбү резервисттер чакырылганда жүз миңдеген киши башка өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга агылган.
Бир катар маалымат каражаттары жазгандай, шайлоо алдында чет жактарга кетүүнү көздөгөн орусиялыктардын саны көбөйдү. Укук коргоочулар менен юристтер биринчи мобилизациядан айырмаланып андай планы барлар акыркыга чейин күтүп отурбай алдын ала чыгып кетип жатканын белгилешет.
Елена Трофимова баласынын мобилизациясына каршы акция өткөргөн. Абакан, Хакасия
Эксперттердин пикиринде, жаштар ар кандай жаңы чектөөлөрдөн жана армияга чакырган электрондук кат тапшыруу реестринин ишке толук киргизилишинен чочулашат.
Августта украин президенти Владимир Зеленский чалгынчылардын маалыматына шилтеме менен Кремл “жыл аягына чейин жүз миңдеген кишини мобилизация кыларын” эскерткен.
Айрым медиа релоканттар биринчи кезекте виза талап кылынбаган Армения, Грузия жана Казакстанга бет алганын жазууда.
Көз карандысыз басылмалар жана аналитиктер Яндекс жана Гуглда "өлкөдөн кантип чыгып кетсе болот" жана “мобилизация” деген темага кызыккандардын саны артканын аныктаган.
Бирок орус бийлиги мобилизация планын четке кагууда жана майданга барууну каалаган ыктыярчылар жетиштүү экенин айтып келет. Путин андай кептерди “болбогон сөз” деп атаганы бар.
Орус жарандарын согушка кеткен чыгымдарды барган сайын көтөрө албай жаткан экономиканын абалы, инфляция да түйшөлтүүдө.
Политолог Иван Преображенский шайлоочулардын көбү чыныгы тандоого ишенбейт, бирок добушканага барып, бийликти шайладык деп көргөзгүсү келет деп эсептейт:
"Шайлоодон кийин Орусиянын ички саясатын ким көзөмөлдөйт деген суроо да бар. Бул абдан маанилүү маселе. Себеби 2021-жылдан кийин Кремл көзөмөлдү күч түзүмдөрүнөн тартып алган. Бирок быйылкы окуялар азыркыдай ыргакта улана берсе, анда ички саясаттын үстүнөн көзөмөл күч түзүмдөрүнө өтөт деген ыктымалдык жогору. Демек, алар ийкемдүү эмес, ырайымсыз, репрессивдүү ыкма менен саясат жүргүзүшөт".
Бул жолу добуш берүү үч күнгө созулат.