Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:46

"Репрессия күчөп атат". Орусияда жүздөгөн өспүрүм террорчулукка айыпталды

Орусиялык полиция кызматкерлери Санкт-Петербургдагы нааразылык акциясы учурунда өспүрүмдү кызматтык унаанын капотуна такап кармап турушат. Архивдик сүрөт.
Орусиялык полиция кызматкерлери Санкт-Петербургдагы нааразылык акциясы учурунда өспүрүмдү кызматтык унаанын капотуна такап кармап турушат. Архивдик сүрөт.

Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын 22-февралынан бери жүздөгөн орусиялык өспүрүм террорчулукка айыпталып же террорчулар менен экстремисттердин расмий мамлекеттик тизмесине киргизилди. Бул тенденциянын артында эмне турат?

Орусиянын Новосибирск шаарында жашаган 16 жаштагы окуучу Виталина Пренингге жакында "террордук акт даярдоого, террордук уюмдун ишмердүүлүгүнө катышкан, террордук ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу максатында атайын даярдыктан өткөн" деген айыптар тагылганын орусиялык маалымат каражаттары жазышты.

10-августта Пренинг Орусиядагы террорчулардын жана экстремисттердин "кара тизмесине" киргизилген. Ага коюлган айыптардын чоо-жайы азырынча белгисиз.

Социалдык тармактардагы тааныштары Пренингди ар тараптуу өнүккөн, ийгиликтүү кыз катары мүнөздөшөт. Ал сүрөт тартып, ырдап, спорттук бийлер менен алектенип, коомдук иш-чараларга активдүү катышып жүргөн.

Пренинг мындай айыптарга кабылган жалгыз өспүрүм эмес. Орусия Украинага каршы кеңири масштабдагы согуш баштаган 2022-жылдан бери жүздөгөн өспүрүмгө террорчулук, диверсия, экстремизм же мамлекеттик чыккынчылык беренелери боюнча айыптар коюлган.

Укук коргоочулар өспүрүмдөрдүн камалышы жана түрмөгө кесилиши согуш маалында "башкача" пикирдегилерди басуу боюнча күч алган саясаттын бир бөлүгү экенин белгилешет.

"Репрессиялык басым күчөдү"

Чет өлкөдө иш алып барган жана мамлекеттик чыккынчылык менен тыңчылыкка айыпталган орусиялыктарды коргогон "Биринчи бөлүм" укук коргоо уюмунун июль айындагы баяндамасында Орусиянын террорчулар жана экстремисттер реестринде кеминде 779 жашы бала катталганы айтылат.

Алардын дээрлик 97% бул тизмеге 2022-жылдан кийин киргизилген.

Тизмеде соттолгондор гана эмес, шектүү деп табылгандар жана тергөө алдында жүргөндөр да бар.

Орусияда тыюу салынган "Мемориал"укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, учурда саясий негиздеги кылмыш иштери боюнча кеминде 124 жашы жете элек өспүрүм куугунтукка алынууда.

Укук коргоочулардын айтымында, жашы жете электерди терроризм жана экстремизм боюнча талаштуу беренелер менен жоопко тартуу учурлары көбөйүп жатат. Мындай иштер боюнча сот жараяндары адатта жабык өтөт.

Тагылган айыптар ар түрдүү. Айрым учурларда өспүрүмдөр согушка каршы аракеттери же интернеттеги бийликти сындаган билдирүүлөрү үчүн жоопко тартылса, дагы биринде аларды Украинанын атайын кызматтары социалдык тармактар аркылуу жалдап, Орусиянын аймагында диверсиялык же террордук аракеттерди жасоого үндөгөн деген дооматтар коюлат.

"Мемориалдын" саясий туткундарды колдоо программасынын жетекчиси Сергей Давидистин айтымында, согуш башталганы Орусияда саясий куугунтук кыйла күчөгөн.

"Согуш учурунда мамлекет репрессиялык чараларды мурдагыдан да активдүү колдонуп жатат. Бийликтин коомду көзөмөлдөп туруусунда репрессиялардын ролу мурдагыга караганда алда канча жогорулады. Натыйжада абакка түшкөн адамдардын саны да көбөйдү", - дейт Давидис.

Баракча таратканы үчүн камакка алынган

Куугунтукка кабылган өспүрүмдөрдүн бири - Арсений Турбин. Ал 2023-жылы кармалганда 15 жашта болчу.

Турбин президент Владимир Путинди сындаган баракчаларды таратып жүргөн. Ошондой эле "Эркин Орусия" аттуу Telegram канал ачып, согушка каршы чыккандар колдонгон желек менен сүрөткө түшкөн.

Арсений Турбин
Арсений Турбин

Арсений Турбиндин апасы Ирина Турбинанын айтымында, уулу тергөөчүлөргө өз көз карашын жашырбай айтып, бул согушта Орусияны баскынчы деп эсептей турганын билдирген.

2024-жылы жабык сот жараянында Турбин беш жылга эркинен ажыратылган. Эки жылдан кийин бийлик ага каршы дагы бир кылмыш ишин козгоп, колониядагы башаламандыктарга катышкан деп айыптаган.

Орусиянын террорчулар жана экстремисттер реестрине киргизилген эң жаш өспүрүм - 14 жаштагы Иван Мальцев. Ага полициянын кызматтык унаасын өрттөөгө аракет кылган деген айып тагылган. Бирок анын атасы бул дооматтарды четке кагып келет.

Барнаул шаарынын тургуну Мальцев июнь айында 14 жашка чыккан. Орусиянын мыйзамдары боюнча дал ушул курактан тартып терроризмди кошкондо өзгөчө оор кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралат.

Сайкал Вазирова

Жакында эле Санкт-Петербургдун аскердик соту 15 жаштагы Сайкал Вазированы май куюучу жайды өрттөгөн деген айып менен жети жылдык тарбиялык колонияга кести. Маалыматтарга караганда, ал кыргызстандык мигранттардын кызы.

Тергөөнүн версиясы боюнча, өспүрүм кыз 2026-жылдын февраль айында Санкт-Петербургдагы "Татнефть" май куюучу станциясынын жабдууларын өрттөп жиберген. Окуядан олуттуу материалдык чыгым келтирилгени айтылган.

Орусиялык маалымат каражаттары Сайкал белгисиз адамдардын көрсөтмөсү менен аракеттенген болушу мүмкүн экенин жазышкан. Туугандары анын жакшы окуганын, бийге кызыгып, болочокто мугалим болууну кыялданганын айтышкан.

Орусияда кыргыз мигранттын кызы терроризмге айыпталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:31 0:00

"Коркуу сезими"

Укук коргоочулар орус күч түзүмдөрүн жашы жете электерге карата чагымчыл ыкмаларды колдонууга айыптап келишет.

"Аларды кандайдыр бир топ түзүүгө, кескин билдирүүлөрдү жазууга түртүшөт. Социалдык тармактардагы комментарийлерде атайылап чагым салып, жооп кайтарууга мажбур кылышат", - дейт "Биринчи бөлүм" укук коргоо долбоорунун жетекчиси Дмитрий Заир-Бек.

Анын айтымында, андан кийин күч органдары таасирге оңой алдырган өспүрүмдөрдү формалдуу түрдө кылмыш катары эсептеле турган аракеттерге түртүп, ошонун негизинде кылмыш иштерин ачышат.

"Эң коркунучтуусу - балдар менен өспүрүмдөр негизинен кылмыш катары каралбашы керек болгон иштер үчүн куугунтукка алынууда. Маселен, социалдык тармактардагы этиятсыз жазылган тамашалар, мектеп чатындагы комментарийлер же компьютердик оюндардагы талкуулар үчүн", - дейт Заир-Бек.

"Русь сидящая" укук коргоо уюмунун жетекчиси Ольга Романованын айтымында, терроризмге байланыштуу иштердин жашыруун жүргүзүлүшү күч түзүмдөрүнө ачылган кылмыштардын жана айыптоо өкүмдөрүнүн санын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

"Терроризм боюнча иштер да, аларга байланыштуу сот жараяндары да дээрлик толук жабык өтөт. Мунун баары жашыруун маалымат деген жүйө менен түшүндүрүлөт, ошондуктан эч ким өз аракеттерин актоо үчүн кылбайт", - дейт Романова.

Заир-Бектин пикиринде, мындай иштер кеңири максатты көздөйт. Коомдогу бийликтен коркуу сезимин күчөтүү.

"Терроризм жана экстремизм боюнча иштердин жапырт козголушу аркылуу түзүлгөн коркунуч атмосферасы репрессиялык саясаттын маанилүү бөлүгү болуп калды. Азыркы заманда репрессиялар алардын масштабы тынымсыз кеңейип турганда гана натыйжалуу иштейт. Адамдарды психологиялык жактан коркутуу да репрессиялык саясат тынымсыз күчөп турган шартта гана мүмкүн", - деген көз карашта ал.

Куржундар
XS
SM
MD
LG