Аялын уруп өлтүргөн жаран он жылга соттолду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарын облустук соту 4-августта аялын тепкилеп өлтүргөн эркекти он жылга кескен райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. 2019-жылдын 31-декабрында Кочкор районунун Жаңы-Жол айылында 37 жаштагы келин күйөөсүнүн таягынан каза болгон. 2020-жылдын 12-майында Кочкор райондук соту кылмышка шектүүнү Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту ("Ден соолукка оор зыян келтирүү, бейбаштык максатта") менен күнөөлүү деп таап, 110 миң сом айыпка жыгуу менен 10 жылга эркинен ажыраткан. Маркум келиндин төрт баласы жетим калды.