"Көмүскө кеңсе". Чуулгандуу видео, "Ынтымак-Ордонун" жообу

Дайырбек Орунбеков, Сыргак Кенжебаев. "Азаттыктын" коллажы

Чуулгандуу ишкер Сыргак Кенжебаевдин президент Садыр Жапаровдун жакындары өлкөдөгү бажы кызматы баш болгон бир нече тармакты башкарууга аралашып жатканы тууралуу билдирүүсү талкууга түштү. "Ынтымак Ордонун" өкүлү Дайырбек Орунбеков баарын четке кагып, бажы төлөмдөрү көбөйгөнүн мисал келтирди.

10-август күнү президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков ишкер Сыргак Кенжебаевдин бажыдагы коррупция жана көмүскө схемалар тууралуу айткандарын жокко чыгарган видео билдирүүсүн жарыялады.

"Ынтымак Ордонун" өкүлү Кенжебаевдин Ютубдагы видеосу социалдык тармактарда кызуу талкууланган соң комментарий берүүнү чечкендей. Анда Орунбеков бажыдагы коррупция 2020-жылдан соң жоюлганын, ага мисал катары соңку беш жылдагы бажы төлөмдөрүнүн көбөйүшүн келтирген:

“Мурдагы жылдарга салыштырмалуу бажы тармагынын кирешеси учурда 4-4,5 эсеге көбөйдү. Эгерде уурдалса, тонолсо, мурдагыдай коррупциялык схемалар болсо мында акча түшмөк эмес да. Система чоң машина болобу, жүк ташыган машина болобу, бош машина өтөбү – баарын ушинтип туруп карап, текшерип турат. Эч ким ал жерден буйтап өтүп, же болбосо каттабай жүктөрдү чыгарып жибере турган схема жок. Канча машина өткөнүн онлайнда президент да карап турат, укук коргоо органдары да, Министрлер кабинетинин төрагасы да карап турат. “Ынтымак Ордодо” дагы азыр биз көргөндөй эле Кырдаалдык борбор бардык тармактарда – курулушта, алтын кендерде, бажыда, салыкта, баарын онлайн карап турат. Азыр эч ким эч кимди алдай албайт. Ошон үчүн кирешелер көбөйдү”.

Орунбеков "бажы тармагы 2020-жылга чейин эң коррупцияга баткан тармак болгонун, президентти каралагысы келгендер ошондой ушак сөздөрдү жоопкерчиликсиз колдонуп жатышканын" кошумчалаган.

Бажыда бардыгы ачык-айкын экендигин көрсөтүш үчүн Бажы кызматындагы Кырдаалдык борбор менен Бажы инфратүзүмү мекемесинин ишмердигин тарткан.

Президенттин өкүлүнүн мындай билдирүү менен чыгышына 7-август күнү чуулгандуу ишкер Сыргак Кенжебаев жарыялаган бир жарым сааттык видеокайрылуусу себеп болду.

Буга чейин логистика тармагында иштеген Кенжебаев “Ала-Арча” резиденциясына жакын жерде президенттин бир тууган агасы Сабыр Жапаров кеңсе ачып, мамлекеттин экономикасы менен саясатына тыкыр байланышкан чечимдер кабыл алынып турарын айткан.

“Ал жерде Сабыр Жапаров жалгыз эле эмес, Жапаровдордун бир туугандары, дегеле үй-бүлөсү ошол жерге кирип алып, каалаган чоңду чакырып, каалаган чоңду кетирип, ошол жерден Кыргызстандын көп саясий маселеси чечилет. Андан кийин ал кеңседе толугу менен, бул маалыматты мен жалгыз эле билбейм, муну мен логист деп бажынын ичинде жүргөндүн баары, жүк ташууда иштегендин баары, Дордойдун баары, "самопошивде" жүргөндүн баары билет. Кыргызстанда бажыны Сабыр Жапаров, анын уулу Азат Жапаров башкарат. Эмне, мыйзам жол береби ушундайга? Бербейт. Бирок президенттин администрациясы дагы, Экономика министрлиги дагы, Бажы кызматынын өзү дагы муну чече албайт”.

Кенжебаевдин айткандары боюнча президенттин агасы Сабыр Жапаров азырынча комментарий бере элек. "Азаттыктын" аны менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.

Кенжебаев чуулгандуу видеосунда кандайдыр бир далилдерди келтирген эмес. Президенттин айрым жакындары менен чогуу түшкөн сүрөт, видеосун көрсөткөн. "Көмүскө кеңсенин" ишмердүүлүгү, логистика жана бажыга байланышкан документтерди, мыйзамсыз схемаларды, сүрөт жана видео далилдерди кийинки чыгарылыштарда ашкерелей турганын билдирген.

Ошол эле маалда Дайырбек Орунбеков президенттин агасынын кеңсеси жана анын өкмөттүн ишине кийлигишкен иштери тууралуу сөздөрдү ырастаган да, четке каккан да жок. Анын ордуна Сыргак Кенжебаев өзү "кадыр-баркы таза эмес адам, президенттин агасы менен иштешкенде аны ар дайым бузук ойлор коштоп жүргөн" деген аргументти келтирди.

“Кантип видеодо чогуу жүрөсүздөр, мурда-кийин тааныш белеңиздер?” десем, “Агротармагындагы бир идеяларды айтып, Европадан инвесторлорду алып келейин деп аттым эле деп аябай бир жакшы сунуштарды айтып келген” дейт. “Анан, чакырган” дейт. “Чакырып, кеңсесине барганбыз” дейт. Сүрөттөрүн да карасаңыздар, Сыргак Кенжебаев төрдө отурат, Сабыр Жапаров үстөлдүн берки төмөн жагында отурат. Ошондо тартып алыптыр. Экинчиси, “ошол агротармактагы бир долбоорлорун айтып, машинада чогуу отурдук эле” дейт. Эми адам менен адам жолугат, адам менен адам бир машинага түшөт. Бирок, ошондо дагы адамдын ою таза эмес экенин түшүнсөңүздөр болот. Сабыр Жапаров уктап атса, бул акырын видеого тартып атат. Демек, бул алдын ала эле бир жаман ойлору болгон. Уктап аткан адамды акырын видеого тартып алуу, бир арам максаттарга колдоном деп алдын ала максат коюу – бул жүрүм-туруму жакшы адамдын иши эмес”.

Ал Кенжебаевдин мурда соттолуп, кылмыш жообуна тартылганын айтып, "чет өлкөдө жашынып алып кыргызстандыктарга кантип жашоо керектиги тууралуу лекция окубай, алгач кылган иштери үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө" чакырган.

Президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн мамлекеттик башкарууга, анын ичинде бажы тармагына кийлигишип жатканы тууралуу бул билдирүү коомдо кызуу талкууланып турган чак. Талкууда мамлекетке келген инвестиция жана бажы жөнүндө сөз болгондо эмне үчүн президенттин агасынын ысымы аталышы керек деген суроолор бар.

Орунбековдун билдирүүсүнөн кийинки ойлор

Юрист Алия Турумбекова ишкердин кайрылуусунда айтылган дооматтарды укук коргоо органдары териштирип, кабар бергендин ордуна, маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун комментарий бергени талкууну күчөтүп, кайра суроолорду пайда кылганын айтат:

Алия Турумбекова

“Ал президенттин агасы болгондо да, ал дагы иши жок жата албайт да, ал да бир нерсе кылып оокат кылышы керек да. Мүмкүн ал жеке тартипте кайрылгандыр, туурабы? Мүмкүн анын фирмасы бардыр, жеке тартипте кайрылгандыр, жалпылап айтканда мында мыйзамсыз эч нерсе жок. Сен ошол учурларды тактап, жакшынакай кылып айтчу болсоң, логикасын чогултуп, эртеңки күнү суроо жаралбагандай кылып туруп, анан чыгарышың керек да. Турган жерден кайра суроолор пайда болду да. “Эмне үчүн инвесторлор боюнча президенттин агасына кайрылат?” “Ал мамлекеттик кызматта иштебесе, инвестиция жагын көзөмөлдөбөсө – анда эмне үчүн президенттин агасына кайрылат?” - деген суроо жаралып атат да”.

Президент Садыр Жапаровдун жакындарына байланыштуу талкуулар буга чейин да болгон.

2024-жылдын майында интернетке Сабыр Жапаровдун алтын куймасын кармап түшкөн сүрөтү таркаган. Окуя коомдо кызуу талкауулана баштаганда “Ынтымак Ордонун” өкүлдөрү Эдил Байсалов менен Дайырбек Орунбеков маалымат чындыкка коошпой турганын айтышкан. Кийин президент өзү окуяга комментарий берип, кыргыз алтынын экспорт кылууга эл аралык LBMA уюму тыюу салганы үчүн агасы Түркиядагы заводго барып, алар менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн, бирок кийин бир тууганына мамлекеттин ишине кийлигишпөөнү эскерткенин кеп кылган.

Президенттин уулу Рустам Жапаровдун ысымы да ар кандай талкууларга жем таштап, бизнес жана инвестиция жаатында таасири чоң экени айтылып келет. Ал тууралуу журналисттик иликтөөлөрдүн бирине комментарий берген Садыр Жапаров уулу инвестиция тартып, ишкерлерди коргоого жардам берерин айтып, Ысык-Көлдөгү долбоорлордун бирин өзү табыштаганын мисал кылган.

Садыр Жапаров үй-бүлөсү тууралуу кеп-сөз боюнча “Кабар” маалымат агенттигине бир нече жолу маек куруп, мурдагы бийликтин катасын кайталабай турганын айткан.

"Тескерисинче, чет өлкөлөрдөн бул жакка инвестиция алып келип жатышат. Мен бир туугандарыма жана үй-бүлөмө: “Мурдагылардын катасын кайталабагыла, алардын катасынан сабак алгыла, өмүр бою жашооңор Кыргызстанда өтөрүн унутпагыла, эл менен болгула!” деп дайыма эскертип турам. Мен дагы мурдагылардын катасын кайталабайм. Үй-бүлө, бир-туугандарымды мамлекеттин ишине аралаштырбайм. Буга күчүм жетет", - деген.

Кыргызстандын эгемен тарыхында Аскар Акаевдин доорунан бери үй-бүлөлүк башкаруу саясий чөйрөнүн чоң көйгөйү болуп келет. Мамлекеттик башкарууга үй-бүлө мүчөлөрүнүн кийлигиши жана көмүскө кеңсе ачып, ал жерде өкмөткө жарыша чечимдерди кабыл алуу бир нече жолку элдик толкундоолорду жараткан.

Айрым талдоочулар 2020-жылдан кийин келген бийлик активдүү жарандык коом менен журналисттик чөйрөнү бөлүп-жарып отуруп, коомдун маанилүү окуяларга сергек кароо жөндөмүн мокотуп салганын айтышат.

Адил Турдукулов

"Бизде өтө эле ажырым болуп кеткен. Же бийлик жагына ооп, аларды жакташ керек же оппозицияга ооп, Тенгиз Бөлтүрүктүн жана Сыргак Кенжебаевдин айткандары гана туура деп, эки жаат болгону абдан туура эмес нерсе. Ошондуктан, эки жаатка ыктабай, бирдиктүү, элдин гана таламын талашкан күчтүү коомчулук жана көз карандысыз журналистика чөйрөсү болгондо гана, ошол айтылган фактыларды иликтеп чыгып, бышырып туруп, чынында кайсынысы жалган, кайсынысы жалган эмес экенин элге көрсөтүп тартуулаган ортомчу жарандык коом болушу керек эле. Алар болсо жокко эсе. Өзгөчө ошол президенттик шайлоону утурлай президент жана анын командасы ага каяша эмес, ага адилеттүү сөзүн айткан журналисттерге кол сунуп, алар менен сүйлөшүүгө жана диалогго барса абдан жакшы болот эле", - дейт жарандык активист Адил Турдукулов.

Дагы караңыз

Кенжебаевдин кармалышы, Айтматованын байланышы

Сыргак Кенжебаев деген ким?

Сыргак Кенжебаев 44 жашта, ишкер. Ал 2018-жылы Инвестиция тартуу агенттигинде жетекчинин орун басары болуп иштегени, ага чейин "Юнилаб" деп аталган логистикалык компанияны жетектегени ачык булактарда көрсөтүлгөн.

2019-жылы декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аны "алдамчылык" беренеси менен айыптап, Алматынын аэропортунан кармалган. УКМК Кенжебаев ал кезде "ири өлчөмдөгү алдамчылык" боюнча шек саналып жатканын, ага каршы кытайлык ишкер арыз жазып, 350 миң долларын алып, бербей жатканын айтып арызданганын кабарлаган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кенжебаев дагы бир кылмыш иши боюнча шектүү экенин билдирген.

Анын камакка алынышы ошол учурда жубайы, мурдагы депутат Ширин Айтматова негиздеген "Үмүт 2020" кыймылынын коррупцияга каршы билдирүүлөрү, бийликти жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду сындап жаткан маалына туш келип, түрдүү талкууларды жараткан.

2020-жылдын 6-октябрына караган түнү бийлик алмашуу менен аяктаган окуяларда жоон топ саясатчылар менен кошо Кенжебаев да тергөө абагынан чыккан. Ошол эле жылы 12-октябрда соттун чечими менен кайра абакка кайтарылган. Ал кандай жагдайда эркиндикке чыкканы белгисиз.

2021-жылы “Азаттык” партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан. Соңку кездери Кенжебаев социалдык тармактарда коомдук-саясий темаларда өз пикирин жана видеолорду байма-бай жарыялап жүрөт. Ушул тапта кайсы өлкөдө экени жана Кыргызстандан качан чыгып кеткени белгисиз.