Колумбияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 200дөн ашты

Колумбиянын Перейра шаарында жер титирөөдөн кийин кыйраган үйдүн урандыларын тазалап жаткан киши. 11-август, 2026-жыл.

Reuters жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен зилзалада 200дөн ашуун киши каза тапканын жазды.

CNN телеканалынын эсептөөлөрү боюнча, кеминде 213 адам өлгөн. Буга чейин Asocapitales кеминде 169 адам мерт болгонун жазган.

Куткаруучулар урандыларды тазалап жатышат.

2026-жылдын 11-августунда Колумбиянын Перейра шаарында жер титирөөдөн кийин кыйраган имараттын урандыларынын арасында турган адамдар.

Кыйраган Кали жана Перейра шаарларында куткаруу иштери түнү бою жүрүп, дагы эле уланууда.

Бийлик өкүлдөрү маркумдардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин эскертишти. Колумбияда 10-августта болгон жер титирөөнүн магнитудасы 7,4 баллды түзгөнүн өлкөнүн Геологиялык кызматы кабарлады.

Зилзаланын очогу Чоко департаментиндеги Сан-Хосе-дель-Пальмар муниципалитетинде болжол менен 100 чакырым тереңдикте жайгашкан. Мекеменин маалыматында, бир күндө 50гө жакын жер титирөө катталды. Кайталанма титирөөнүн (афтершоктун) магнитудасы 5,0ке жеткен.

Перейра, Кали, Манисалес, Кибдо жана Армения шаарлары катуу кыйроого учурады.

Бийлик бул аймактарга коркунучтун "кызыл" деңгээлин киргизди.

Дагы караңыз

Запорожьеде соккулардан жарык өчтү, Краснодарда каза тапкандар бар Орусиянын Украинага соккулары тогуз өмүрдү кыйды, 20дан ашууну жараат алды Кыргызстан менен АКШ визалык төлөм жана санкция маселесин талкуулады