Ошол эле учурда Орусияга байланыштуу үч миңге жакын жеке жана юридикалык жакка киргизилген чектөөлөр дагы үч жылга узартылды. Мурда бул санкциялар ар алты ай сайын кайра каралып келген. Эми алардын мөөнөтү дагы 36 ай деп белгиленди.
Кеп болгон бизнесмендер эми Шенген аймагына кирип, Евробиримдиктеги камакка алынган активдери болсо, аларды кайра пайдалана алышат.
Чечим Евробиримдиктин тышкы саясатындагы карама-каршылыктарды дагы бир жолу көрсөттү. Санкцияларды узартуу үчүн бардык мүчө өлкөлөрдүн макулдугу талап кылынат.
Буга чейин Усмановду санкциядан чыгарууну Венгрия жана Словакия жактап келген. Ал эми Люксембург Фридмандын таламын талашып жүрдү. Миллиардер ал өлкөдөгү активдери камакка алынганына даттанып, 16 млрд долларлык доо койгон.
Өткөн айда Франция күтүүсүздөн Усмановду тизмеден чыгарууну колдоп, муну улуттук коопсуздук маселеси менен түшүндүрдү.
Европалык үч дипломат Reuters агенттигине Париждин чечими Азербайжанда камакта жаткан француз жарандарынын тагдырына байланыштуу болушу мүмкүн экенин билдирген. Баку мындай соодалашуу болгонун четке каккан.
Бирок Еврошаркет чечим кабыл алгандан бир күн өткөндөн кийин Азербайжандын президенти Илхам Алиев тыңчылыкка айыпталып, он жылга кесилген француз жараны Мартин Райандын күнөөсүн кечирди.
Дагы караңыз
Кипр олигархтардын "алтын паспортун" ала баштадыУсмановду "кара тизмеден" чыгарууну жактаган Ташкент жана Анкара
Усмановго байланыштуу дагы бир маанилүү факторду белгилей кетүү зарыл. Өзбекстанда туулган олигархтын санкциялык тизмеден чыгарылышын акыркы жылдары Ташкент да жактап келген.
Батыш маалымат каражаттары Өзбекстан Брюсселге 2022-жылдан бери кайрылып келгенин жазышкан. Ташкент санкциялар Усмановдун Өзбекстандагы инвестициялык жана кайрымдуулук долбоорлоруна тоскоол болуп жатканын жүйө келтирген.
Өз кезегинде Түркия да Усмановду колдоп чыккан. Президент Режеп Тайип Эрдогандын Словакиянын премьер-министри Роберт Фицого жолдогон катында Усмановдун түрк дүйнөсүндөгү маданий жана спорт долбоорлоруна кошкон салымы белгиленген.
Усмановдун Өзбекстандын саясий элитасы менен да жакын байланыштары бар. Анын үй-бүлөсү президент Шавкат Мирзиёевдин үй-бүлөсү менен куда-сөөк болуп кетет. Усмановдун жээни Бабур Усманов Мирзиёевдин жубайынын жээни Диерага үйлөнгөн. Бабур Усманов 2013-жылы Ташкентте жол кырсыгынан каза тапкан.
Алишер Усманов Ташкенттеги Ислам цивилизациясы борборунун негизги демөөрчүлөрүнүн жана меценаттарынын бири.
Жогорудай айтылгандай, Усманов Өзбекстанда төрөлгөн, ал эми анын байлыгы негизинен Орусиядагы металлургия, тоо-кен жана телекоммуникация тармактарындагы активдердин эсебинен түзүлгөн.
Усманов көп жылдар бою Орусиядагы эң бай ишкерлердин катарында болуп келген. 2022-жылы Орусия Украинага басып киргенден кийин Батыш аны Кремлге жакын бизнесмен катары "кара тизмелерге" киргизген.
Бирок акыркы жылдары Усманов Өзбекстан менен байланышын көбүрөөк белгилеп жүрөт. 2025-жылы Forbes да миллиардерлердин дүйнөлүк рейтингинде аны мурдагыдай Орусиянын эмес, Өзбекстандын өкүлү катары көрсөткөн.
Өзбекстан Усманов үчүн туулган жер эле эмес. Анын туугандарынын басымдуу бөлүгү ал жакта жашайт, ал эми миллиардер Өзбекстандагы бир катар ири социалдык, маданий жана кайрымдуулук долбоорлорун каржылап келген.
Мындан улам Усмановдун айланасындагы санкциялык талаш Өзбекстан, Түркия жана башка түрк мамлекеттеринин дипломатиялык кызыкчылыктары менен да байланышкан маселеге айланды.
Талдоочулардын айтымында, акыркы жылдары Өзбекстан менен Азербайжандын саясий жана экономикалык жакындашуусу Ташкенттин Усманов боюнча позициясын күчөтүүгө шарт түзгөн болушу мүмкүн.
Дагы караңыз
Борбор Азия: Бийлик башындагылардын жакындары аралашкан банк тармагыБирок эксперттер айтканына караганда, санкциянын алынышы Усманов юридикалык жактан акталды дегенди билдирбейт.
Ал буга чейин Евробиримдиктин санкцияларын сотто жокко чыгарууга аракет кылган. 2025-жылы Евробиримдиктин Жалпы соту анын доосун четке каккан.
"Кооптуу прецедент"
Брюсселдеги Bruegel аналитикалык борборунун улук илимий кызматкери Гунтрам Вольфтун пикиринде, эми айрым өлкөлөр санкциялык чечимдерди колдоонун ордуна өздөрүнө зарыл саясий жеңилдиктерди талап кылса болот деп ойлоп калышат.
Ал муну Евробиримдик үчүн «терс саясий ишарат» деп баалайт.
"Путин муну пропаганда үчүн пайдаланары анык. Ал: “Евробиримдик бул адамдарга санкция салган, эми болсо чечимин өзгөртүп, "кара тизмеге" киргизүү ката болгонун түшүндү” деп айта алат".
Орусия президенти Владимир Путин Алишер Усмановго сыйлык тапшырууда. 2018-жыл.
Вольфтун пикиринде, мындай чечим Евробиримдиктин аброюна да доо кетириши мүмкүн.
Украина жана шаркеттин кээ бир мүчөлөрү чечимди кескин сындады
Украин президенти Владимир Зеленский Орусия Украинага сокку уруп жаткан учурда орусиялык айрым олигархтардан санкцияларды алып салуу "тескери натыйжа берген" кадам экенин билдирди.
Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига болсо чечимди "уят" деп атап, Москва муну Евробиримдиктин ички ажырымы катары кабыл аларын айтты.
Латвия менен Эстония да Усманов менен Фридмандын тизмеден чыгарылышына каршы болгон. Кийин эки өлкө аларга каршы улуттук санкцияларды киргизерин билдиришти.
Британия да Евробиримдиктин чечимин колдогон жок жана эки миллиардерге каршы өзүнүн жазалоочу чараларын күчүндө калтырууну чечти.
Дагы караңыз
Bloomberg: Алишер Усмановдун байлыгы миллиард долларга көбөйдүБрюссел маселеге башка жагынан карайт
Евробиримдиктин басма сөз өкүлү Кристиан Виганд эки адамдын санкциядан чыгарылышына карабай, калган миңдеген адам жана компанияларга каршы чектөөлөрдүн үч жылга узартылганы шаркет Орусияга басымын улантарын далилдейт деп айтты:
«Европа Биримдиги Орусияга каршы учурдагы санкцияларды сактоодо дагы бир жолу биримдигин көрсөттү. Бул жолу санкциялар адаттагыдай алты же он эки айга эмес, 36 айга, башкача айтканда үч жылга узартылды. Бул Орусияга ачык сигнал: анын жүрүм-туруму өзгөрүшү керек, анткени басым узак мөөнөткө сакталат».
Ошентип, Евробиримдик бир жагынан Орусияга каршы санкциялардын басымдуу бөлүгүн мурдагыдан да узак мөөнөткө бекитти. Экинчи жагынан, Усманов менен Фридмандын тизмеден чыгарылышы санкциялардын саясий соодалашуунун куралына айланып кетиши мүмкүн деген суроону жаратты.
Эксперттер эми башка санкцияланган орусиялык ишкерлер да үчүнчү өлкөлөрдүн саясий колдоосу аркылуу ушундай жолду кайталоого аракет кылышы мүмкүн деп эскертүүдө.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Еврошаркет боюнча кабарчысы Рикард Йозвяк белгилегендей, буга чейин Усманов "кара тизмеден" чыгуу үчүн көп акча коротуп, кымбат адвокаттарды жалдаган, бирок андан майнап чыккан эмес.
Рикард Йозвяк
"Эми саясий жол менен санкцияларды алдырды. Юристтерге караганда саясатчыларды ынандыруу оңоюраак болсо керек", - деген оюн айтат журналист.
"Азаттык Азия" сайты жарыялаган макаланын негизинде жазылды.