Коррупцияга каршы күрөштө кандай ката кетти?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бийлик коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн негизинде мамлекетке каражат, мүлктөрдү алууда алешемдик кеткенин мойнуна алды. Бирок ушул күнгө чейин кайтарылган акча, объекттер боюнча отчет бериле элек. Украинадагы жаңжалда Орусия тарапта согушуп жүрүп каза болгон дээрлик 7 миң чет өлкөлүктүн 60% жакыны борбор азиялыктар экени айтылды. Талас шаарында эки башка мушташка байланыштуу тогуз адам кармалды. Алардын бирине катышкандардын арасында милиция кызматкери да бар.