Кургакчылык кесепети: жаан жок, суу жок, чөп тартыш

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда тоют жетишсиздиги азыртан байкалууда. Ушул тапта бир түк чөптүн баасы талаада орулган жеринде орточо 300 сомдон сатылууда. Айыл чарба министрлиги буга быйылкы кургакчылыктан улам чөп аз болгонун себеп кылып, маселени чечүү жолдорун караштырып жатканын маалымдады. Бул аралыкта базарда малдын баасы арзандаганы айтылууда.