"Күйөөм үстүмө аял алып, карызын мага төлөттү". Сузактагы муңдуу тагдырлар

Сузак району, 2026-жыл. Соңку жылдары бул аймакта кош никеге туруу көрүнүшү көп катталууда.

Кыргызстанда көп аялдуулук мыйзам менен тыюу салынганына карабай, көмүскөдө нике кыйдырып жашагандар бар. Расмий статистика жок болгондуктан, көйгөйдүн чыныгы масштабы белгисиз бойдон калууда.

Мындай учурлар көбүнчө үй-бүлөлүк жаңжал, зомбулук же мүлк талаш ачыкка чыкканда гана коомчулукка белгилүү болот. "Азаттык" Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бул маселени башынан өткөргөн аялдардын тагдырын иликтеди.

Кош никенин азабын тартып келаткан Нодира Разматуллаева Сузактагы айылдардын биринде турат, беш баланын энеси. Күлүп-жайнап тосуп алганы менен көздөрү муңайым экени бир караганда эле көрүнөт.

Беш баланын энеси күйөөсү экөөлөп салган тамда мурдагы кайненеси менен сегиз жылдан бери урушуп-талашып жашоого аргасыз.

Нодира Разматуллаева

"Үйүбүздүн курулуш иштерин 2018-жылы баштаганбыз, короо-жай кайнатамдан калган. Ага чейин ортосунан дарбаза бөлүп турган төрт бөлмөлүү эски үйдө жашадык. Ал үй өтө эскирип кеткендиктен жаңы үйдү 2019-жылы бир жылда бүтүрүп, кирип кеткенбиз. Бир үйүбүз эки, экинчиси үч бөлмөлүү".

50гө таяп калган Нодиранын алты небереси бар. Төрт кызы бой жетип, өзүнчө турмуш куруп кеткен экен. 22 жыл бирге жашаган Нодиранын күйөөсү кош никеде жашап жатканына сегиз жылдай болуптур. Үй талаштын айынан аял 78 жаштагы кайненеси менен бир короодо жашоого мажбур.

"Бизди ата-энелерибиз тааныштырып, баш коштурган. Айыл элин, туугандарды чакырып, нике той өткөрүшкөн. Жакшы жашаганбыз. Бирок күйөөм мага көп жолу кыянаттык кылды. Анысына да кайыл болуп ортодо балдарыбыз бар, тынчып калар, оңолуп калар, эсине келер дедим. Бирок 2018-жылы Жалал-Абаддан бир аялды таап, үйлөнүп алганын бир жылдан кийин билдим. Ал аял мектепте мугалим экен".

Орусияда миграциялап жүргөн күйөөсү үстүнөн аял алганын Надира кыздарынан уккан. Аларга күндөшү өзү айтыптыр.

Бул кабардан кийин үй-бүлөнүн жашоосу кыйсыпыр түшүп, күйөөсү "өп-чап жашоодон жадап, акчалуу аялды тандадым" деп актанган экен. Анысы аз келгенсип насыяга алган 100 миң сомду дагы төлөбөй коюптур.

"Мен унчукпадым. Орусиядан алты айдан кийин келди. Бир апта өтүп сүйлөшкөнүбүздө “Үйлөнөм, колуңдан эмне келет? Ушунча бала менен кимге керексиң?” деп айтты. “Менин өмүрүмчү? Ушунча жыл мээнет кылып, ата-энеңизге кызмат кылдым, сөзүңүздү эки кылбадым, бала бактым” десем жаңжал чыгарып, сабады. Баш мээм чайкалып ооруканага түштүм. Буту-колум иштебей, сүйлөй албай да калгам…".

Нодиранын айылында кош никеде жашап, өз укугун коргой албай келаткан ондогон аял бар экенин каарманыбыз айтып берди.

22 жыл бирге жашап, беш бала төрөп берген аялынын акыбалына карабай, күйөөсү басып кеткенине тогуз жылга аяк басып калды. Бирок ушул жыл аралыгында бир нече жолу кол көтөрүп, "үйдөн чык" деп, моралдык-психологиялык басым жасаганын койбоптур.

"Өтүп кеткен өмүрүмө өкүнөм, аябай өкүнөм... Балдарымдын баары мектепте жакшы окуса да, кийин чоң окууга өтө албай калды, аларды колдой албадым. Уулум “5” деген баага бүткөн, аны да окута албадым. Мен бул дүйнөдө ким үчүн жашайм? Өзүм үчүн өмүр токтоп калган. Мага балдарымдын гана келечеги маанилүү. Улуу кызым тиш доктурга барып гепатит жуктуруп алыптыр. Кызым таза эмес шаймандардын кесепетинен оору жуктурган үч аялдын бири болуп калды. Эми төрт жылдан бери ошол оору менен алышып келет. Ай сайын 40 миң сомго дары ичет. Дайыма диета кармап, тамак-аштын көбүн жей албай калды. Мен ошондо эмне таптым? Өмүрүм өтүп кетти, жаштыгым кетти… Ошол аялы менен жашап жатат азыр. Ага үй салып берди. Барып көрсөңөр да болот. Тогуз жыл ою ага шарт түзүп жүрдү, өз канынан жаралган балдарына эки нан алып келген жок. Экинчи аялынын уруксаты жок эч нерсе бере албайт бизге".

Оор турмуштун айынан Нодиранын жалгыз уулу тогуз жашынан ишке чыгууга мажбур болгон. Беш баласын бооруна кыскан эне күндөшүнүн да, кайын-журтунун да басымына калганын айтууда. Ал айылда өзүнүкүндөй тагдырга кабылган ондогон аялдар барын айтты.

Бул үйдү азыр мурдагы күйөөсү, кайын-журту талашып, беш балалуу келинди үйдөн чыгарууну ар бир соттук отурумдарда талап кылышууда. Бир канча жолу өткөн соттук иштерде Нодираны расмий нике күбөлүгү гана аны мыйзам менен коргоп келген. Ушундай кыйынчылыктарга карабай Нодира үйүн оңдоп, балдарына тынч жашоо түзүп берсем деп кыялданат.

Нодира бул айылда күйөөсү күндөш алып келгенде жаш келин өз жанын кыйган каргашалуу окуя катталганын, ал коомчулукка чыкпай, маркумдун сөөгү жашыруун жерге берилгенин да айтып берди.

Нодира Разматуллаева

"2003-жылы туулган айылдашыма күндөшү сүрөт жана видеолорду салып, "сенин эриң мага үйлөнгөн" дептир. Жаш келин мындайды көтөрө албай өзүн өзү асып алды. Арында бир баласы калды эле, төркүнү багып калды. Эң кызыгы - келин каза болгондо эч ким ызы-чуу көтөргөн жок, тынч эле жерге берип коюшту. Бул айылда жашоо оор. Эки аялдуулар бул жерде аябай көп. Ажырашып келген, күйөөлөрү эки аял алган, кайнене, кайнатасы басым жасагандар көп. Келиндердин көбү “күйөөм үч талагымды берет, мен кайда барам?” деп коркот. Маселен бизде ажырашса “балдарыңды алып кет, ал сенин балаң” дешип, “менин балам же менин неберем” деп айтышпайт эч качан. Мен акыйкатты айтып, өзүмдү коргогонум үчүн айылга жаман көрүндүм. Мен өз укугумду, балдарымдын укугун коргоп жатам".

Сузак району калк жыш жайгашкан аймактардын бири. Мында 350 миңден ашык эл жашайт.

Сузак району Кыргызстандагы калк жыш отурукташкан райондордун бири. 350 миңден ашуун тургун катталган, өзбек улутундагылар басымдуулук кылган же аралаш жашаган 40ка чукул айыл бар.

Жергиликтүү активисттер, депутаттар өзбек коомчулугунда эки же андан ашык аял алган учурлар көп кездешерин, бул чоң көйгөй экенин айтып келет.

"Эки аял менен бир короодо төрт жыл жашадым"

Бизди алып бараткан сузактык таксист Фарух (өзүнүн суранычы менен аты өзгөртүлдү) эки аял менен бир короодо төрт жыл жашаганын жашырган жок. Ал өзү жашаган жамаатта бул кадыресе эле көрүнүш экенин айтуула. Мыйзамдуу никеси барына дагы төрт балалуу жесир келинди үчүнчү аял кылып алууга камданып жатканын айтты:

Фарух

“Биринчи аялыма үйлөнүп, эки жыл жашаганыбыз менен балалуу боло албадык. Анан мен анын үстүнө экинчи аял алып келип, ал келинчегим бирди төрөгөндөн кийин төрөй албай жүргөн келинчегим кетип калды. Азыр экинчи аялым экөөбүздүн ортобузда төрт уул бар. Эми дагы аял алуу ниетим бар. Буюрса жесир калган төрт балалуу келинди алам, балдарынын жеп-ичкенине, басып-турганына жардам берем. Кудай өзү береке берип коет. Азыр жашап аткан аялым менен бул тууралуу сүйлөштүм, “көзүңүз жетсе, бага алсаңыз сооп жолунда ала бериңиз” деди. Азыр алам деп жаткан келин менен сүйлөштүм, “сизге турмушка чыга берем” деди. Биздин Сузакта бул кадыресе эле көрүнүш. Менин бир теңтуш баламдын экинчи аял алганына бир гана ай болду, экөө менен тең жашап атат. Дагы бир кошунамдын үч аялы бар. Биринчи жана экинчи аялынан балдары бири-бири менен катташып, чогуу ойноп жүргөнүн да көрүп калам”.

Фарухка светтик өлкөдө жашарыбызды, Кыргызстанда экинчи аял алууга мыйзам жол бербесин айтканыбызда "бул тууралуу биринчи жолу сизден угуп атам" деп жооп берди.

Эки аялдуулук үчүн жаза

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесине ылайык, эки же андан көп аял алуу 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айыпка жыгылат.

Ошондой эле жүздөн үч жүз саатка коомдук иштерге же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартылат.

Бүбүсара Рыскулова

"Албетте Кыргызстандын мыйзамдары жакшы жазылган, бирок турмушта алар иштебейт. Себеби, дал ушул 176-берене боюнча эки аял күйөөсү менен бир короодо бир чарба жүргүзүп, бир үйдө жашап, бирге тамак да жасашы керек деп көрсөтүлгөн. Бирок азыр иш жүзүндө болуп жатканга көз чаптырсак, эки аялы барлардын 99,9% аялдарын эки башка үйдө жашатат. Ошондуктан тигил же бул эркектин эки аялы бар деген нерсени далилдеш, мыйзамга шайкеш келтириш өтө кыйын. Мисалы, жакында гана Октябрь райондук сотунда кош нике боюнча сот болуп, бирок далилдөө болбой калды. Мен ошондуктан бул мыйзам өтө куулук менен жазылган деп келем. Биринчи же экинчи аял болуп никеге турган аялдар деле укук коргоо органдарына кайрылбайт, себеби мыйзам иштебесин көрүп жатат. Айрым диний төбөлдөр "иштебеген беренеңерди алып салыш керек" деп бизди шылдыңдашат. Бирок кур дегенде бираз да болсо чочулап турушат", - дейт Бишкектеги "Сезим" кризистик борборунун негиздөөчүсү Бүбүсара Рыскулова.

Кыргызстанда кош никеге турганга мыйзам тыюу салат. Ал үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Бирок мыйзамды аттап өтүп, экинчи аял алган учурлар арбын экенин укук коргоочулар белгилешет. Мындай фактылар качан зордук-зомбулук фактысы катталганда же мүлк талашта ачыкка чыгат.

"Экинич аял болом деп ден соолугуман ажырадым"

Муниса кош никеден үч кыз төрөп, төртүнчү чүрпөсү курсакта кезинде ажырашты. Азыр туруктуу жумушу, билими, курулушу бүткөн үйү жок.

Муниса 37 жашта. 12 жыл мурда үч баласы менен жесир калып, никеси бар кишиге экинчи аял болуп баш байлаган. Андан үч кыз төрөгөн. Ошентип эки никеден алты балалуу болгон Мунисанын азыркы күйөөсү анын үстүнө дагы үчүнчү аял алыптыр.

Мындай күтүлбөгөн бурулуш Мунисанын ден соолугуна залакасын тийгизип, азыр кош бойлуу келиндин абалы күн санап начарлап баратат.

“12 жыл мурда Сузактын мечитинде нике кыйдырып, экинчи аял болгом. Күйөөм эки үйгө бирдей келген жок. Ашып кетсе эки же үч аптада бир келет эле. Келип кеткенден кийин боюмда болуп, көз жарып, ооруканадан өзүм эле чыгып жүрдүм, алып кеткен эмес. Ошентип жүрүп үч кыз төрөдүм. Бир жылда бир эле жолу тамак-аш алып келип берчү. Менин бир гана оорукчан уулум бар, калганы кыз. Уулума шерик болсун деп атып жалаң кыз төрөй бердим”.

Муниса оюнда уул төрөп, экинчи аялы болуп тийген күйөөсүн кармап калгысы келген. Күйөөсү келин өзү салып жаткан үйдү бүтүрүп, короо-жайын оңдоп-түзөп берем деген убадасын ушул күнгө чейин аткара элек. Эми “төрөсөм балдарымды ким багат” деген көп балалуу келиндин кабыргасы кайышып турган кези.

Муниса

“Менин башыма келгенди эч кимге каалабайм. Эч ким экинчи аял болууга макул болбошу керек. 16-17 жаштагы кыздарым иштеп, бизди багып жатат. Мен төрөсөм кайра эле ошо кыздарыма күч келет. Аларды окута албай калдым. Биз акчанын баарын 14 жаштагы оорукчан балама жумшайбыз, анын денесин псориаз каптап кеткен. Айыктырабыз деп кредит да алдык. Кайын-журтум менен катышпайм, алар балдарга "бир тууганыбыз" деп келишкен да эмес. Биринчи аялына "күйөөбүз үчүнчү аял алыптыр" деп колумда бар сүрөт, видеого чейин жөнөтсөм да унчукпай койду. Мен быйыл гана күйөөм үчүн оюнчук болуп калганымды түшүндүм".

Муниса экинчи аял болуп жашаган 12 жылда гепатитке, кант диабетине чалдыгып, кан басымы көтөрүлүп, ден соолугунан ажыраганына өкүнөт.

Коомчулукта көп аялдуулук темасы ачык талкууланып же иликтене элек. Ошондон улам Кыргызстанда бул маселени ачык көрсөткөн статистика жок.

Сузак айылдык кеңешинде иштеген 12 депутат аялдын бири Захидахан Эгемдердиева аймакта аялдын үстүнө аял ала берген маселе курч экенин ырастады.

Захидахан Эгемдердиева

“Азыр булардын жөлөк пул алышы өтө кыйын, себеби мыйзамдуу никеси жок. Өзүлөрү ойлобой турмушка чыгып алышып, кыйналып жүргөндөрү абдан көп. Кыздарды окутуш керек. Мисалы, окуган, билими күчтүү кыздардын арасында мындай нерсе жок. Алар ажырашып кетсе да ата-энесинин колунда болот, же атасы там салып берип, шартын кылат. Ошол эле учурда көпчүлүк ата-энелер кыздарын окутуп, жогорку билим берүүгө ыктап калды. Дыйканчылык талааларына барсаң жакыр үй-бүлөлөрдөн чыккан кыздар же ажырашкан келиндер гана иштеп жүргөн болот. Азыр биздин балдар кичине эле акча тапса, экинчи аял алат. Бирок, экинчиси менен кичине жашап, балалуу болгондон кийин ал аялдарын таштап кетишүүдө. Эркектер өз вазыйпасын аткара албай жатат”.

Сузак айылдык аксакалдар сотунун төрагасы Равшан Нажимиддинов бул маселени көптөн бери көтөрүп келет. Аялдардын укугун коргоону алдыга сүрөгөн айылдык лидер эрте нике кыйган жана экинчи, үчүнчү аялга нике кыйган имамдарга жаза күчөтүлүшү керек деп эсептейт.

“Көп учурда жашы жете элек кыздар жана ортодо мыйзамдуу нике кагазы жоктор диний никеге туруп жатышат. Ошонун айынан көп үй-бүлөлөр бузулууда. Экинчи нике, тагыраагы эки аялдуулукту жарандык нике деп аташ керек. Алар бир ай жашагандан кийин биринчи аялдары урушуп, ажырашып атышат, анан мүлк бөлүшө албай кыйналышат. Ошондой учурларда биз имам, медик жана милиция кызматкерлери менен үйүнө барып, сурүштүрөбүз. Барганда экинчи аял кылып алганын моюндап, жарандык никеде жашаганын айтып беришет”.

Кыргызстанда кош никеде жашап жаткандардын так саны жок. Бул боюнча мамлекеттик органдар да, жеке уюмдар да статистика жүргүзбөйт.

Аксакалдар сотунун жетекчиси көйгөйдүн түпкү себебин кыздардын билим албай калганынан көрөт. Эл аралык колдоо менен ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында июль айында бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалган.

“Акциябыз үч этаптан турат. Биринчисин айыл өкмөттүн демилгеси менен Сузактагы сейил бакта уюштурабыз. Анда келин-кыздарды чакырып, алар менен психолог, илимпоз, район жетекчилери иштешет. Экинчи акциябыздын алкагында 9-классты бүткөн кыздарды апалары менен кошо Манас шаарындагы коллеж, университеттерге алып барабыз. Эрте күйөөгө чыкпай ушу жерде билим алсаң ийгиликке жетесиң деген ойду жеткиргенге аракет кылабыз. Ал эми үчүнчү акциябызды Жийде деген жердеги форум-театрда өткөрөбүз. Жер-жерлерде эл чогултуп, эрте нике, эки аялдуулук боюнча сценкаларды коюшат. Эми жөн отурган болбойт, аракет кылып, кыз-келиндерди коргогон мыйзам, орган иштеш керек. Буларды коргош керек, келечек ушулардыкы”, - деди Равшан Нажимиддинов.

"Күйөө эмес билим тандоо керек"

Ёдгоранын Сузакта тикмечиликтин сырларына үйрөткөн чеберканасында ар эки ай сайын 10дон ашык кыз келип үйрөнүп кетет.

33 жаштагы эки баланын энеси Ёдгора Сузактын борбордук бөлүгүндө ателье ачып, жаш кыздарды тикмечиликтин сырларына үйрөтүп келатканына үч айдын жүзү болду.

Өзү энесинин каршы болгонуна карабай экинчи аял болуп турмушка чыгып, кайын-журту, күйөөсү жана анын биринчи аялынан запкы көргөнүн жашырган жок. Ажырашам дегенде күйөөсү 60 миң сом махрды жана кулагына таккан сөйкөсүн кайтарып берүүнү талап кылган.

Ёдгора ушундан кийин Аксакалдар сотуна кайрылууга аргасыз болот.

“Жашаганыбызга 2,5 жыл болгондо күйөөм биринчи аялы менен да жашап, аны биздин үйгө чейин алып келип жүрдү. Ажырашканыбызда аялы менин айылыма чейин келип, каргап-шилеген учурлар болду. Үстүмдөн арыз да жазды. Биринчи күйөөмдөн ажырашкандан кийин көп жерде иштедим. Дүкөндөрдө, базарларда сатуучу бодум. Акча аз болгондуктан кыйынчылыкты көп көрдүм. Менин үстүмөн жетекчи болушун эмес, өзүм жетекчи болууну кааладым. Ошондуктан Бишкекке барып окуп, иштеп, өзүмдү алдыга сүрөдүм. Аракетим менен Жалал-Абадга барып да окудум. Мен өзүмө окшогон ажырашкан, акча таба албай, кыйналган кыз-келиндерге жардам берүүнү, аларды окутууну кааладым”.

Ёдгоранын чеберканасында азыр ондон ашык кыз-келин тикмечиликтин сырын үйрөнүп жатыптыр. Ал ушул тапта кардарлардан буюртма алып, акча табат.

Ёдгора

"Шым кыскартып бергиле деп эркектердин кийимдеринен көп алып келишет. Өлчөп алып, бат эле кыскартып беребиз. Үтүктөп да беребиз. Окутуудан башка ушундай да кызматтарыбыз бар. Апасы мажбурлап алып келген кыздар акырында кызыгып, үйрөнүп кетишет".

Мурда кыз баланы окутууну каалабаган бул жамаатта соңку жылдары өзгөрүүлөр болууда. Кыздарынын келечегин ойлогон ата-энелер алардын билимине көңүл бура баштаганы байкалат.

“Кыздар окушу керек. Эгер кыздардын турмушу болбой калса, алардын илими, өнөрү болот. Жашоо ар кандай болуп кетет. Ошого окуп, өзү жактырган кесибин, ишин кылышсын. Буюрса Ошко, Бишкекке окууга тапшырып, диплом алам. Күчтүү дизайнер болууга аракеттенем. Максатым, алдыда мындан да чоң имарат алып иш алып баруу. Азыр кыздарга мен жөн гана сертификат берем. Ошондуктан өз билимимди арттыруу үчүн Ош, Бишкек, Ташкентте окуп келейин деп жатам. Өзүм диплом алып, академия ачып, келечекте диплом берем. Сузагыбызда кыйналган, өсүп жаткан балдарыбыз, өзүмдүн кыздарым үчүн чоң имарат алып, академия ачам. Анда окутуучулар, кураторлор менен көп иштейм деп ниет кылам”.

Биз айтып берген келиндердин тагдыры окшош, алар - кош никенин курмандыгы болгондор.

Мурдагыга караганда кыздарын окутуп, бир кесиптин ээси кылууну каалаган ата-энелер да аздап көбөйүп жатканын активисттер айтат.

Кош нике, үй‑бүлөлүк зомбулук жана балдардын укуктарынын бузулушу - жеке бирөөнүн гана трагедиясы эмес, бүтүндөй коомдун социалдык илдети. Кош нике - аялдарды укуктук коргоодон ажыратып, балдарды билимден жана мээримден алсыратат. Анын айынан коомдо зомбулукка жана гендердик теңсиздикке жол ачкан жагдай түзүлөт.

Мындай терс көрүнүштү көзөмөлдөө үчүн мыйзамдык жактан коргоону күчөтүү, уул-кызга жеткиликтүү билим берүү жана коомдук аң‑сезимди өзгөртүү зарыл. Эң башкысы жогоруда биз баяндаган тагдырларга коомдун кайдыгерлиги уланабы же же аны өзгөрүүгө эрк жетеби, келечек көрсөтөт.