Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

"Күйөөм абакта, карызды мен төлөдүм". Алимент бербеген жаран соттолду

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда алимент төлөбөгөнү үчүн бир адам эки жылга кесилип, сот залынан камакка алынды. Бул ажырашкандан кийин алимент төлөбөгөнү үчүн жазалаган сейрек чаралардын бири болду.

Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын маалыматында айыпталуучу 2017-жылдан бери баласына алимент бербей качып жүргөн. Ал арада аталган органдын алименттен качкандарга жаза катаалдаштырган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин биринчи окуусунан өттү.

"500 миңди элден сурап төлөдүм"

Сот аткаруу кызматынан билдиришкендей, Баткен райондук сотунун 2017-жылдын 3-июлундагы чечиминин негизинде жоопко тартылган жаран уулу 18 жашка толгонго чейин иштеп тапкан жана башка бардык кирешесинин төрттөн бирин төлөөгө милдеттүү болгон. Бирок алимент төлөөдөн качып келгени үчүн 2025-жылдын 1-сентябрына карата карызы 501 821 сомду түзгөн.

“Мындан кийин ага Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин 2-бөлүгү - “Ата-эненин баласын же эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарын багууга сот чечиминин негизинде 12 айдан ашкан мезгилде түзүлгөн карыздын суммасында каражаттарды төлөөдөн качуусу” менен айыбы угузулган. Ишти Баткен райондук соту карап, 2025-жылы 22-октябрда ага эки жылдык пробациялык көзөмөл дайындалган. Жабыркаган тарап соттун бул чечимине макул болбой, жогорку сот бутагына кайрылган. Баткен облустук соту 2-февралдагы өкүмү менен биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарган. Мындан кийин карызкор А. у. Ж. эки жылга эркиндигинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды”, - деп жазылган маалыматта.

Кармалган жарандын азыркы жубайы (аты-жөнүн жашыруун калтырууну суранды-ред.) күйөөсү учурда Ош шаардык тергөө абагында экенин билдирди. Келин алимент үчүн карызды туугандарынан топтоп барып төлөгөнүн айтып ыйлады. Ал күйөөсүн үй камагына чыгарууну суранууда.

“Кимге кайрыларымды билбей отурам. Азыр Оштогу тергөө абагында кармалып турат. Жолдошум экөөбүз 2016-жылы үйлөнгөнбүз. 2017-жылы кош бойлуу болгондо никеге турганбыз. Ошондо мурдагы аялы алиментке берген. Он жаштагы уулу бар. Үйлөнгөндөн кийин үч балалуу болдук. Азыр сегиз айлык боюмда бар. Сот 9 миң сомдой алимент кескен. Аны квартал сайын төлөп турчубуз. Акыркы жолу “жер алам” дегенде күйөөм “кое тур, балама үй салып берем” деп сүйлөшкөн экен, макул болуптур. Ошону кагазга жаздырып албаптыр да. Күйөөмдүн кулагы басмырт. Сотто жакшы укпай эле “макул” деп баш ийкей бергенби деп ойлоп жатам. Азыр тууган аттуунун баарын кыдырып, 550 миңдей сомду карызга алып төлөп келдим. Квитанциялары колумда турат. Аны көргөзсөм Жогорку сот чечет дешти. Мамлекеттик адвокаттар деле пул бербесең иштебейт экен. Эркин адвокаттардын акысы 100 миң сомго барат экен. Алар ишти карагыча үч-төрт ай өтүп кетиши мүмкүн дешти. Биз деле Москвада иштедик, үй салганга менин ата-энем жардам берген. Андан тышкары кредит алганбыз, айдын соңунда аны төлөш керек. Жакын арада көз жарганы турам. Эмне кыларымды билбей башым катты”.

"Алтымыш миңдей адам алимент төлөбөй жүрөт"

Алимент төлөбөгөнү үчүн эркинен ажыратылган учур Кыргызстанда буга чейин катталган эмес. Бирок насыя алууга, чет өлкөгө чыгууга чектөө коюу, мүлкүн камакка алуу өңдүү жоболор иштеп жаткан.

Башкы прокуратура алимент төлөбөгөн адамдарды мажбурлап ишке орноштуруу жана алардын эмгек акысын баланы багууга каражат кармап калуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Ага ылайык, үч ай алимент төлөбөсө үч күнгө, бир жыл төлөбөсө жети күнгө камакка алуу, 12 айлык карызы болсо 100дөн 200 саатка чейин коомдук ишке тартуу же бир жылга эркинен ажыратуу, кирешесин же мүлкүн жашырып, же сот аткаруучунун токтомун аткарбаган учурда 100 миң сом өлчөмүндө айыпка жыгуу же үч жылга эркинен ажыратуу каралган.

Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруу кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Жыргалбек Курманбековдун айтымында, Кыргызстанда 60 миңдей адам алимент төлөбөй жүрөт.

“60 миңдей жараныбыз алимент төлөбөй жүрөт. Тагыраак айтсам, 60720 аткаруу барагыбыз азыр иште турат. 1543 документ аткарылды. Карызкор бир жерде иштесе, ошол мекемелердин бухгалтерияларына 2199 документ жиберилди. Сот чечимине ылайык, канча акча чегирилсе, ошону алып берүү процесстери көзөмөлгө алынды. Андан сырткары качып кеткен, бир жылдан ашуун алимент төлөбөй жүргөн адамдар бар экен. Аларга карата 1205 издөө иштерин уюштурдук. Ошончо киши азыр издөөдө. Белгилей кетсек, 2025-жылдын жыйынтыгы менен жалпысынан алимент алуучуларга 270 млн 550 миң 750 сом акча каражатын өндүрүп бердик”.

Башкы прокуратуранын алиментке байланыштуу мыйзамы Жогорку Кеңештин 4-февралдагы отурумунда каралды. Анда айрым депутаттар мыйзамдагы кылмыш жоопкерчилигине тартуу жобосун жумшартууну өтүнүштү. Алар соттуулугу бар адамдын жакындары кийин укук коргоо органдарына иштей албай турганын жүйө келтирип, ансыз да атасыз өсүп жаткан баладардын келечегин ойлоо керектигин айтышты.

Жыргалбек Курманбеков ата-энени сот жообуна тартуу баланын келечегине терс таасир этери эске алынганын, ошон үчүн маселени сотко жеткирбей чечүү аракеттери жүрө турганын белгиледи.

“Азыркы учурда алимент төлөбөй жүрсө карызкорго Укук бузуулар кодексине ылайык айып салынат. Кылмыш-жаза кодексине ылайык чаралар көрүлөт. Биз бул чараларды жетишсиз деп эсептейбиз. Жаңы мыйзам долбоорунда карызды убагында өндүрүү боюнча конфликтүү маселелерди карап чыктык. Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинде ата-энеси алимент төлөбөгөнүнө байланыштуу кылмыш жоопкерчилиги каралган. Бирок карызкорду кылмыш жоопкерчилигине тартуу баланын келечегине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Алар кийин мамлекеттик, муниципалдык кызматка ишке орношо албай калышы мүмкүн. Ошого жеткирбейли деп, Укук бузуулар кодексине ылайык карызкорду адегенде үч сутка, ага да болбосо жети сутка камакка алууну сунуштап жатабыз. Алыскы райондордо бул жаза таасирдүү болобу дейбиз. Акчасын төлөбөй жаткан кишиге кайра-кайра айып салуунун кажети канча? Учурда 400дөн ашуун кылмыш иши козголду. Азыр ал боюнча дагы тергөөчүлөр менен иштешип жатабыз. Жыйындар өткөрүлдү. Милиция карызкорго маселени сотко жеткирбей чечүүнү түшүндүрүүгө тийиш. Биз эми сот кандай чечим чыгарса, ошону аткарышыбыз керек”.

Жыргалбек Курманбеков алимент мыйзамы аял-эркекке бирдей иштей турганын белгиледи.

Кыргызстанда буга чейин миграцияда жүргөн аялдардын күйөөлөрү алимент өндүрүү үчүн сотко кайрылган учурлар да катталган.

Сот аткаруу кызматы карызкор четте жүргөн учурда алимент өндүрүү ишин ошол өлкөнүн мыйзамдарына, эл аралык келишимдерге жана эки тараптуу макулдашууларга ылайык жүргүзөт.

"Баланын кызыкчылыгын ойлош керек"

Айдай мындан он эки жылдай мурда турмушка чыгып, төрт балалуу болгон. Бул аралыкта ал күйөөсүнүн ур-токмогуна жана психологиялык басымына бир канча жолу кабылган. Көргөн кордугу жанга батканда балдарын алып үйүнөн чыгып кеткен. Күйөөсү “алимент сурабайм” дегенден кийин гана ажырашууга макул болгон.

“Тынчтык бербей койгондо балдарды алып төркүнгө баса бердим. Кол көтөрүп, дайыны жок кызганып кулак-мээмди жеп койчу. Кетип калгандан кийин артымдан сая түшүп коркутуп жүрдү. Айлам кеткенде айылдагы ата-энемди чакырып, чогуу турдум. Төрт балам менен үч жылдай 45 миң сом төлөп батирде жашадым. Акыры сүйлөшүп, алименттен баш тартканда гана ажырашууга макул болду. Үчүнчү баламдын тили кеч чыкты да. Логопедге, психиатрга, невропатологго деги койчу алып барбаган жагым калбады. Жок дегенде ушуга жардам бер десем, бир жолу 10 миң, андан кийин 15 миң сом салды. Андан кийин акча сурасам же жүрөгү, же башы ооруп, айтор ар кайсы шылтоону айтып туруп алды. “Мени өлтүрөсүң го акыры” деп догурунганда, мейли эми жүзгө чыкчы деп жайына койдум. Сот ажыраштыргандан кийин да телефондон сөгүп, коркутуп жүрдү да. Бир жолу ачуум келгенде “минте берсең, кайра алиментке жазам” дедим. Ошондон бери дайыны жок, кайда экени белгисиз. Балдарды өзүм багып жатам”, - дейт келин.

Кыргызстанда Айдай сындуу аялдар арбын. Алар көп учурда балдарын жалгыз багууга аргасыз. Айрымдары машакаттан качып же намыстанып сотко кайрылбайт.

Бирок мурдагы судья, "Сезим" кризистик борборунун юристи Клара Сооронкулова алимент баланын кызыкчылыгы үчүн берилчү акча болгондуктан аны өндүрүп алууга кеңеш берди.

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

“Жакында Сузактан бир келин келди. Беш баласы менен үйүнөн качып чыгыптыр. Күйөөсү сабайт экен. “Эптеп ажырашсам болду, эч нерсенин кереги жок” дейт. Эмнеге кереги жок, беш баланы кантип багасың дедик. Кичүү баласы эмчекте экен. Алимент – бул намыс эмес, сот чечкенден аны кийин алыш керек. Балдарды ойлош керек да. Бизде 2-3 миң сом алимент алган аялдар бар. Анткени күйөөсү кирешесин жашырып койгон же мүлкүн туугандарга каттаткан. Көпчүлүк аялдар миграцияда жүрүп салган үйүнө ээ болбой талаада калууда. Жок дегенде балдары чоңойгуча үйдөн куулбай тургандай механизмдерди киргизүү керек. Үйү жогунан зөөкүр күйөөсү менен жашап, аягы трагедия менен бүтүп жатпайбы. Алимент төлөбөш үчүн аталык укуктан баш тарткандар бар. Мыйзамга ылайык, аталык укуктан ажыраган күндө да алимент төлөш керек. Ошону көп аялдар билбейт. Атасынын уруксаты жок эле бала менен тышка чыгууга уруксат алса да болот. "Алимент төлөбөйт" деп арыз жазса, уруксатты сот берет. Бирок бизде айрым соттор ишти созо берет да. Ошон үчүн аялдардын соттон башы чыкпайт же тажап баргысы келбейт. Система жалпысынан аялдарды коргобойт. Биздин коом жакшы уулду тарбиялап, бирок жакшы ата, жакшы күйөө болгонду үйрөтпөйт экен. Медиа каражаттар да жакшы аталардын образын көрсөтпөйт".

Клара Сооронкулова муну менен катар алимент төлөбөгөндөрдү жазалоо мыйзамы Баш мыйзамга кайчы келерин белгилейт. Юрист Конституцияда “Кимдир бирөө жарандык милдетин аткарбаганы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбашы керек” деп жазылганын эске салды.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк кодекске ылайык, ажырашкандан кийин бир балага кирешенин 1/4, эки балага 1/3, үч же андан көп болсо 50% берилүүгө тийиш. Алимент тараптардын ич ара сүйлөшүүсү же сот аркылуу чегерилет.

Маселе сот аркылуу чечиле турган болсо алимент сураган жаран баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, нике же никенин бузулганын ырастаган күбөлүк, арыз берүүчүнүн паспортунун көчүрмөсү, жашаган жеринен маалымкат, үй-бүлөлүк дарыгердин баланын дени-карды тууралуу маалымкатты тапшырууга тийиш.

Соңку жылдары Кыргызстанда ажырашуулар көп катталып жатканы айтылып келет. 2025-жылы 45 миң түгөй никеге турса, анын 13 миңи кайра ажырашкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG