Кыргыз операсынын легендасы Кайыргүл Сартбаева түбөлүк жайга кетти

Маркум Кайыргүл Сартбаева 22-октябрда Бишкекте акыркы сапарга узатылды. 2026-жыл

Опера өнөрүнүн көрүнүктүү өкүлү Кайыргүл Сартбаева 22-октябрда Бишкекте акыркы сапарга узатылып, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Маркум быйыл июнда 90 жашка толгон.

Кыргыз операсынын легендарлуу ырчысы, СССРдин жана Кыргызстандын эл артисти, көптөгөн мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктардын лауреаты Кайыргүл Сартбаева 60 жылдан ашуун сахнада ырдаган. Чебер 75 жашында ыйык сахнаны жаштарга аманат кылып, өткөрүп берген. Андан кийин педагогдук иш менен алектенип, таланттарды тарбиялаган.

“Азаттык” Кайыргүл Сартбаева менен Бурулкан Сарыгулованын 2016-жылы жазылган сыябан-маегин сунуштайт.

- Кайыргүл эже, кызык суроо туулат, биология боюнча адис болгусу келген кыз жүрүп отуруп операнын чоң сахнасында жылдыз болуп чыкты. Ушул жол кайдан башталды?

- Балалык тагдырым өтө аянычтуу болду. Себеби, ата-энеден кичинекей кезимде айрылып калып, ар кимдин, ар кайсы тууган-туушкандын колунда өстүм. Бирок, менин ырчылык өнөрүм бала кезимден калыптанган окшойт. Саякбай Каралаев атабыз Абдылас Малдыбаев өңдүү артисттер, өнөрлүү адамдар айылды кыдырып келишчү. Кандай гана бактылуу адамдар деп суктанчумун. Биздин айылга келгенде атам мени сөзсүз койнуна катып, алып барат эле.

Менден улуу эжем, Наки Сартбаева мунун тагдыры кандай болор экен десе керек, мени ал кездеги Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун алдындагы 10 жылдык интернаттын 7-классына алып келип киргизди. Шарттары абдан жакшы экен: бекер тамак, бекер кийим, бекер жатакана.

Кайыргүл Сартбаева 60 жылдан ашуун сахнада ырдаган

- Ал кезде кыздардын сабатсыздыгын жоюу деген саясат күчтүү болчу да.

-Ооба. Ошонун негизинде берилсе керек го. Республика боюнча жетим, кароосуз калган кыздарды чогултуп келип окутуп, билим берүү маселеси ал убакта абдан катуу көтөрүлгөн экен. Ошол мектепти "жетимкана" деп койчу, өздүк-көркөм чыгармачылык аябагандай жакшы жолго коюлуптур. Сережа байке деп койчубуз, орус киши аккордеон тартчу, мени аябай жакшы көрөр эле. Өзүмдүн ден соолугум эң эле начар болчу. Чачым сапсары, узун, тиземе жетет. Өзүм анчалык деле көзгө көрүнө тургандай эмес элем. Кийин чоң артист болуп кете тургандай мүмкүнчүлүгүм деле жок болчу. Бирок, Сергей байке аябагандай көңүл бурчу. “Сенин угуу сезимиң абдан жакшы” дечү. Анда нота дегенди билбейм. Аспап, роял же пианино дегенди көргөн эмесмин.

- Ошол кезде сизде артистикке ыктаган ойлор болгонбу?

- Эч убакта ойлогон эмесмин. Интернатты Кудай буюрса бүтсөм, биологиялык факультетин окуп алып, мугалим болуп иштесем болот дечүмүн. 1954-жылы болсо керек, анда Сталин көчөсү деген көчө бар эле. Ошол көчөдө биринчи стадион ачылды. Ошол ачылышта мага хор менен ырдайсың деп айтышты. Жүрөгүм дүкүлдөп, кантип ырдайм деп коркуп жатам. Сережа байке: “Сен эч кандай апкаарыба, ырдайсың, мен сага үйрөтүп берем” деп бир айча үйрөттү баарыбызды хорго. Ыр майрам бүткөндөн кийин элдин баары кол чаап, гүл беришти. Интернатка келсек, класс жетекчибиз: “Ай, Кайыргүл, Маданият министрлигинен эртең саат 11де келип кетүүңдү айтышты” деп калды.

Маркум менен коштошуу зыйнаты. Опера жана балет театры. Бишкек, 22-октябрь, 2026-жыл

Эртеси бардым. Маданият министри Абдыкадыр Казакбаев кабыл алды Анан: “Кызым, сен Москвага барып, консерваториядан окугуң келеби?” деди. Мен таң калып эле калдым. “Консерватория деген эмне, консерва жасай турган фабрикабы же заводбу?" деп сурадым. Бардыгы каткырып күлүп калышты. Билбейт элем чынында. “Жок, сенин үнүң жакшы экен. Сен азыр кичинекейсиң, сен дагы өсөсүң, өнөсүң. Мен ошол жакка сессияга баратам. Сени учак менен алып кетем” деди. Жүрөгүм дүкүлдөгөнүн сураба. Ошентип, макул болуп, Абдыкадыр Казакбаев мени учакка салып, Москвага алып барды. Москвада консерваторияда тогуз жыл окудум. Кийин баарын көрүп, түшүндүм. Абдыкадыр Казакбаев алтындай адам болчу. Ал киши менин ырчылык тагдырыма, жалпы эле калыптануума абдан көп салым кошту.

"Чио-Чио-Сан" операсындагы Мадам Баттерфляй

- Бир сынакта 23 тапшыруучу болуп, ошонун ичинен үчөө эле тандалып алынган деп угуп калдым бир жерден. Ал кайсы учур?

- Ал кийин, Токиодо өтө турган Мадам Баттерфляй атындагы эл аралык конкурсту айтып жатасың. Мен Чоң театрдын тажрыйба алмашуу тобуна тапшырып жатам. Ошого конкурс жарыяланып, ага мага окшогон 23 жаш ырчынын арасынан Кыргызстандан мен, Казакстандан Жубатарова Раиса деген татынакай үндүү ырчы, Грузиядан Томадзе деген кыз үчөөбүз гана өттүк. Ал топту Ирина Констатиновна Архипова деген атактуу профессор, академик, Советтер Союзунун Эл артисти, Чоң театрда солист болгон киши жетектейт экен. Мен эки жыл ал жерде тажрыйба алмашуудан өттүм. Ошондо айтты: “Ай, сенин кебете-кешпириң татынакай, Италиянын композитору Пуччининин “Чио-Чио-Санынын” Мадам Баттерфляйына ылайыктуу болуп турасың. Сенин үнүң да ошого дал келет, лирика, драма, сопрано” деп. Анан сынактан өтсүн деген тапшырма болду. Ошентип, мен алты айдын ичинде баштан-аяк ал операга даярданып чыктым. 1972-жылы 18-ноябрда биринчи премьераны ойнодум.

Маркумдун сөөгүн алып чыгып бараткан аскерлер. 22-октябрь 2026-жыл

- Баттерфляй кийин сиздин визиттик карточкаңыз эле болуп калды окшойт?

- Менин чыгармачылыгымдагы, ырчылык өнөрдөгү эң негизги учурлардын бири да.

- СССРдин эл артисти наамын ошол аркылуу алдыңыз. Ушул ролуңузду өзүңүз чын эле эң бийик деп эсептейсизби? Элүүдөн ашык партияны аткарыптырсыз.

- Биздин академиялык опера, театрында менин үнүмө шайкеш келген репертуардын бардыгына катыштым. 60 жыл сахнада болуш оңой эмес. Айчүрөк менен Баттерфляй менин ырчылык өнөрүмдөгү эң негиздүү образдар, чыгармачылыгымдын туу чокусу деп ойлойм.

Негизи менин биринчи кадамым “Айчүрөктөн” башталган. Абдылас Малдыбаев байке анда тирүү эле. Ал киши менен сөзсүз кабарлашып, кеңешип турчумун. “Ушуну аткарсам кандай болот?” десем, аябай сүйүндү. “Айчүрөктүн арбагы колдосун, Кайыргүл. Сен кыргыздын кызы болгон соң сөзсүз өзүбүздөн баштагының” деди. Ошентип, Москвада даярдап келип, 1962-жылы биздин академиялык опера, балет театрынын сахнасына биринчи жолу Айчүрөк менен чыккам. Андан кийин Татьяна (“Евгений Онегин”), Лиза (“Пиковая дама”), Дездемона (“Отелло”) баштаган көп партияларды аткардым.

- Сахна, өнөр сиздин жеке тагдырыңызга кандай таасир этти?

- Кудай берген уул-кызым бар. Экөөнөн тараган алты неберем, беш чөбөрөм бар. Ошолор - менин бактым. Бирок, ушул убакка чейин мен чыгармачылыгымды биринчи орунга коем. Менин жашоом театрга байланды да.

Кайыргүл Сартбаева. 2021-жыл

Жолдошум Кубанычбек Арзиев биздин академиялык опера театрында башкы режиссер болчу. Москвада бирге окуп келгенбиз. Ал киши мага ушундай бир даңгыр, таза жолду ачып берчү. Тилекке каршы, абдан эрте, 45 жашында өмүрдөн өтүп кетти. Бирок, мактанарым – экөөбүз тапкан уул Искендер Сартбаев азыр атасынын жолун жолдоп, опера жана балет театрында башкы режиссер жана көркөм жетекчи болуп иштеп атат.

- Билебиз. Ишинде ийгилик болсун албетте. Сиз өзүңүз сахнага чыгып атасызбы?

- Жок, азыр мен чыкпайм. Себеби, мен 75ке чыкканда “Айчүрөктү” аткардым да, театр менен коштошком. Көшөгөнү өөп: “Канча жыл мени бактың. Менин көз жашым, жаркыраган адамдык, аялдык, актрисалык бактылуу учурларым так ушул сени менен бирге болду” деп коштоштум да, жаштарга орун бердим. “Эми мындан кийин кудай буюрса, Болот Миңжылкиев байкеңердей, Кайыргүл эжеңердей болуп сактагыла сахнаны. Сахнаны таза сактагыла. Музыканын тазалыгын мен өмүр бою сактап келдим Ошондой болгула” деп, рахматымды айтып, Кудай астында бата берип, театрдан кеттим.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Азаттыктын" архиви: Кыргыз операсынын легендасы Кайыргүл Сартбаева