Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:08

Маданият жетекчилеринин акыркы алпы


Маркум Марклен Баялинов.
Маркум Марклен Баялинов.

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, мурдагы маданият министри Марклен Баялинов акыркы сапарга узады. Маркум менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү.

Баялинов 5-июлда 86 жашка караганда каза болду. Замандаштарынын айтымында, Баялинов кыргыз маданиятын алтын доорго жеткирген таланттуу маданият ишмерлеринин акыркы могиканы эле.

Маркум кезинде Опера жана балет театрынын жетекчиси болуп турганда СССРдин эл артисттери Болот Миңжылкыев, Кайыргүл Сартбаева, Хусейин Мухтаров, Токтонаалы Сейталиев, Айсулуу Токомбаева, Чолпонбек Базарбаев сыяктуу опера жана балет искусствосунун чыгаандары өсүп чыккан. Бул тууралуу ошол мезгилде жылдызы жанган таланттардын бири, СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева кеп салып турду.

«Ал маданият министри болуп турганда чоң жетишкендиктер болду. Опера жана балет театрына эки жолу директор болуп келди. Ал бар кезде репертуарыбыз жаңырды. Жаштарга колдоо болду. Марклен Күлүйпа Кондучаловадан таалим-тарбия алган кадр экен. Абдан таза, суктанарлык адам эле. Ишине да, адамдар менен болгон мамиледе да өтө таза, маданияттуу болчу».

Сартбаева Баялинов жетекчи болуп турган мезгилде кыргыз операсы жана балети алгачкы жолу эл аралык деңгээлге чыгып, союздук республикаларга гастролдоп, кадыр-баркы көтөрүлгөнүн белгиледи.

Эл артисти Дарика Жалгасынова Марклен Баялиновдун жеке адамдык сапаты тууралуу кошумчалап, буларга токтолду:​

«Мен бул театрга 1966-жылы келдим. Театр үчүн бул кишинин орду абдан чоң. Иштеген кызматтары да жогорку даражада болгон. Маданият министри да болуп турду. Операга жетекчи болуп келди. Биз «анын убагында кыргыз опера жана балет театрынын гүлдөп турган алтын доору болгон» деп айтып келебиз. Ал ошол алтын доордун алтын адамы эле. Өзүнүн адамкерчилиги, сулуулугу, келбети, ички маданиятынын бийиктиги менен эле баарын алып койчу. Баялиновду көргөн кишинин баары ал маданияттын адамы экенин билип турчу. Ал залкар инсандын залкар уулу эле».

Марклен Баялинов 1933-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. 1958-жылдан баштап Маданият министрлигинде ар кандай кызматтарда иштеп, 1985-1989-жылдары Кыргызстандын маданият министри болуп турган. Таланттуу жазуучунун үй-бүлөсүнөн чыккан билимдүү, маданияттуу жигит кайсы жумушта иштесе да жаштарга үлгү болгон экен. Аны жаш кезден туу тутуп келген инилеринин бири - Латыпжан Сагынбаев.​

«Марклен Касымовичтин адамдарга болгон мамилеси, сүйлөгөн сөздөрү, көчөдө басып бараткан карааны ошол убактагы жаштарга үлгү болгон. Биз аны карап «Бул кандай гана сонун инсан! Кайсы жерде иштейт болду экен? Биз да ошондой бололу» деп суктанчубуз. Ошол маданияттуу адам маданият тармагын ар тараптан көтөрдү».

Марклен Баялинов коммунисттик системада жашап жатып либералдык дөөлөттөрдү тутунган жетекчи болгон. Бул тууралуу искусство таануучу, маркум менен чогуу иштешип калган Жаныш Кулмамбетов айтты:

Жаныш Кулмамбетов.
Жаныш Кулмамбетов.

«60-жылдардын ичинде Мар Байжиевдин «Төрт адам» деген пьесасы коюлган. Ал кыргыз драматургдарынын ичинен биринчи болуп советтик системаны сындаган чыгармалардын катарына кирет. Ошол эле учурда Токтоболот Абдумомуновдун «Жыгылган ооганга күлөт» деген комедиясы коюлган. Автор ал чыгармасында Коммунистиик партиянын жетекчилерин сындаган. Андан сырткары Грибоедовдун «Акылдан азабы» Москвадан режиссер алдырып келип сахналаштырып, ал советтик системанын концепциясына туура келбей турган спектакль жаратып кеткен. Ошонун баарын чаң жугузбай сактап калган, Баялинов».

Кулмамбетов Марклен Баялинов 1961-жылы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Бетме бет» спектакли боюнча чоң талаш чыгып, аны сахнадан алдыруу боюнча демилге көтөрүлгөндө да автор менен биргелешип аны коргоп калганын кошумчалады.

Марклен Баялинов жеке чыгармачылыгында да аз, бирок жемиштүү иштеп, «Саманчынын жолу» либреттосун жаратып, 1975-жылы бул эмгеги үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Опера жана балет театрында коюлган «Маңкурт» балетинин либреттосун да Баялинов жазган.

Баялинов - кыргыз совет адабиятынын түптөөчүлөрүнүн бири Касымалы Баялиновдун уулу. Маркумдун жалгыз уулу Камил Баялинов өлкөнүн алгачкы президенти Аскар Акаевдин биринчи басма сөз катчысы болгон. Атасынын зыйнатына келген уулу азыр Канадада жашайт экен.

86 жашында көзү өткөн Марклен Баялинов менен коштошуу Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө, ата-энесинин жанына коюлду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG