"Кыргызмунайгаздын" дүрбөткөн кылыгы

"Кыргызмунайгаз" ишканасы.

"Кыргызмунайгаздын" элдеги акцияларын чогулта баштаганы акционерлерди нааразы кылды. Жергиликтүү акционерлер "мындай жол менен ишкананы Орусиянын "Газпромуна" толугу менен сатуу аракети көрүлүп жатат" деп шек санашууда.

Акционердик коомдун жетекчилиги өндүрүштү арбытуу жана жаңы кен аймактарын ачуу максатында инвестиция тартып жатканын билдирди. Ал ортодо кыргыз өкмөтү менен "Газпром" ишканасынын ортосунда “Кыргызнефтегаз” боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканы белгилүү болду.

Нааразы болгон отуздай акционер 13-мартта Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдына чогулду. Акционерлердин бири, шаардык кеңештин депутаты Абдилмурат Нышанкуловдун айтымында, колунда акциясы барларга "май айына чейин акцияңарды 48 сом 19 тыйындан саткыла" деген билдирүүлөр келип, эл арасында "акция жок болуп кетиши мүмкүн" деген чочулоо пайда болгон. Ушундан улам депутат "Кыргызмунайгаз" Орусиянын "Газпром" ишканасына толугу менен сатылганы жатабы деп шекшип жатканын билдирди.

- "Кыргызмунайгаз" ишканасы былтыр 102 миң тонна мунай өндүрүп, планды 120 ашыгы менен аткарыптыр. Жылдан жылга киреше менен чыгып жатат. Эмне себептен кирешелүү өндүрүштүк ишкананы "Газпромдун" колуна карматып коюшубуз керек? Өзүбүз иштетсек болбойбу? Биз убагында Майлуу-Сууга газды жети сомдон берип келгенбиз, азыр "Газпром" бизден алып, аларга 15 сомдон сатып жатат. Жыл сайын баа көтөрүлүп турат. Бул аракет - Кочкор-Ата шаарынын тургундарын жана "Кыргызмунайгазда" иштеген жумушчуларды ойлонто турган жагдай. Ишкана толугу менен сатылып кетсе, анын эртеңки тагдыры кандай болот? Ошондуктан колуңардагы акцияңарды сатпагыла жана ишкананы сактап калгыла.

"Кыргызнефтегаз" боюнча чогулуш.

Учурунда бир топ жыл бою “Кыргызмунайгаз” ишканасында иштеп, ушул жерден ардактуу эс алууга чыккан Сапарбек Камбаров Кыргызстандагы жападан-жалгыз мунай өндүргөн ишкананы сактап калууга чакырды. Ишкананын айланасындагы жагдай тууралуу ардагер буларга токтолду:

- Ишкана азыр карапайым элдин балдарын жумушка албай жатат. Жаңы келген жетекчилиги өз тааныштарын жана туугандарын топтоп алган. Келген текшерүүчүлөр алардын чайын ичип алган соң "баары жайында" деп кетишет. Мен муну коркпой эле айта алам. "Кыргызмунайгаздагы" азыркы система ушуга алып баратат. Кезегинде Түркиядан да ишкерлер инвестор болуп келген. Бирок чоңдор койгон талапка макул болбой кетип калышкан. Башка жактан келген инвесторлорду качырып, "Газпромго" өткөрүп бергенибиз туура эмес. Элдин колундагы байлыкты сатпагыла.

"Инвесторго 100% акция керек"

"Кыргызмунайгаз" ишканасынын башкы инженери Тимур Мураталиев өндүрүштү өркүндөтүү жана жаңы кен жайларын ачуу максатында өкмөт Орусиянын “Газпром" ишканасы менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн, буга байланыштуу учурда эки тараптан тең жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди.

- "Кыргызмунайгазга" Өзбекстандан, Кытайдан да инвесторлор келишти. Бирок кыргыз өкмөтү акыркы бир ай ичинде Орусиянын "Газпром" ишканасы менен белгилүү бир сүйлөшүүлөрдү жүргүзүптүр. Учурда кыргыз өкмөтү жана "Газпром" тараптан жумушчу топ түзүлгөн. Ага биздин директор жана мүлк министринин орун басарлары да кирген. Бирок алар азырынча сүйлөшүү баштай элек. Кайсы инвестор келсе да ишенимдүү болушу үчүн 100% акциясын сатып алууну каалайт. "Газпромдун" да ошондой талабын аткарыш үчүн азыр биз элдеги акцияларды чогултуп жатабыз, баарын болбосо да 100% жакыныраак болсун деп. Бул маселени биз жумушчулар жана директорлор кеңеши менен да сүйлөшкөнбүз. "Эгерде "Газпром" ишканасы "Кыргызмунайгаздын" акцияларын сатып алып, инвестиция сала турган болсо жумушчулардын кызыкчылыгы да корголушу керек" деп айтып жатабыз.

30 жылдан бери иштеп жаткан техникалык каражаттардын эскилиги жетти. Жаңы аймактарга чалгындоо иштерин жүргүзүүгө ишкананын мүмкүнчүлүгү жетпейт.
Тимур Мураталиев

Жалал-Абад, Кочкор-Ата жана Майлуу-Суу шаарларынын калкын көгүлтүр от менен камсыз кылган ишканада азыр жалпысынан 2500 кызматкер бар. Ишкана былтыр 102 миң тонна мунай өндүргөн. Ошол эле учурда газ өндүрүү 5 млн. кубга азайып кеткен. "Кыргызмунайгаз" жылына мамлекеттик төлөмдөргө 700 млн. сомдун тегерегинде каражат төгөт.

- 1970-жылдары ачылган кен аймактарыбыз азыркыга чейин иштетиле элек. Кээ бир 30 жылдан бери иштеп жаткан техникалык каражаттардын эскилиги жетти. Жаңы аймактарга чалгындоо иштерин жүргүзүүгө ишкананын мүмкүнчүлүгү жетпейт. Кытайлык инвесторлор андан баш тартууда. Союз мезгилинде жылына жарым миллион тоннага жакын мунай өндүрүлгөн. Ошол көлөмгө чыгышыбыз керек. Ошондуктан мамлекет өндүрүштү көбөйтүү максатында инвестор издеп жатат. 2020-жылдан кийин биздин эски технология менен чыгарган өндүрүм эч нерсеге жарабай калат, - деди ишкананын башкы инженери Тимур Мураталиев.

Былтыр декабрь айында өкмөт башчысы Сапар Исаков “Кыргызнефтегаз” ишканасы менен жеринде таанышып, жумушчулары менен жолуккан. Анда премьер-министр ишканага мамлекеттик деңгээлде инвестор тартылып, бул үчүн Орусиянын "Газпром" ишканасы менен сүйлөшүүлөр жүрөрүн билдирген. Өкмөттүн аппараты чечимди акционердик коом өзү кабыл алганын билдирип, кошумча комментарий бере албай тургандыгын билдирди.

1950-жылы Майлуу-Суу-4, Избаскент жана Чыгыш Избаскент мунай кендеринин ачылышы менен 1955-жылы "Кыргызнефть" мунай өндүрүү башкармалыгы түзүлгөн. 1997-жылы ал өкмөттүн токтому менен "Кыргызмунайгаз" ачык акционердик коомуна айландырылган. Учурда ишкананын 85,16% акциясы Мамлекетик мүлк фондуна, 3,9% Социалдык фондго жана калганы юридикалык жана жеке жактарга тиешелүү. Ишкананын жалпысынан 2 миңден ашык акционери бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.