Камактагылар түнкү сот иштерине каршы

Равшан Жээнбеков.

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандар сот иштери күндүз жана журналисттердин катышуусунда өтүшүн талап кылышууда.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камактагы тарапташтарынын жана экс-депутат Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын сот 4-февралга оогон түнү караган. Алар бүгүн тараткан билдирүүсүндө бийлик, сот жана укук коргоо органдары кысымга алып жатышканын билдиришүүдө. Ошол эле кезде Кой-Таш окуясында башаламандык уюштургандар жоопко тартылышын талап кылгандар да бар.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын 4-февралга оогон түнү, түнкү саат 1де карап, аны 9-апрелге чейин камакта калтырды. Анын адвокаты Замир Жоошевдин маалыматы боюнча, сотто тергөөчүлөр Жээнбековду бошотсо, качып кетиши жана тергөөгө тоскоолдук кылышы мүмкүн деген өтүнүч келтирген.

Замир Жоошев.

«Жээнбеков августтан декабрга чейин эки ирет Европага барып келген, качса ошондо эле качып кетмек да. Экинчиден, тергөөгө тоскоолдук кылбай эле, дайыма чакырганда барып турган. Ошондуктан бул жүйөлөрдүн баары негизсиз», - деди ал.

Жабык сот Жээнбековго чейин президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун, экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин, Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевдин жана Атамбаевди колдогон Фархат Баабиев менен Рыспек Карыпбек уулунун бөгөт чарасын карап, аларды да 9-апрелге чейин камакта калтырылган. Ал эми парламент депутаты Асел Кодуранованын үй камагындагы мөөнөтү эки айга узартылды.

Ал эми 4-февралда Биринчи май райондук соту Кундуз Жолдубаева менен Ирина Карамушкинанын бөгөт чарасын карап, аларды да 9-апрелге чейин үй камагында калтырууну чечти. Бул тууралуу Жолдубаеванын адвокаты Бакыт Автандил уулу «Азаттыкка» билдирди.​Кундуз Жолдубаева бир кү​н мурда сот иштерине мындайча баасын берген:

Кундуз Жолдубаева.

«Сотко жеткенде бул иш кыйрайт. Эки жылдан бери кандай сот отурумдары өтүп жатканын көрүп жатабыз. ЖЭБ жана башка иштер боюнча сот иштери кандай өткөнүн бардык коомчулук көрдү. Жада калса бөгөт чарасын аныктоо боюнча иштери да кандай каралып жатканын көрүп, биз бул сотторго ишенбейбиз. Азыр соттор көз каранды».

4-февралда Атамбаевдин тарапташтары жана экс-депутат Равшан Жээнбеков сот иштерин күндүз, журналисттердин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүүнү талап кылган билдирүү таратышты. Ага учурда тергөө абагында кармалып турушкан Равшан Жээнбеков, Канат Сагынбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фаркат Баабиев, Карыпбек уулу Рысбек жана Фарид Ниязов кол койгон.

Кайрылууда «Кой-Таш окуясына байланыштуу жасалма кылмыш иши боюнча жоопко тартылып жаткан саясатчыларга, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына кысым болуп жатат. Бийликке көз каранды өкмөттүк комиссия бийликтин кызыкчылыгына жооп берген, УКМКнын, ИИМдин башчыларын жана башкы прокурорду актаган, ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жана анын тарапташтарын каралаган чечим чыгарууда» деп жазылган.

Дагы караңыз Кой-Таш окуясы: тергөө аяктады

Ал эми КСДПнын Атамбаевден бөлүнүп кеткен тобунун лидери Сагынбек Абдрахманов мындай дейт:

«Ал жерде киши өлтүрүү болуп, башаламандык уюштурулуп, машинелер талкаланып, баллондор өрттөнүп жатат. Аны уюштурган бирөө жооп бериши керек да? Асел Кодуранова да, Ирина Карамушкина да колун коюп ант берген да, парламентте. Алар Атамбаевди тукурбай, тескерисинче «суракка бар» деп айтышы керек эле. Эч кандай куугунтук болгон жок. Ким ушул окуяларга катышса, ошолор гана суракка чакырылып жатат. Бул ишти комиссия караган, ал өз жыйынтыгын чыгарган».

Былтыр 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылындагы үйүнөн суракка күч менен алып келүү операциясында башаламандык келип чыккан. Анын жыйынтыгында УКМКнын «Альфа» атайын тобунун кызматкери Үсөн Ниязбеков курман болуп, бир нече адам жараат алган. Бул окуядан соң Атамбаев жана анын онго жакын тарапкери камакка алынган. Аларга («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу»), 309-берене («Бийликти күч менен басып алуу») сыяктуу бир канча оор айыптар коюлууда.

Кой-Таш окуясын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган мамлекеттик комиссия иликтеп чыгып, былтыр ал 12-декабрда парламентте талкууланып, токтом кабыл алынган. Комиссия Кой-Таш окуясына Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары жооптуу деген тыянакка келген.

Мурдагы президент жана анын тарапкерлери мындай тыянакка макул болбой, аны саясий куугунтук катары баалап жатышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​