Нооруз: Көк бөрү мелдеши башталды

Жогорку лигада алты команда: "Ынтымак", "Достук", "Сары-Өзөн", "Жаш күч", "Мурас" жана "Ала-Тоо" катышууда. Учурда алар эки тайпага бөлүнүп, ойноп жатышат.

Көк бөрү боюнча “Нооруз 2021” мелдешинин оюндары Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жатат. 

Мелдештин биринчи күнүндө "Сары-Өзөн" командасы "Жаш күч" командасын 11:6 эсебинде жеңди. 

"Сары-Өзөн" жана "Жаш күч" командаларынын оюнчулары беттеш учурунда. 

17-мартта "Достук" менен "Ала-Тоо" командалары беттешип, 7:2 эсебинде "Достук" командасы жеңишке жетти.

Мелдештин финалдык оюндары 21-мартка белгиленген. 

Бүгүн, 18-мартта жогорку лигада "Жаш күч" командасы "Ынтымак" командасы менен күч сынашат. Андан соң "Мурас" жана "Ала-Тоо” командалары беттешет.

Биринчи лигада өлкө аймагынан келген 13 команда төрт тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Мелдеш 21-мартта жыйынтыкталат.

"Достук" командасынын атактуу күлүгү "Бойка" беттеш учурунда. 

“Нооруз 2021” мелдеши коомдук ишмер, экс-депутат Болот Шер жана белгилүү кинорежиссерлор Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналат.

"Достук" жана "Ала-Тоо" командаларынын беттеши.

Нооруз майрамынын урматына уюштурулган көкбөрү мелдеши былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу өтпөй калган.