Тил сөздүк: Адамбаян - повесть болот

Иллюстрация

Бул ыр эмес, балдарга сөз үйрөтүү үчүн оюн ыкмасына салынып жасалган атайын тил сөздүк. Муну бала бакчалардын тарбиячылары, мектеп мугалимдери, кыргыз-орус тилдерине арналып өткөрүлчү ар кандай иш-чаралардын уюштуруучулары өздөрүнө колдонмо катары пайдаланса болот деген ойдобуз.

Уй дегенди - корова дейт,

Жол дегенди - дорога дейт.

Чүкө деген - альчик болот,

Бала деген - мальчик болот,

Манжа деген - пальчик болот.

Кымбат болсо- дорогой дейт,

Жаш жигитти - молодой дейт.

Абийир деген - совесть болот,

Адамбаян - повесть болот.

Кара сөздү - проза дейт,

Кара жаанды - гроза дейт.

Кудук деген - колодец,

А азамат - молодец.

Жүз дегенди - сто дейсиң,

Коюу болсо - густо дейсиң.

Кургак деген - сухо болот,

Кулак деген - ухо болот.

Буюм-тайым - товар болот,

Чырак деген - фонарь болот.

Листокту - барак деп айт,

Расческаны - тарак деп айт.

Устав деген - адат болот,

Урок деген - сабак болот.

Кеткин деген - пошел болот,

Кеп билбеген позор болот.

Адрести - дарек дешет,

Косточканы - данек дешет.

Акцент деген - басым болот,

Поэт деген - акын болот.

Мама деген - апа болот,

Папа деген - ата болот.

Тарбиясы жакшы балдар,

Так сүйлөсө таза болот.

Наказание - жаза болот,

Нахал адам маза болот.

Мурик эмес - Мурат болот,

Позор деген - уят болот.

Шаг жасасаң - кадам болот,

Бакшы деген - шаман болот.

Весть деген - кабар болот,

Находчивость - амал болот.

Ступня - таман болот,

Рассказ деген - баян болот.

Разграбить - талам болот,

Тил билбеген жаман болот.

Кум электи - грохот дейт,

Чыканакты - локоть дейт.

Висок деген - чыкый болот,

Тил билбеген быкый болот.

Аянт деген - площадь болот,

Ат дегендер - лощадь болот.

Колдогу чор - мозоль болот,

Элчи деген - посол болот.

Эшек деген - осел болот,

Терек деген - тополь болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.