Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

Тил сөздүк: сөлкөбайың - грош болот


Бүркүтчү. Нарын.
Бүркүтчү. Нарын.

Бул ыр эмес, балдарга сөз үйрөтүү үчүн оюн ыкмасына салынып жасалган атайын тил сөздүк. Муну бала бакчалардын тарбиячылары, мектеп мугалимдери, кыргыз-орус тилдерине арналып өткөрүлчү ар кандай иш-чаралардын уюштуруучулары өздөрүнө колдонмо катары пайдаланса болот деген ойдобуз.

Кана балдар, кайталайбыз,

“Кайта” деген - вновь болот,

Калп, жалган сөз - ложь болот.

Кан деген сөз - кровь болот,

Каш дегениң - бровь болот.

Бектемиров, бери кара?

Безгек деген - дрожь болот,

Шак-шак этсе - хлоп болот.

Маңдай, чеке - лоб болот,

Мөөнөт деген - срок болот.

Сөздөгү муун - слог болот,

Сөлкөбайың - грош болот.

Бөлчөк деген - дробь болот,

Ордобаев жөн отургун!

Отун деген - дров болот.

Үңкүр деген - грот болот,

Флот деген - флот болот.

Нары десең - прочь болот,

Молотабыт - гроб болот.

Момолойлор - крот болот,

Орозбаев оозуң ачпа,

Ооз деген - рот болот.

Сколько?, - дейт - канчаны,

Спина дейт - арканы.

Эми балдар келгиле,

Бир орусча, бир кыргызча,

Сөз алмашып айталы?

Аба деген - воздух болот,

А дружба - достук болот.

Аптап деген - жара болот,

А взятка - пара болот.

Белить десе - акта болот,

Беткап деген - маска болот.

Деньги деген - акча болот,

Темир тумак - каска болот.

Друг эмес, Дубанаев,

Другой деген - башка болот.

Автопаанек - гараж болот,

Спор деген - талаш болот.

Баш кесер бул - палач болот,

Палка деген - таяк болот.

Обыкновение - адат болот,

Оружие - жарак болот.

Деңиз шамын - маяк дешет,

Этаждарды - кабат дешет.

Зым арканды - канат дешет,

Тамекини - табак дешет.

Обычай бул - адат болот,

Учет деген - санак болот.

Жолум үйлөр - барак болот,

Жолдубаев тынч олтургун!

Жол куржундар - багаж болот.

Кол таңгактар - пачка болот,

Кол араба - тачка болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG