Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:44

Тил сөздүк: Күчала деген - брага


Бул ыр эмес, балдарга сөз үйрөтүү үчүн оюн ыкмасына салынып жасалган атайын тил сөздүк. Муну бала бакчалардын тарбиячылары, мектеп мугалимдери, кыргыз-орус тилдерине арналып өткөрүлчү ар кандай иш-чаралардын уюштуруучулары колдонмо катары пайдаланса болот деген ойдобуз.

Айнек алкак - рама,

Аңгек деген - яма.

Мастан деген - яга,

Сүйрөгүчтөр - тяга,

Жаракатың - рана.

Уурдалганды - кража,

Ным дегениң - влага.

Күчала деген - брага.

Кана, дагы кимдер айтат?

- Общежитие?

- Жатакана.

- Соттолгон жай?

- Жазакана.

- Кичик чөмүч?

- Ковшик болот.

- Жаан-чачынчы?

- Дождик болот.

- Младенец?

- Бөбөк болот.

- А зайчонок?

- Бөжөк болот.

- Чужой деген?

- Бөлөк болот.

- А бөйрөкчү?

- Почка да.

- Чекит деген?

- Точка да.

- Колыбель как?

- Бешик болот.

- Отверстие?

- Тешик болот.

- Остатки пищи?

- Кешик болот.

- А дверь как?

- Окно, эже?

- Терезе эмес, Текебаев,

Дверь деген - эшик болот.

- “Бел?” дегенди эмне дейбиз?

- Бел дегенби?.. талия.

- Бир мааниси талия, экинчиси?

- Экинчиси - перевал.

- Кыргызстанды кандай дешет?

- Кыргызстанды- демарал.

- Туура.

- Ал эми “вещь или предмет как называется?

- Буюм.

- Организация?

- Уюм.

- Вихрь?

- Куюн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG