Кытайдын кыңыр насыясы

Иллюстрациялык сүрөт.

Парламентте буга чейинки энергетика, жол куруу сыяктуу башка ири инфраструктуралык долбоорлорду текшерүү демилгеси көтөрүлдү.

Мында айрыкча Кытайдан алынган насыянын шарттары жана долбоорлорду аткарууга тартылган ТВЕА жана "China road" компаниялары кантип тандалганын иликтеп чыгып, келишимдердеги коопсуздукка шек келтире турган жагдайларга көңүл буруу маселеси айтылды.

Бишкек ЖЭБ долбоорунун мисалында макулдашууга ылайык, мамлекеттик кепилдик менен алынган насыянын кыргыз өкмөтүнүн эсебине накталай түшпөгөнү жана каржылык отчетту аткаруучу тарап даярдаган жагдай парламент депутаттарын түйшөлттү.

Мурдагы өкмөт өкүлдөрү макулдашуулар эл аралык стандарт боюнча түзүлгөнүн айтып, анын аткарылышын көзөмөлдөөдө кемчилик кеткенин жүйө келтиришти.

Тынчсыздандырган тышкы карыз

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, энергетика тармагы жана жол куруу сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кытайдын "Эксимбанкынан" 1 миллиард 800 миллион доллардан ашуун насыя алынган. Бул насыя мамлекеттин кепилдиги менен алынып, келишимдерде аны төлөөгө байланыштуу тараптардын ортосунда талаш-тартыштар чыккан учурда аларды Гонконгдогу арбитражда кароо шарты коюлган.

Бул жагдай парламентте Бишкек ЖЭБ модернизациялоо долбоору боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын тыянагын кароо учурунда кредиттик макулдашуулар ошондой шарттар менен түзүлгөнү белгилүү болду.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Депутат: Жыйынга Атамбаев менен Жээнбековду да чакыргыла

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Бахадыр Сулейманов муну өлкөнүн келечегин тобокелдикке койгонго барабар жагдай катары кабыл алды:

- Биз эгемендиктин 25 жыл аралыгында мындай катаал шартта чет өлкөдөн насыя алган эмеспиз. 400 миллион долларга чукул чоң акчаны жеңилдетилген шартта деген негиз менен, 2 пайыздык үстөк менен алуу бул оор эле шарт. "Эксимбанк" - мамлекеттин үлүшү бар жеке коммерциялык банк. Биздин "Электр станциялары" ишканасы дагы акционердик коом болуп саналат. Бул эки чарба жүргүзүүчү субъекттер өз ара макулдашып, жеке тараптар катары эле насыяны алыш-бериш кыла берсе болот беле? Эмнеге бул келишимге өкмөттүн өкүлү - каржы министри кол коюп, мамлекеттик кепилдик берилген? Муну мен биз өлкөнүн эгемендигин, мамлекеттин кол тийбестигин ортого сайып коюп жатабыз. Мындай кылбашыбыз керек болчу.

Ошентип, 1991-жылдан бери Кыргызстан эл аралык каржы донорлорунан алган насыялардын жана гранттардын жалпы көлөмү 9 млрд. долларга барабар болгон. Бул тышкы карыздын 44 пайыздан ашууну Кытайга таандык. Бул тууралуу парламентте Бишкек ЖЭБ долбоорун иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов билдирди. Аталган сумманы ар бир кыргызстандыкка бөлө келгенде 1,5 миң доллардан тиет. Кытайдан алынган карыздын 21 пайыздан ашууну энергетика тармагына жана калган 23 пайызга жакыны жол курууга кеткен.

Жогорку Кеңештин отун, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев насыяларды алуу шарттарын жана туура пайдаланылышын текшерип чыгуу демилгесин көтөрдү:

- Сырттан келген насыялардын көпчүлүк бөлүгү энергетика тармагына таандык болуп жатат. Бирок бул тармакта алгылыктуу жылыш көп байкалбайт. Азыр биз ТВЕА компаниясы Бишкек ЖЭБ долбоорун кандай аткарганын көрдүк. Эми ушул эле компаниянын "Датка-Кемин" долбоорун кандай ишке ашырганын текшерип чыгышыбыз керек. Биз ошол боюнча сунуш киргиздик. Бизден башка тармактык комитеттер дагы өздөрүнүн сунуштарын киргизет болуш керек. Бул жерде ТВЕА менен буга чейин Кыргызстандагы жол куруу долбоорлорун ишке ашырган "China road" компанияларынын ишмердиги күмөн жаратып жатат. Биз ошол ири инфраструктуралык долбоорлордун кандай аткарылышын мамлекеттик деңгээлде текшерип, талдап, отчетун алып, ага баа беришибиз керек.

Кайсы насыя каякка жумшалган?

Кыргызстан соңку жылдары Кытайдын "Эксимбанкынан" "Датка" көмөк чордонун, "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясын курууга 389 миллион доллар насыя алган. Андан мурун "Датка" көмөк чордонун курууга 204 миллион доллар насыя алынган. Мунун баары Кыргызстандын Борбор Азия энергетикалык шакекчесинен чыгып, өз аймагы аркылуу көз карандысыз электр берүүнү камсыздай турганы көрсөтүлгөн.

Мурда кабыл алынган келишимдердин шарттары боюнча жогорудагы энергетикалык долбоорлорду дагы Кытайдын ТВЕА компаниясы аткарган. Ошол эле Кытай банкы менен "Түштүк-Түндүк" альтернативалуу жолун куруу долбооруна 850 миллион долларга келишим түзүлгөн. Мындан сырткары Кыргызстандын магистралдык жолдорун жана шаарлардын ички жолдорун оңдоого дагы Кытайдан ар кандай өлчөмдө насыялар алынган.

Бишкек ЖЭБ долбоорун иликтеген депутаттык комиссиянын тыянагын парламентте кароо учурунда эмне себептен ири инфраструктуралык долбоорлорго көбүнчө ТВЕА жана "China road" компаниялары көп тартылганы тууралуу сөз болду.

"Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Талантбек Мамытов эмнеге мындай тандамал мамиле болгонуна кызыкты:

- 2012-жылы жапон өкмөтү менен Жапониянын НЕДО уюму Кыргызстандын энергетикалык мүмкүнчүлүгүн изилдөө жана кызматташуу тууралуу меморандум түзүлгөн. Бул боюнча биздин Энергетика министрлиги менен тиешелүү протоколго да кол коюлган. Алар биздин Бишкек ЖЭБди изилдеп чыгып, аны жаңылоо боюнча техникалык-экономикалык негиздеме түзүп берүү маселеси чечилген. Бирок аягында алар менен кызматташуу токтотулуп, жогоруда аталган Кытай компаниялары менен кызматташа баштадыңар. Бул жерде ошол энергетика боюнча беделдүү компания менен иштешпей, ТВЕА сыяктуу Кытай компаниясына артыкчылык берип кеткенсиңер. Иштин баары ошол жактан башталган.

Ошол эле кезде парламентте бул маселе талкууланып жатканда эмне себептен насыя Кытай тараптан гана алынып жатканы жана аткаруучу компаниялар дагы ал жактын талабы менен тандалган шарттар үчүн Кыргызстандын кайсы кызмат адамдары жоопкер деген суроо туулду.

Алтынбек Сулайманов

"Бир Бол" фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов катаал шарттагы макулдашуулар кандайча кабыл алынган жагдайга токтолуп, ал насыяларды ала берүүнүн мамлекет эгемендиги үчүн опурталдуу экенин айтты:

- Кытайдын "Эксимбанкынан" насыя алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү демилгеси кимге таандык? Бул жерде насыя бир топ катаал шарттар менен жана кымбат үстөк баа менен алынган. Аны төлөө мөөнөттөрү дагы кыска. Буга чейин Кыргызстан жеңилдетилген насыя деген негизде башка эл аралык каржы уюмдарынан 0,75 пайыздан алып келген. Бирок Кытайдын "Эксимбанкынан" 2 пайыздан насыя алып, ошону жеңилдетилген насыя катары жарыялашканы кызык. Бул жерде кимдин кызыкчылыгы бар? Силер эмне себептен ДБ, АӨБ, ЭВК сыяктуу каржы уюмдарына кайрылган жоксуңар? Ал жактардан бир топ арзан жана коопсуз шарттар менен насыяларды алсак деле болот эле го.

Ал эми мурдагы премьер-министр Сапар Исаков кезинде аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн каржылоо булагын табуу өкмөт үчүн кыйынга турганын айтып, өз жүйөсүн келтирди. Ошондуктан кыргыз бийлиги кезинде Кытайдын "Эксимбанкына" токтолгонун айткан Сапар Исаков анда расмий Бээжин тарабынан гана каржылык колдоого убада болгон жагдайды атады:

- Ошол мезгилде өкмөт ар кандай жолдор аркылуу ошол долбоорлорду каржылоого акча издеген болчу. Бир нече жылдап акча каражатын издеп, бирок таба албай коюшкан. Анан бул акчаны Алмазбек Атамбаев Кытайга барган расмий сапары учурунда Си Цзинпин мырза менен сүйлөшүп таап берип жатпайбы. Анан бардыгы салынып бүтүп, жакшынакай иштей баштаганда ушинтип саясат болуп жатат. Бул туура эмес.

Чечим кайсы жакта кабыл алынган?

Анткен менен бир катар парламент депутаттары Сапар Исаковдун мындай жүйөсүнө макул эмес. Алардын айтымында, Кытайдын жалаң эле ТВЕА жана "Чайна Роуд" компаниялары Кыргызстандын энергетика жана жол тармагындагы долбоорлорго тартылганы жөн жеринен эмес. Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев буга төмөндөгүдөй мисалдарды келтирди:

Каныбек Иманалиев

- 2013-жылдан 2017-жылга чейин Кытайдын соода өкүлү, ТВЕА компаниясынын бейрасмий куратору Сапар Исаков менен он жолу, андан кийинки өкүлү сегиз жолу жолугушкан. Эмне үчүн алар президенттик аппараттын экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Нурсулуу Ахметовага кирбейт? Эмне үчүн алар ошондогу өкмөт башчысы Темир Сариевге кирбейт? Эмнеге алар тышкы саясат, дипломатия жагына караган Сапар Исаков менен гана жолугушуп жатышат? Жол курган "China road" компаниясынын өкүлдөрү дагы Сапар Исаковго кирип-чыгып жүрүшкөн. Ошолор отуруп алып, дипломатиялык маселелерди талкуулады десе ишенесизби? Кытайдын соода өкүлү деген дипломатиялык кызмат эмес. Ал коммерция, ишкердик, соода маселелери боюнча иш алып барат. Бул фактыларды мен Ак үйдүн өткөрмө бюросуна суроо-талап жөнөтүп алдым. Чыр чыккан ири долбоорлордун бардыгында Сапар Исаковдун аты аталып жүрөт. Эмнеге? Ошол эле кезде келишимге кол койгон жетекчилер, кармалып, камакка алынышты. Ал эми чечим кабыл алган негизги шектүү эмнеге жазаланбайт?

Мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаков Кытайдын соода өкүлү менен жолугушканын ырастап, чет элдик өкүлдөр менен жолугуп, ал тууралуу президентке кабар берүү аппараттын тышкы байланыш бөлүмүнүн милдети деп атады. Сапар Исаков муну кадимки эле жободо каралган жалпы эреже катары сыпаттады:

- Биз президентке жиберген катта эч бир компаниянын кызыкчылыгын коргогон жерибиз жок. Соода өкүлү бизге эмнени айтса, ошону эле маалымат иретинде президентке жеткирип жатабыз. Тышкы саясат бөлүмүнүн жумушу бардык чет элдик өкүлдөр жолугушууну суранган учурда койгон маселеси боюнча жолугуп, айткандарын угуп, аны мамлекет башчысына жеткирүү гана болгон. Биз кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын көздөгөн эмеспиз.

Бирок Сапар Исаковдун президентке маалымат берүү үчүн гана кызматтык кат жөнөткөмүн деп айтканын мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев жокко чыгарды. Анын айтымында, Исаков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турганда жиберген каты мамлекет башчысы бул долбоорду даярдоого берген тапшырмага негиз болгон:

- Мындай чоң маселени чечкен адамдар аны аткаргандар эмес. Аны чечкендер ошону чечкенге укугу бар адамдар болчу. Ошонун негизинде бардык кызматкерлер айтылган ишти гана аткарышкан. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө мына ошол маселени чечкен адамдар жооп бербей, аны аткаргандар гана жооп берип жатышат. Муну тиешелүү тергөө органдары тактап, аныктап чыгат деген ишенимдемин. Сапар Исаков "президентке жөнөткөн кызматтык катты маалымат иретинде эле жазгам" дегени туура эмес. Анткени ошол катта ал Энергетика, Каржы министрликтерине тапшырма бериңиз деп көргөзүп жатпайбы. Кийин анан мамлекет башчысы ошол каттын негизинде бизге тапшыра берген. Тиешелүү министрликтер ошол тапшырманын негизинде гана иш жүргүзүшкөн.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Парламент ЖЭБ чуусун талкуулап бүттү

Бишкек ЖЭБ долбоорун иликтөө учурунда ачыкка чыккан күмөндүү жагдайлар андагы келишимдин шарттарына барып такалганы парламент жыйынында көтөрүлдү. Анда Кытай тарап куруучу катары ТВЕА компаниясын сунуштаганы, насыянын кыргыз тараптын эсебине түшпөгөнү жана анын курулуштун жүрүшүн жана каржынын сарпталышын көзөмөлдөй албаган абалы тууралуу сөз болду.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү Аида Касымалиева мунун баары башында келишимдин шарттарында ошентип каралып калган жагдайды белгиледи:

- Негизи бул EPS келишими болгонун аныктадык. Ага ылайык, акча каражатын башкарууга келгенде кыргыз тарап эч кандай укукка ээ болгон эмес экен. Ошондуктан сатылып алынган жабдуулардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана аспаптардын баалары кымбат болгон учурда дагы аларды кыргыз тарап көзөмөлдөй алган эмес. Бул келишимди түзүүдө жана анын аткарылышын караганда кыргыз тараптан кандайдыр бир саясий таасир этүү болгонбу же жокпу аны эми тергөө аныкташы керек. Ушуга байланыштуу биз чогулткан материалдардын баарын укук коргоо органдарына өткөрүп бердик.

Бирок бул жерде Кытай элчилигинин кеңсесинен ТВЕА компаниясын Бишкек ЖЭБ долбоорун курууга сунуштама берген кагазынын айланасында талаш болду. Анткени тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев аны Кытай тараптын расмий позициясы катары кабыл алуу керек десе, анын мурдагы орун басары Аскар Бешимов элчиликтин кеңсесинен жиберилген кагаз расмий бийликтин сунушу катары каралбайт деген көз карашын айтты.

Парламенттин отун, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев "Эксимбанк" насыя берээрде эмнеге долбоорду аткаруучу компанияны таңуулады деген маселе койду. Юстиция министрлиги бул келишимге укуктук корутунду берип, жактырган деген маселе көтөрүлдү.

Бирок ошол кездеги юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов макулдашуу баракчасына гана кол коюлганын айтып, "келишим эгемендикке коркунуч келтириши мүмкүн" деген эскертүү буга чейинки бардык макулдашууларга берилип келгенин айтты:

- Бул келишимдин долбоору каякта жана кимдер тарабынан түзүлгөн? Анын долбоору кимдер менен макулдашылган? Тышкы иштер министрлиги жана Каржы министрлиги аны даярдоого катышкан. Анан бул келишим долбоору Сапар Исаковдун иш бөлмөсүнөн даярдалып чыккан долбоор. Юстиция министрлиги корутундуга "насыя алуу керек" деген макулдашуу баракчасына гана кол коюп берген. Ал эми ошол кездеги тышкы иштер министринин орун басары Бешимов "насыя алуу келишими эгемендик үчүн олуттуу" деген маселе ага чейинки башка макулдашууларга деле берилген. "Эксимбанк" менен түзүлгөн бүгүнкү күнгө карата 12 макулдашуунун баарында ошондой эскертүү бар. Анткени алардын баарында макулдашуунун шарттарынын бири катары "ар кандай талаш Гонконгдогу сотто чечилет" деген шарт бар.

Ошентип эки миллиард АКШ долларына чукулдаган Кытай насыяларынын кесепеттерин иликтеп чыгуу маселеси учурда парламенттин астында турат. Анткени мына ошол макулдашуулардын көбү эл аралык келишим катары парламенттен ратификациядан өткөн. Буга чейин 2016-жылы Эл аралык валюта кору Кытайдан алынган тышкы карыздын оор кесепеттери болушу мүмкүн экендиги боюнча кыргыз өкмөтүнө эскертүү берген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.