Мектептеги чыр саясатташтыбы?

№61 мектеп-лицей

Бишкектеги №61 мектептеги чырлуу окуяны иликтеген мекемелер аралык комиссия директордун дисциплинардык жоопкерчилигин кароо тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнө сунуш берди.

Ал арада мектептин башчысы менен мугалимден токмок жеди деген окуучунун класс жетекчиси ооруканага жатып калганы белгилүү болду.

Шаардагы мыктылардын сабына кирген бул мектептин айланасындагы соңку окуялар азыр айрыкча социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Айрым байкоочулардын баамында, мындай талаш-тартыш улут аралык мамилеге байланышкан айрым маселелерди ачыкка чыгарды.

№61 мектептеги окуяны иликтөө үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссия Бишкек шаардык мэриянын билим берүү бөлүмүнө мектеп директору Юрий Низовскийдин жоопкерчилигин кароо тууралуу сунуш берилди. Окуу бөлүмүнүн жетекчиси Людмила Макарова кызматтан алынды. Ал эми 2-“г” классынын жетекчиси алмашты. Мугалимден токмок жеди деген Ырыскелди Осмон уулуна психологдордун жардамы сунушталып, бирок баланын апасы андан баш тартты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Мекемелер аралык комиссиянын мүчөсү Анара Дауталиева мындай чечимге каршы экенин айтты. Анын ырасташынча, баласын мугалим урду деген эненин дооматтары бышыкталган жок жана соттук-медициналык экспертизага байланыштуу бир катар маселелер бар:

- Баланы урган же урбаганын сот аныктайт. Биздин комиссия ошол класстагы 45 окуучунун ата-энеси менен жолукканда класс жетекчи Людмила Клок кир жууган машине сураган эмес, акча да сураган эмес деп айтышты. 45 адам ушинтип айтып жатса, биз эмне үчүн бир эле адамдын айтканын угуп жатабыз? Юрий Низовский 25 жылдан бери мектептин деңгээлин көтөрүп, бул мектептин балдары өлкөнүн атагын чыгарып жатат. Бөлүм башчы Макарова урушуп жаткан эки баланы колунан кармап гана ажыратып коюптур. Ал эми соттук-медициналык экспертиза болсо учу туюк буюм менен чабылган деп чыгарылыптыр.

Мугалим таарынса окуучу токмок жейби?

Мугалим таарынса окуучу токмок жейби?

Мугалим сабады деген 2-класстын окуучусунун окуясын акыйкатчы өз көзөмөлүнө алды.

Ушул тушта Юрий Низовский менен Людмила Клок экөөнүн тең жүрөгү кармап ооруканага жатып калганы белгилүү болду.

№61 мектептеги окуучунун маселесин көтөрүп чыккан Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов директорду бул окуяны саясатташтырып жатат деп айыптады. Мектептеги мыйзамсыз иш-аракеттер боюнча дагы беш окуучунун ата-энеси да арызданганы жатканын айтты:

- Мектептин директору бул окуяны директор менен депутаттын ортосундагы нерсе деп саясатташтырып жиберди. Мага сегиз жаштагы баланын ата-энеси кайрылуу менен келгенден кийин мен аны тиешелүү органдарга айтып чыктым. Бул жерде коррупциялык иш жатканын, акча мыйзамсыз топтолуп жатканын, топтолгон акчаны ким, кайда жумшап жатканын эч ким айтпай жатпайбы. Менин бул жерде эч кандай жеке кызыкчылыгым жок. Кимдир бирөөнү ал жакка алып барып директор кылып коеюн деген ниетим да жок. Бүгүн эле мага дагы беш ата-энеден кайрылуу түштү. Алардан дагы 500 доллардан талап кылган, ага-буга бар деп ары-бери түрткүлөгөн, директор жаман сөз айтып кууп чыккан учурлар болуптур. Ата-энелер өздөрү кайрылып жатат. Мен асмандан алган жокмун да фактыларды.

Бир окуучунун укугун коргоо эмес, бул улуттар аралык мамиленин талаасына чыкты. Улуттар аралык маселелер бизде абдан сезимтал, талылуу болуп саналат.
Самар Сыргабаев

Билим берүү маселелери боюнча эксперт Асылбек Жооданбеков да маселени саясатташтырбоо керек деген пикирде. Анын баамында, директордун уулунун фирмасы тендерлерди утуп жүргөн өңдүү соңку дооматтар, чырлуу окуя бул мектептеги окутуу системасына залакасы тийбегендей болушу керек:

- Азыр эми мунун артынан мектепте айрым тендерлер туура эмес өткөн, өз уулунун фирмасы катышкан экен деген маалыматтар чыгып жатат. Бул эми коррупциялык схемалардын боло жүргөн көрүнүшү. Мындай көрүнүш бар экенин мойнубузга алышыбыз керек. Бирок ошол эле кезде бул мектептин буга чейинки ийгилиги, билим берүү сапаты эске алынышы керек. Андан сырткары бөлүм башчы балага кол көтөргөн деген доомат айтылды. Демек педагогикалык маданият, адистик деңгээл боюнча да маселе бар экен десе да болот. Ошондуктан мунун баары тыкыр иликтенип, саясатташтырбай тыянак чыгаруу керек.

61-мектептеги окуя социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Бул мектепти теги орустар жана орус тилдүүлөр коргоп, кыргыз улутундагылардын басмырлоосу, каралоосу деп да атагандар жок эмес. Социолог Самар Сыргабаев улуттар аралык мамилеге байланыштыруунун кесепети оор болорун эскертти:

- Бир окуучунун укугун коргоо эмес, бул улуттар аралык мамиленин талаасына чыкты. Улуттар аралык маселелер бизде абдан сезимтал, талылуу болуп саналат. Ошондуктан муну жалпы коомдун талкуусуна көтөрүп чыгып, көбүртүп-жабыртуу, кыргыздар менен орустарды, же орус тилдүүлөрдүн ортосундагы мамилеге кедергисин тийгизип, коомдогу бөлүнүп-жарылууга алып келиши мүмкүн. Улуттар аралык мамилелер боюнча 2010-жылдан бери бир канча социологиялык иликтөөлөрдү жүргүзгөнбүз. Анын жыйынтыктары боюнча башка улуттарга салыштырмалуу кыргыздар менен орустардын ортосундагы мамиле позитивдүү болуп саналат. Ошондуктан кичинекей окуяны жалпы коомдук окуяга айландыруу туура эмес.

Ушул айдын башында №61 мектептин 2-“г” классынын окуучусу Ырыскелди Осмоновдун апасы уулун мектептин бөлүм башчысы Людмила Макарова сабады деп айтып чыккан. Анын баласын кодулоо класс жетекчиге мугалимдер күнүндө кир жууган машина белек бербей койгондон улам тутанганын билдирген. Мектептин директору мындай дооматтардын баарын четке каккан жана чырдын тутанышын бул маселени көтөрүп чыккан депутаттын жеке кызыкчылыгы менен байланыштырган. Окуянын иликтенишин премьер-министр менен акыйкатчы көзөмөлүнө алганы маалымдалган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.