Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:02

Мугалим таарынса окуучу токмок жейби?


61-мектеп-лицей
61-мектеп-лицей

Мугалим сабады деген 2-класстын окуучусунун окуясын акыйкатчы өз көзөмөлүнө алды.

Жабыркаган окуучунун апасы окуянын башаты мугалимдин кир жууган машинаны сатып берүү сунушу ата-энелер комитети тарабынан четке кагылгандан башталганын айтып, учурда мектеп жетекчилиги окуучуну мектептен чыгарып салууга аракеттенип жатканын билдирди.

Ал ортодо №61 мектеп-лицейинин жетекчилиги айтылгандарды четке кагып, 2-класстын окуучусуна мугалим кол көтөрбөгөнүнө, мектепте мыйзамсыз акча чогултуулар жок экенине ишендирүүдө.

№ 61 мектеп-лицейинде 2-класстын окуучусу Рыскелди мугалими тарабынан ыдык көргөнү тууралуу маалыматтар Жогорку Кеңешке чейин жетти.

Депутат Тазабек Икрамовдун айтымында, 2-класстын мугалими ата-энелер комитетинен кесиптик майрамына кир жуучу машина сатып берүүсүн суранган. Бирок өтүнүч орун албай калганынан ата-энелер комитетинин төрайымынын баласы мугалим тарабынан сабалган дейт:

- Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Людмила Анатольевна мектептин окуучусун уруп, анын ден соолугуна зыян келтирген. Маселенин бардыгы Мугалимдер күнүнөн башталып, класс жетекчи ата-энелерден 25 миң сомдук кир жуучу машинаны алып берүүнү талап кылган. Бирок ата-энелер бул сунуштан баш тарткан күндөн тарта ата-энелер комитетинин жетекчиси Элмира Ирисованы кысымга алып, анын баласын мектептен кетирүүгө аракет кылып жатат.

Директор айыпты окуучуга оодарды

Аталган мектептин директору окуу жайга жана мугалимге койгон дооматтардын бардыгын жалганга чыгарып, күнөөнү баланын өзүнө оодарышты. Директор Юрий Низовскийдин айтуусунда, мектепте мыйзамсыз акча чогултуулар жок, ал эми жабыркаган ата-эне жеке директорго арыз менен кайрылган эмес.

Ал эми Рыскелдинин мектептеги мугалими Людмила Клок баланын жүрүм-туруму шоктугун, башка классташтарына бир канча кол көтөргөнүн айтып, башка ата-энелер арасында аны бөлөк класска которуу боюнча арыздануулар түшкөнүн кошумчалады.

- Бала башынан эле аябай эле тентек. Бир гана классташтарын эмес, мугалимдерди дагы тоготпойт. Атүгүл мугалим урушса, ага жооп иретинде сөгүнгөн учурлары да бар. Биз тарбиялаганга аракет кылганыбыз менен бул жерде бирок ата-энесинин тарбиясы өтө маанилүү экенин унутпасак. Ал эми акча чогултуу жагына менин ишим жок, аны ата-энелер комитети чечет. Мындан тышкары кандайдыр бир оокат же буюм алып бергиле деп ата-энелерге кайрылган эмесмин.

Бир класс 127 миң сом чогулткан

Рыскелдинин апасы Элмира Ирисова болсо класста акча чогултмай эки жылдан бери токтобой келатканын айтууда. Ал буга чейин мугалимдин үйүнүн терезесине жалюзи орнотуп, ага кошумча ксерокөчүрмө аппаратын класстык фонддун акчасына сатып бергенин айтууда.

Ал эми быйыл класстагы 47 баланын ата-энеси 2700 сомдон берип, баш-аягы 127 миң сом чогулганын айтат. Бул акчаны класс жетекчи Людмила Клок өзүндө сактоону сураганда Ирисова бербей койгонун айтты.

"Ошондой эле мугалимдер күнүнө 25 миң сомго бааланган кир жуучу машинаны алып берүү өтүнүчү орундалбай калгандан бери демилгеге каршы чыккан башка дагы ата-эненин балдарына ыдык күчөгөн",- деди Ирисова.

- Людмила Клокту жумушка мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Людмила Макарова алып келген. Андыктан бул экөөнү бир адам катары карасак болот. Менин баламды Макарова окуучулар жана мугалимдин көзүнчө урган экен. Мен үйгө келсем балам ыйлап, Макарованын урганын айтты. Мен дароо башка балдардын ата-энелерине чалып, балдарынан сураштырсам ырастап беришти. Катуу булкуп, бир чапкан экен. Балам коркконунан заара ушатып, ошондой кебетеси менен дагы бир сабак отуруптур. Азыркыга чейин баламдын колундагы көгаласы кете элек.

Бул арада мектептеги окуучулар каникулга тараганына карабай, 61-мектеп-лицейине аталган класстын ата-энелери чогулуп, мектепте көмүскө акча жыйноо жок деп, ага кошумча Рыскелдини башка класска которуу талабы менен чыгышты.

Рыскелдинин апасы Элмира Ирисова бул көрүнүштү мектеп директорунун уюштурган “шоусу” деп атап, ата-энелер кысым алдында чыкканын айтууда. Ирисова мектеп мугалими баласын кыргыз мектепке алып кетүүсүн айтканын кошумчалап, соңку учурда жетекчилик ачык дискриминацияга барып атканын белгилейт.

№61 мектептеги бул окуяны акыйкатчы Кубат Оторбаев өз көзөмөлүнө алганын “Азаттыкка” билдирди. Омбудсмен учурда соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатканын кошумчаласа, буга улай Бишкектин Биринчи май ИИБсы дагы өзүнүн тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Борбордогу №61 мектеп-лицейи Кыргызстанда алдыңкы көрсөткүчү бар билим уяларынын бири. 2015-жылкы рейтингде аталган мектеп Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк лицейин артка калтырып, биринчи орунга чыккан. Бул орус мектепте физика, математика багытына басым жасалат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG