Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Ош: мектеп талашка түштү


Панфилов мектебинин алдында турган ата-энелер.
Панфилов мектебинин алдында турган ата-энелер.

Ошто ата-энелер өзбек тилдүү Панфилов мектебинин окуучуларын жана мугалимдерин башка мектепке көчүрүп жатканына нааразылык билдирип чыгышты. Бийлик бул убактылуу чечим болгонун айтып, муну саясатташтырбоого чакырууда.

Ош шаардык мэриясынын жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын чечими менен калаадагы Панфилов мектебинин окуучулары сентябрдан баштап Калинин мектебинде окушмакчы болушкан. Анткени Панфиловго авариялык абалда турган Раззаков мектебинин окуучулары көчүп келишет экен. Бирок мындай чечимге макул болбогон жүздөгөн ата-эне эки күндөн бери мектепте нааразылык билдирип турушат.

Панфилов мектебиндеги ата-энелер
Панфилов мектебиндеги ата-энелер

Алардын бири Дилафруз Азимова мектеп өзбек тилдүү болгону үчүн гана ага бийликтер кайдыгер мамиле жасап жатканына токтолду:

- Биздин мектепти Калинин мектебине көчүрүп жатканына каршыбыз. Анткени ал жак биз үчүн алыс, биздин балдар ар мектепке чачырап окушун каалабайбыз. Анткени балдарыбыз мындан психологиялык жактан жабыркашат. Экинчиден, эмне үчүн жөндөн-жөн эле биздин мектеп башка жакка көчүп кетиши керек? Өзбек тилдүү болгону үчүн элеби? Авариялык абалда болуп жатса, эмне үчүн ошол Раззаков мектебин Калининге көчүрүшпөйт? Орус тилдүү болсо эле Раззаков мектебине башкача мамиле жасай беришеби?

Маалым болгондой, Панфилов мектебинде 700дөй окуучу, 56 мугалим бар. Учурда мектеп жамааты да, ата-энелер да мектептин көчүрүлүшүнө нааразы болуп турушкан экен. Ата-энелердин дагы бири, мугалим Ханифа Атабаева жагдайга чиновниктердин байланышы бар экенин айтууда:

- Раззаков мектебинде чоңдордун, мэрияда иштегендердин, депутаттардын балдары окуйт. Ошол себептүү алар эптеп шылтоо менен биздин мектепке көчүп келип, ушул жерди ээлеп алгысы келип жатат. Анткени биздин мектеп шаардын борборунда жайгашкан. Алар чоң жолдо машине менен келет экен да, анан балдарын кыйналбай алып кетиш керек экен. Биздин мектепте жалаң карапайымдардын балдары окуп жатканы үчүн бизге ушундай мамиле жасалып жатат.

Панфилов мектебинде чогулган ата-энелер
Панфилов мектебинде чогулган ата-энелер

Мектептин директору Одина Мирзобаева да “мектепти тарттырып жиберип жатканын айласыздык” деп атап, маселени чечүү анын колунан келбей жатканына токтолду:

- Бул мектепке мен канча жыл чуркап жүрүп, ар кайсы жактан долбоорлорду утуп жүрүп ар түрдүү нерселерди курдургам. Канчалаган китептерибиз, окуу куралдарыбыз бар. Эми ошолордун баарын бирөөгө карматып эле отуруп калууну мен деле каалабайм. Бирок бул жетекчиликтин чечими болуп жатат. “Бизди башка жакка көчүрбөгүлө” деп барсам Жогорку Кеңеш да, Ош шаардык кеңеши да мени уккан жок. Мени шалаакы дешсе дешсин, бирок мен мектеп үчүн аягына чейин күрөштүм. Эгерде мени коркутуп, жумуштан кетиребиз дешсе, кетире беришсин, бирок мектептин жамаатын, окуучуларды тынч жайыбыздан башкага которушпасын.

Ал эми Исхак Раззаков атындагы орус тилдүү мектептин директору Светлана Карпушкина мындай дейт:

- Буга чейинки жер титирөөлөрдө биздин мектеп аябай жабыр тарткан. Архитектура жана сейсмология боюнча мамлекеттик агенттиги имаратыбызды текшерип чыгып “авариялык абалда” деп чечим чыгарган. Ошол себептүү биз жаңы мектеп куруп берүүнү талап кылып Ош шаардык мэриясына, Жогорку Кеңешке, президентке, өкмөткө да арыз жазганбыз. Бирок бизге мектеп куруп беришкен жок. Ал эми архитектура кызматы быйыл 22-майда “мектепте такыр окууга болбойт” деп жаап кетишти. Ошол себептүү Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан бизди башка мектепке которуп берүүсүн өтүнгөнбүз. Алар Раззаков мектебин Панфилов мектебине которобуз деп айтышкан, бирок мен буйрукту колго ала элекмин.

Маалым болгондой мурдагы ВЛКСМ, азыркы Исхак Раззаков атындагы мектебинин жанына буга чейин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев каржылап жаткан мектеп курула баштаган. Казакстандын өкүлдөрү мектептин жайгашкан жерин жактырбагандыктан, башка жакка мектеп салып башташкан. Натыйжада Раззаковдун жанындагы мектептин курулушу орто жолдо токтоп калган. Ош шаардык билим берүү башкармалыгы бул чечим ошол курулуш бүткөнгө чейинки гана аракет деп түшүндүрүүдө.

Панфилов мектеби
Панфилов мектеби

Башкармалыктын башчысы Куштарбек Кимсанов “муну саясатташтыруунун кереги жок” дейт:

- Раззаков мектебиндеги жагдайга байланыштуу, алардын окуучуларын бөлбөй туруп башка мектепке көчүрөлү десек, жакын жерде ыңгайлуу мектеп жок экен. Анткени аларда 1800дөй окуучу бар. Калинин мектебине аларды көчүрөлү десек батпайт экен, анткени Калининдин өзүндө 700дөй окуучу бар. Ал эми Панфилов мектебинде 717 окуучу болсо, мектептин сыйымдуулугу 900 окуучуну түзөт. Ошол себептүү окуучулары азыраак болуп турган Панфиловду Калининге кошуп, алардын ордуна Раззаков мектебин батырып турууну мерчемдегенбиз. Бул маселени эч кандай улуттар аралык маселеге жана адам укуктарына байланыштыруунун кереги жок, бул убактылуу эле маселе. Кийин Раззаков мектеби жаңы курулса, алар кайра өз мектебине көчүп кетишет.

Куштарбек Кимсанов Раззаков мектебинин жаңы имараты качан курулуп бүтөөрү белгисиз экенин белгиледи.

Ош шаарында буга чейин 20дан ашык өзбек тилдүү мектеп бар болчу. 2010-жылдагы окуялардан кийин ата-энелердин арыз-муңу менен алардын дээрлик баарында окутуу кыргыз-өзбек жана орус-өзбек тилинде жүргүзүлө баштаган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG