Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Мектептеги акча чогултуу чырга себеп болду


Сүрөттүн каармандарга тиешеси жок
Сүрөттүн каармандарга тиешеси жок

Бишкек шаарындагы №49 мектептин айрым мугалимдери директор ата-энелерден акча топтоп бере албаган класс жетекчилерди кысымга алып жатат деп коомчулукка кайрылышты.

Бишкектин Кызыл-Аскер аймагында орун алган №49 мектептин кенже класс мугалими Динара Сапарбаева мектеп директору тарабынан кысымга алынып жатканын айтып, “Азаттыкка” кайрылды. Ал ата-энелер берчү акчаны өз убагында топтой албагандыктан жыйындарда дайыма жеме угуп, стресске да кабылганын айтат:

- Чыр акчанын айынан чыкты. Мен ата-энелердин укугун көп жактап жүрөм. Андыктан директор жана ата-энелер комитети топтогула деген акчаны жакшы чогулта албайм. Акыркы мезгилде чогулуштарда жемеге көп кабылчу болдум. Айрыкча элдин астында акчаны аз чогулткан мугалимдерди баса белгилеп, “силер ата-энелер менен иштегенди билбейсиңер” деген кысымдан жадап чогулуш өттүм. Анда ата-энелерге “акча боюнча мен жемеден баш көтөрө албай калдым, алыңыздардын келишинче мыйзамсыз болсо да акчаны чогултуп бериңиздер. Мен тынч сабак өтөйүн” деп кайрылууга аргасыз болдум.

Мектепке баласы үчүн мажбур акча төлөп жатабыз деген ата-энелердин айрымдары класс жетекчи кайра-кайра суранганда гана аргасыздан каражат таап берип жатканын жашырган жок.

№49 мектепте баласы билим алып жаткан Саламат Муктарова 1500 сом акча берүүгө мажбур болгон:

- Баш-аягы бир жарым миң сом бердим. Киргенде да бергендер бар. Бул эң аз суммадагы төлөм.​

Насыйкат Молдобекованын эки баласы окуйт. Ал баласын 1-класска өткөрүп жатып каражат таппагандыктан директорго үч таңгак ак кагаз бергенин ачыктады:

- Мен баламды 1-класска киргизип жатканымда директор 5 миң сом талап кылды. Мен бере албай турганымды, үч балам менен үйдө отурарымды айтсам “анда үч пачка кагаз бересиң” деди. Акыр аягында ошол үч пачка кагаз алып берүүгө аргасыз болдум. Ошондо гана баламды окууга алышты.

Директор: дооматтар негизсиз

Ошол эле учурда аталган мектептин директору Роза Молдакунова дооматтарды четке кагып, каражат топтой албаган мугалимдерди эч ким кысымга албаганын билдирди. Мектеп жетекчиси айрым мугалимдер негизсиз арызданып жатканын, буга чейин да эки жетекчинин үстүнөн арызданып жүрүп жумуштан кетүүгө мажбур кылганын белгиледи.

- Мен №49 мектепке барган учурда мектеп чыны менен эскилиги жеткени байкалды. Биринчи кабаттагы айрым класстарда оңдоо иштери жүрүп жаткан экен.

Директорду издеп бир класска баш бакканымда мугалимдердин көпчүлүгү узун тизилип тамактанып жаткан экен. Көбү учурдагы директорду колдоорун жашырган жок.

Мектептин директору Роза Молдакунова болсо көпчүлүк оңдоп-түзөө иштери окуучулардан топтолгон акчага бүтүп жатканын белгилеп, бул ишти ата-энелер өздөрү түзгөн “Благо” коомдук бирикмеси башкарарын ортого салды:

- Ата-энелердин жардамы зор. Алардын жардамы менен 1-кабатта шыбагы түшүп жаткан дубалдарды шыбаттык, даараткананы, спортзалды оңдодук. Биздин мектептеги бейөкмөттүк бирикмеге түшкөн акчага көп иштерибизди бүткөрүп жатабыз. Айрым учурда чечим кабыл алынып калганда "урматтуу класс жетекчилер, мындай-мындай иштер пландалып жатат. Ага мынча каражат керек” деп айтабыз. Арызданган мугалимдер айтып жаткан нерсе таптакыр чындыкка коошпойт.

Ата-эне өзү гана токтото алат

Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаева мамлекеттик мектептерде каражат топтоо мыйзамсыз экенин белгилеп, учурдагы кырдаал ата-энелерге көз каранды болуп калганын белгиледи.

- Мектептерде 5-6 ата-эне чогулуп алып, кийин териштире баштаганда бири-бирине шылтоолой беришет. Бул маселеде ата-энелер толугу менен күнөөлүү. Текшере келгенде өз каалоосу менен же демөөрчү катары берген каражат болуп чыгат.

Кызыл-Аскердеги №49 мектептин мугалимдеринин директордун үстүнөн жазган арызы боюнча Биринчи Май райондук прокуратурасы да апрель айында текшерүү жүргүзүп, “арыздагы жазылгандар боюнча мыйзамсыз аракет таба албадык. Акча топтоону бейөкмөт уюм жүргүзгөндүгү мыйзамдуу көрүнүш” деген жооп кайтарган.

Деген менен учурда арыз менен кайрылган ата-энелер жана мугалимдер №49 мектептин директорун күч менен кызматтан алабыз деген талабын койорун алардын жактоочусу Динара Медетова эскертти.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG