Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Манастын тилинде ыр жазган окуучулар


Кыргыз-өзбек мектеби.
Кыргыз-өзбек мектеби.

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Манас атындагы орто мектепте кыргыз класстарда окуп, кыргыз тилинде ыр жазган өзбек тектүү окуучулар бар.

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Манас атындагы орто мектептин өзбек тилдүү класстарына кыргыз тилиндеги китептер жетишпейт. Буга байланыштуу мугалимдер чыгармачылык менен иштегенге аргасыз. Бирок ага карабай сабакка кызыгып, кыргыз тилинде ыр, поэма жараткан окуучулар бар.

Аял деген бул дүйнөнүн чырагы,
Нурун чачып, таазим эткен Күн дагы.
Аял деген бийик тоонун булагы,
Шылдыраган, шыңгыраган үн дагы.


Бул Атабек кызы Надирабегимдин аялзатына арнаган ыры. Надирабегим 10 жашында ыр жазып баштаган. Ал табият ыроологон шыгынын ойгонушуна адабият сабагынан берген эжейинин салымы зор болгонун айтты. Азыр 8-класста окуп жаткан Надира келечекте мугалимдик кесипти аркалоону самап жүрөт.

- 5- класстан баштап кыргызча окугум келди. Анан азыркы окуп жаткан классыма которулгам. Башында тилден кыйналдым. Кээде сабак берген эжекелерибиз өзбекче сүйлөп, түшүндүрүп жүрүштү. Бир жыл ичинде кыргыз тилин үйрөндүм. Улутум өзбек болгону менен мекеним – Кыргызстан да! Кыргыз тилин билбесең кийин жогорку билим алууда кыйналат экенсиң.

Надирабегим: Аял - бул күн мээрим чачкан
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:39 0:00


Надирабегим жаштыгына карабай "Мөлтүр булак" аттуу ыр жыйнак чыгарганга да үлгүргөн. Андан тышкары музыкалык мектепте да окуйт. Ал жерде мугалим апасынын көмөгү менен фортепиано ойногонду үйрөнүп жатат.

- Биринчи китебимди эч кимге сатпай, эжекелериме, классташтарыма белекке бердим. Апамдын кеңеши менен отуз эле нуска менен чыгаргам. Ырларымды эжекем Гүлүшман Сыдыкбекова редакциялап берди,- деди окуучу кыз.

Бул мектепте кыргызча ыр жазган дагы бир өзбек кызы бар. Ал 10-класстын окуучусу Зульфия Арзыкулова. Алгачкы ырын 4-класста окуп жүргөндө жазыптыр. Бизге “Бул убак” деген ырын көркөм окуп берди:

Бул убак кандай бакыт, кандай оомат,
Тагдыр сага жаркын жашоо тилеп турса.
Бул убак кандай ширин, кандай таттуу,
Жашоо сага мүмкүнчүлүк берип турса.
Эй, замандаш! Сага кеңеш, угуп кой,
Алдыга умтул, көр тирликти четке кой.
Жашоо сага мүмкүнчүлүк берген кезде,
Жаштык кезиңде китептерди окуп кой!


Аталган мектептин адабият жана кыргыз тили сабагынын мугалими, көптөгөн окуучуларга үлгү болгон Гүлүшман Сыдыкбекова өзү дагы ыр жазат. Ал мектепте окуу китептери тартыштыгынан, көп учурда чыгармачылык менен иштегенге аргасыз болорун айтты:

- Мектептин өзбек класстары үчүн кыргыз тили, адабияты боюнча окуу куралдарынын жетишсиздиги, албетте, кейиштүү. Анан кыргыз тилин, кыргыз адабиятын окутууда чыгармачылык ыкмаларды колдоносуң. Сабакты эркин өтүп, балдарга түшүндүрүп бергенге аракет кыласың. Бул көп учурда жакшы натыйжа берет. Балдарды какпай-силкпей, жөлөп-таясаң айрымдарынын уктап жаткан таланты ойгонот.

Гүлүшман китеп тартыштыгына карабай окуучулар билим алууга ынтызар экенин белгиледи.

Учурда бул мектептеги балдар кыргыз, орус, өзбек тилдеринде окуйт. Мектеп директору Айсулуу Сулайманованын айтымында, кыргыз, орус класстары үчүн китеп көйгөйү жоюлган:

- Бүгүнкү күндө кыргыз класстардын китеп менен камсыз болуусу өтө жакшы, жүз пайыз деп анык айта алам. Орус класстар жаңы ачылган, аларга да китеп келди. Азыр эми ушу өзбек класстары үчүн китеп жетишпейт. 10-11-класстар үчүн окуу куралдары толук чыга элек. Өзбек класстарга сабак берген мугалимдер кыргыз класстардын материалдарын которуп анан окутуп жатышат.

Республиканын түштүк аймактарында 2011-жылдан тарта балдарды кыргыз, орус тилдүү мектептерде же класстарда окутуу тенденциясы байкалууда. Көпчүлүк ата-энелер муну балдары мамлекеттик жана расмий тилди билсе, келечекте өлкөнүн коомдук-маданий турмушуна кененирээк аралаша алаары менен түшүндүрүшөт.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG