Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:46

Бүтүрүүчү кесипти туура тандаса...


Бишкектеги ЖОЖдордун биринде экзамен тапшыруу учуру. 10-июль, 2013-жыл
Бишкектеги ЖОЖдордун биринде экзамен тапшыруу учуру. 10-июль, 2013-жыл

Быйыл мектепти бүтүрүп жаткан окуучулардын саны республика боюнча 67 миңдин тегерегинде. Алардын 48 миңге жакыны жалпы тестирлөөгө катышты.

Бүтүрүүчүлөрдүн тигил же бул кесипти тандоосу дал ошол тестирлөөнүн жыйынтыгына жараша аныкталат. Ошентсе да келечекте кандай кесипке ээ болорун алдын ала тандап алган окуучулар да бар. Бирок алар көпчүлүктү түзбөйт.

Калаадагы орто мектептердин бирин аяктап жаткан Диана Дүйшөналиева мындан эки жыл мурун кайсы адистикти тандарын ойлонуштуруп жатып, акыры гуманитардык багытта билим алууну чечкен.

Анын бул тандоосун тестирлөөнүн жыйынтыгы өзгөртө албайт:

- Архитектура, дизайнер өңдүү кесиптерди тандайын десе шыгым жок. Анан журналистиканы тандайын дедим. Билбейм, мага жагат. Маалымат издеп, жаңылыктарды элге жеткирсем дейм. Классташтарым да көбүнчө гуманитардык кесиптерди тандашууда.

Мектеп окуучулары. Бишкек
Мектеп окуучулары. Бишкек

Болжолдуу маалыматтарга караганда, быйыл жалпы билим берүүчү мектептерди 67 миңдин тегерегинде окуучу бүтүрүп жатат. Алардын 48 миңден ашыгы жалпы тестирлөөгө катышты.

Бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгүнүн мындан ары кайсы багытта же кайсы кесипке билим алары тесттин жыйынтыгына жараша аныкталат. Алдын ала иликтөөлөр күжүрмөн жүргүзүлбөгөндүктөн, азыр бүтүрүүчүлөрдүн максаттарын пайыздык катышта аныктоо мүмкүн эмес.

Билим берүү министрлигинин өкүлү Амантур Акматов талап кылынып жаткан адистерге кызыктыруу иштери жүрүп жатканы менен, анын негизинде кандайдыр бир тыянак чыгаруу мүмкүн болбогонун айтат.

- Ар тараптуу муктаж болгон кесиптерге үгүттөө иштерин жыл сайын жүргүзүп келатабыз. Тилекке каршы “модага” айланган юрист, экономисттин кесибин тандай беришет. Кийин жарытылуу акча таппай кыйналышканда такыр эле башка кесипте иштеп калып атпайбы.

Бишкектеги ЖОЖдордун бирине документ тапшырып жаткан абитуриент. 2013-жыл
Бишкектеги ЖОЖдордун бирине документ тапшырып жаткан абитуриент. 2013-жыл

​Билим жаатындагы адис Сабыр Арстановдун байкоолоруна караганда, быйыл деле жылдагыдай эле бүтүрүүчүлөрдүн так илимдерге умтулгандыгы көрүнбөйт. Ошол эле учурда химия инженериясы, тамак-аш, айыл чарба адистери, IP технологиясы тармагындагы адистер тартыш бойдон кала берүүдө. Мунун себеби мектептердин балдарды өз маалында туура багыттап, жетиштүү билим бере албай жаткандыгында болууда.

- Чынын айтыш керек, бүтүрүүчүлөрдүн деңгээли жылдан жылга төмөндөп баратат. Айрыкча мамлекетттик мектептерде окугандарда өсүш жок. Тескерисинче, жеке менчик мектептерде интерактивдүү усулдар менен окуткан үчүн айырма бар. Айрыкча тест тапшыргандан кийин деле жыйынтыгын салыштыра келгенде көбүнчө атайын мектеп, гимназияларда окугандардын билими жакшы.

20 жылдык тажрыйбасы бар мугалим Сымбат Исмаилованын пикиринде, ар бир жылкы бүтүрүүчүлөр мектеп үчүн мыкты баага татыган отчет, ал эми мамлекет үчүн табылга болуш керек. Муну быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн алдыдагы көрсөткүчтөрү таразалайт.

XS
SM
MD
LG