Улуттук тестирлөөдөн чыккан чыр

Жалпы республикалык тестирлөөнүн суроолорун сүрөткө тартып, интернетке жарыялап жиберген бүтүрүүчүлөр элден кечирим сурады.

Алар муну досторуна жардам берүү үчүн жасаганын айтып, бирок туура эмес кылгандыктарын моюнга алышууда. Бул окуя жалпы республикалык тестирлөөдөгү суроолордун купуялуулугу боюнча талкуу жаратты. Адистер тестирлөөгө катышкан бүтүрүүчүлөр телефон жана фотоаппарат алып кирбөө үчүн металлды текшерүүчү аппараттарды жана башка ушул сыяктуу коргоочу чараларды киргизүү зарылдыгын белгилешүүдө.

Окуучудан амал качып кутулбайт

Орто мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы республикалык тестирлөөсүндөгү суроолорду интернетке жайып жибергендер Бишкек шаарындагы "Илим" мектебинин окуучулары болуп чыкты. Алар тестирлөөнүн алгачкы күнү, 19-майда тесттин суроолорун телефондоруна сүрөткө тартып, WhatsApp каражаты аркылуу досторуна жиберишкен. Чуунун баарын ошондон кийин гана башталган. ​Агамир аттуу окуучу кылган иши үчүн жалпы коомчулуктан кечирим сурады:

- Мен чынында тыюу салган эрежелерди олуттуу деп эсептебей, тестирлөөгө телефонумду алып кирген элем. Анан мен ал суроолорду сүрөткө тартып, түрк лицейинде окуган досума жөнөткөм. Андан ары бүт интернетке жарыяланып кетиптир. Бул кылгандарыма азыр өкүнүп турам жана окуучулардан, тестирлөөнү өткөргөн мекемеден кечирим сурайм.

Учурда Агамирдин жазган тест жыйынтыгы жокко чыгарылды. Ал ошентип быйыл Кыргызстанда окуу жайга тапшыруу укугунан ажырады. Ал эми сүрөттөрдү алып, андан ары жайып жиберген окуучу Аджоландын тапшырган тесттинин жыйынтыгы боюнча атайын комиссия иштеп жатат. Адистердин айтымында, аныкы да жараксыз болуп калышы мүмкүн.

Кантсе да бул эки окуучу тесттеги суроолордун 7 барагын жарыялашканы маалым болду. Интернетте жүргөн дагы 30дай баракча болсо тесттеги суроолор эмес, окуу куралдарынан тартылган сүрөттөр болуп чыкты.

Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун жетекчиси Инна Валькова интернетке жарыяланган суроолор баары бир башка абитуриенттерге кереги тийбесин айтууда. ​

- Бул жарыяланып кеткен тесттер биринчи этаптын гана суроолору. Алар экинчи этапта такыр келбейт. Экинчиден, алар бир гана дептердин сүрөттөрүн жарыялашкан, бизде андай суроолордун варианттары толтура. Бизде биринчи этапта өзүнчө суроолор, экинчи этапта өзүнчө суроолордун варианттары бар. Алтургай бир күндүн ичинде 2-3 вариант да берилиши мүмкүн. Ошол себептүү шардана болуп кеткен бул суроолор экинчи этапта тест тапшырган окуучуларга жардамын берген жок. Мен ишенимдүү түрдө айта алам, ата-энелер эч кандай кыжаалат болбой эле койсо болот.

Жоопкерчиликти күчөтүү окуучуларды тыя алабы?

Бирок ошого карабай Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборуна карата нааразы пикирлер айтылып, тесттин жыйынтыгына карата ишенбөөчүлүк билдиргендер жок эмес.

Ал арада адистер мындай окуялар кийинки жылдары да кайталанышы мүмкүндүгүн айтышууда. "Мындай окуяларды алдын алуу үчүн Кыргызстан тестирлөөдө атайын эрежелерди киргизүү керек", - дейт билим берүү боюнча эксперт Кеңешбек Сайназаров:

- Тестирлөөнү коопсуз өткөрөбүз десек, кеминде үч шартты сөзсүз киргизишибиз керек. Биринчиси - балдар тестирлөөгө кирип жатканда металлды издей турган аппаратты коюшубуз керек. Экинчиси - тестти өткөрүп аткан администраторлордун жоопкерчилигин күчөтүп, аларды тынымсыз окутуудан өткөрүп, эскертип туруу зарыл. Үчүнчүсү - ошо тесттерди сүрөткө тартып, анан коомчулукка жарыялап жиберген окуучуларга чараларды катаалдантыш керек. Зарыл болсо аларга кылмыш ишин козгоп, жоопкерчиликке тарта тургандай кылышыбыз шарт.

Учурда тестирлөөгө уюлдук телефондорду, фото жана видео каражаттарды алып кирүүгө тыюу салынат. Кирип бараткан окуучулардын чөнтөктөрүн адистер бир сыйра текшеришет. Бирок ага карабай балдар техникаларын алып кирип кеткен учурлар арбын. Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун жетекчиси Инна Валькова телефондорду иштетпей коюучу каражаттарды сатып алуу чоң сумма тураарын эскертүүдө:

- Мындай окуялар АКШда, Орусияда, Кытайда, Түркияда жана башка өлкөлөрдө катталып турат. Аларда эми ошол эле металл издөөчү, интернетти өчүрүүчү жана телефондорду иштетпей коюучу каражаттарды колдонушканы чын. Биз да ошондой кылсак болот. Бирок ага толтура каражат керек. Өкмөт керектүү каражатты бизге бөлүп берсе, биз ал коргоочу каражаттардын баарын курууга даярбыз. Азыр уюлдук телефондор өтө күчтүү болуп баратат. Көз айнектерге камера орнотуп кирип атышат, камерасы бар калем саптарды колдонуп атышат. Техника өнүккөндөн кийин андан коргонуунун каражаттары да өнүгүш керек. Ага биздин чамабыз жетпегендиктен, суроолордун варианттарын гана аябай көп кылып, тестирлөөнү өткөрүп жатабыз.

Билим берүү жана илим министрлиги болсо тестирлөө учурунда электрондук каражаттарга тоскоол кылуучу техникаларды сатып алууга каражат каралбаганын билдирди.

Быйыл өлкө боюнча мектепти 75 миңден ашуун окуучу бүтүрcө, алардын 40 миңдейи улуттук тестирлөөгө катышканы маалым болду.