Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Тестирлөөдөн чыр чыкты


Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөнүн айланасында чыр чыкты. Бул тестирлөө учурунда эреже бузду делип, сынактан чыгарылган айрым бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери тестирлөөнүн жоболорун бузду деп Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборун сотко бергени жатат. Борбор өкүлдөрү мындай дооматтарды негизсиз деп жатышат.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборун сотко берүүгө камынып жаткандардын бири - бишкектик Акылбек Досуев.

Досуевдин кызы Кызбурак быйыл мектепти бүтүрүп, ЖОЖго тапшыруу тилеги менен 19-майда Бишкекте өткөн тестирлөөгө катышкан. Тестирлөө аяктап калган учурда Кызбурактын чөнтөк телефонуна апасы чалып калат. Сынактын эрежелерин бузду деген уюштуруучулар аны дароо сынактан чыгарып, жоопторун жаратпай салышкан. Борбордун мындай аракетине макул болбогон ата-эне тестирлөөнү өткөрүү боюнча өкмөт бекиткен жобо бузулганын айтууда:

- Бизге эң оор болгон нерсе - кызым эки жылдан бери Медициналык академияга өтөм деп, химия жана биология сабактары боюнча өзгөчө даярданган. Азыр бул жыйынтык менен ал окуу жайга кирүүгө мүмкүнчүлүгү болбойт. Бирок бул тестирлөөнү өткөрүү боюнча өкмөт бекиткен атайын жобо бар экен. Анын 24-беренесинде “сынак учурунда эреже бузган абитуриенттер алгач эскертилет, андан кийин экинчи жолкусунда гана сынактан чыгарылат” деп дапдаана жазылып турат. Менин кызымды болсо эч эскертпестен кубалап чыгышкан. Анын үстүнө менин кызым чөнтөк телефонду пайдаланып, андан эч нерсе көчүргөн эмес.

Акылбек Досуев сыяктуу балдары чөнтөк телефон колдонгондон улам сынактан куулган бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборуна балдарын кайрадан тестке катыштырууну өтүнүшкөн. Борбор болсо бул маселе боюнча атайын комиссия түзүп, анын кароосуна койгон.

Билим берүү жана илим министрлиги, акыйкатчы жана ар кыл коомдук уюмдардын 13 өкүлүнөн турган бул комиссия 24-майда бул боюнча жыйын өткөрүп, анда ата-энелердин өтүнүчүн канааттандырган жок.

Аталган комиссиянын мүчөсү, “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун өкүлү Фарида Абдылдаева кабыл алынган чечимди мындайча негиздеди:

- Мен бул бүтүрүүчүнү да, ата-энени да түшүнүп турам. Бирок баланын укугу бузулуп калды, ал кайра кирсин деген чечим кабыл алсак, ошол сыяктуу миңдеген балдардын укугун тебелемекпиз. Себеби ал тестке бир ирет кирип чыкты, бардык суроолорду көрдү. Экинчиден, өз телефонуна суроолорду тартып алдыбы - аны да билбейбиз. Ошондуктан эреже деген эреже. Ал баарына бирдей шарттарды түзүш керек.

Мындай чечимге нааразы болгондор өз укуктарын сотто коргоого камынышууда.

10 жылдан берки тыюу

Бирок Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору окуя боюнча өз жүйөлөрүн келтирди. Борбордун директору Инна Валькованын айтымында, өкмөт жобосунда тестирлөөнүн эрежелери ал жетектеген борбор тарабынан иштелип чыгары көрсөтүлгөн. Ал эми сынактын эрежелери боюнча чөнтөк телефон алып кирүүгө тыюу салынган:

- Кандай гана электрондук каражат болбосун, ал эсеп чыгара турган шпаргалка. Чөнтөк телефон аркылуу суроолорду сүрөткө тартып, сыртка чыгып кетиши мүмкүн. Анын үстүнө бизде азыр Бишкек менен Чүйдөн башка дубандарда тест өткөрүлө элек. Мындан улам биз он жылдан бери эле буга тыюу салып келе жатабыз. Бүтүрүүчүлөр тестке кирерден мурун чөнтөк телефон алып кирүүгө болбой турганын бир нече жолу, ар кандай ыкма менен эскерткенбиз. Ал гана эмес, "бул эрежелерди бузсам сынактан чыгам" деген шартка да макул болуп, кол коюп да беришкен.

Валькованын маалыматында, 19-20-майда Бишкек жана Чүй облусунда өткөн сынак учурунда 18 бүтүрүүчү чөнтөк телефон колдонгону үчүн чыгарылган. Муну менен катар бирөөнүн ордуна экинчиси кирип, сынак тапшырууга аракет кылган 4 бүтүрүүчү аныкталып, алар жакынкы эки жыл тестирлөөгө катышуу укугунан ажыратылды.

Анткен менен эч эскертүүсүз сынактан чыгарылган окуучунун укугу бузулду деген пикирлер да айтылууда. Акыйкатчы Турсунбек Акун:

- Жалпы республикалык тестирлөө абдан керектүү нерсе. Бирок бул жерде адамдардын укугун бузбаш керек. Мисалы, сынакка кирип баратып телефонун таштаганды унутуп калса эле аны сынактан кубалап чыгуу туура эмес. Ага алгач эскертүү бериш керек эле.

Кыргызстанда 2002-жылдан бери Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында мамлекеттик ЖОЖдорго студенттер кабыл алынып келатат. Быйыл мектепти аяктаган 71 миңден ашык бүтүрүүчүнүн 55 миңге жакыны бул сынакка катышуу үчүн катталышкан.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG