Жерүй: кенди алган компаниянын убадасы

Жерүй алтын кени

Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети Жерүй алтын кен ишканасы 2019-жылдын февралында ишке киришерин билдирди.

Келишим аткарылбай калган шартта кендин лицензиясына ээлик кылган "Альянс-Алтын" компаниясы декабрдын этегинен тарта айыппул төлөөгө мажбур болот.

Буга чейин "Ведомости" гезити Кыргызстандагы быйыл ишин баштай турган ири алтын кенин иштетүүчү фабрика мөөнөтүнөн кечеңдеп жатат, кечиккен шартта конкурста уткан "Восток-геолдобыча" айына 100 миң доллардан айып төлөшү керек деп жазган.

Бирок кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда Жерүйдү иштетүү милдетин алган "Альянс-Алтын" компаниясына курулуш үчүн чегерилген убакыт аягына чыга элек. Анткени Жерүйдүн техникалык долбоорун тийиштүү органдар быйыл август айында гана бекитти.

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Кыргызстандын ондогон тонна алтын корун ичине камтыган тоо-кен тармагы эл аралык чайкоочулардын оңой олжосуна айланууда.

Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Рыспек Токтоналиев “Азаттык” радиосуна төмөнкүлөрдү билдирди:

- Келишим боюнча (инвестор) ушул жылдын 28-ноябрынан кеч эмес куруу иштерин башташы керек. Эгерде алтын тазалаган фабриканы жана калдык сактоочу жай курууну баштабаса, анда 28-декабрдан тарта алар айыппул төлөөгө тийиш.

Жерүй келишимди аткарууга даяр

Макулдашылган документтерге ылайык фабриканы “Альянс-Алтын” 18 айда куруп бүтүп, ишке киргизиши зарыл. Башкача айтканда, алтын чыгаруучу ишкана 2019-жылдын февраль айында гана толук кандуу ишке киришүүсү керек. Бул мөөнөткө “Альянс-Алтын” толугу менен үлгүрөбүз деп ишендирүүдө.

- Белгиленген мөөнөттөн өтүп кетип 100 миң доллар айыпты ай сайын төлөөгө биз деле кызыкдар эмеспиз. Заводдун курулушун баштоого 28-ноябрга чейин убакытыбыз бар. Азыр курулуш компанияны тандоого тендер жарыяланганы жатат. Ага чейин эле бир катар компаниялардан арыз келе баштады. Арасында жергиликтүү, чет элдик курулуш компаниялары бар. Биз бир компанияны тандап, курулушту сөзсүз мөөнөтүндө баштайбыз, - деди "Альянс-Алтын" компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Данияр Жаныкулов.

Жерүй кени

Жерүйдө ар кандай тогуз компания фабрикага чейинки курулуш иштерин жүргүзүп жатат. Данияр Жаныкулов ушу тапта кенге чейин жол төшөлүп, жатакана, ашкана өңдүү объекттер салынып жатканын билдирди:

- Заводго чейинки курулуш иши азыр толугу менен жүрүп жатат. Көпчүлүгү алтын кенди эксковатор менен казып, табат деп ойлошот. Чындыгында ал жакка жол салуу керек, жылытуучу жай жана башка имараттарда жумуш токтогон жок. Азыр тоо жагындагы жолдорго, серпантиндерге өтүп жатабыз. Электр линиялары тартылып жатат. Жалпысынан тогуз ар кандай компания жумуштарды пландан кечиктирбей жүргүзүүдө.

Жергиликтүүлөр нааразы

Ал арада Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаттары курулуш ишине жергиликтүү тургундар аз тартылып жатат, айлыгы да убадага ылайык төлөнгөн жок деген маселени көтөрүүдө. Жергиликтүү депутат Насир Турдалиев:

Компаниянын “Бакубат” фондуна которгон 100 миллион сом каражаты кайда кеткенин да билбей атабыз. Ошондой эле жергиликтүү адамдар ал жакта өтө эле аз.
Насир Турдалиев

- Башында минималдуу айлык 500 доллардан болот деп, асмандагы жылдызды убада кылышкан. Азыр элди көндүргөндөн кийин биздин балдар 5 миң сомго жетпеген маянага иштеп жүрүшөт. Курулушчулар азыр кара жумушта, арматура токуп, дагы башка иштерди кылып жатышат. Ошондуктан жакынкы бир жума ичинде жергиликтүү кеңеш Жерүй маселесин кайра караганы жатабыз. Бул компаниянын “Бакубат” фондуна которгон 100 миллион сом каражаты кайда кеткенин да билбей атабыз. Ошондой эле жергиликтүү адамдар ал жакта өтө эле аз.

"Альянс-Алтын" компаниясы учурдагы курулуш иштерин аткаруучу (подряддык) компаниялар жүргүзүп, жумушчулар ошол курулуш компаниялары менен түз келишим түзүп, иштеп жатканын айтууда.

Бул аралыкта компания ноябрь айынан баштап “Бакубат” фондуна быйылкы жылдын эсебинен облуста жаңы жумуш орундарын түзүү жана социалдык объекттерди курууга 100 миллион сомду которуунун биринчи траншын баштаганы жатат.

Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүү укугун 2015-жылы май айында орусиялык ишкер Муса Бажаевдин "Орус платинасы" корпорациясынын курамына кирген "Восток геолдобыча" компаниясы утуп алган. Кийин ал кенди иштетүү үчүн "Альянс-Алтын" ишканасын уюштурган.

Кыргызстандагы Жерүй алтын кени жалпы көлөмү боюнча Кумтөрдөн кийинки орунда турат. Анда изилденген алтын запасынын көлөмү 105 тоннага барабар экени жарыяланган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.