Сооронкулова: Прокуратура Конституцияда каралбаган укукту колдонууда

"Азаттык" жана "Заноза" медиа каражаттарына берилген доо арызга байланыштуу 120 кишинин колу коюлган өтүнүч кат 3-майда өндүрүшкө алынганын Конституциялык палатанын жалпы бөлүмү ырастады.

Конституциялык палатага түшкөн өтүнүч катта "Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын биринчи жана төртүнчү беренелерин Конституцияга кайчы келет деп таануу суралган.

Өтүнүч катка кол койгондордун бири, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова "Азаттык" радиосуна курган маегинде укуктук суроолорго жооп берди.

Клара Сооронкулова: “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги жөнүндө” деген мыйзам бар. Анын 4-беренесинде президенттин ар-намысын, беделин башкы прокурор коргойт деп көрсөтүлгөн.

Жарандык коом cөз эркиндигине кабатыр

Жарандык коом cөз эркиндигине кабатыр

Көз карандысыз журналисттер союзу медиа менен бийликти конструктивдүү диалогго чакыруу максатында жыйынга чогулду. Анда айрым басылмалардын бийлик тарабынан сотко берилиши да талкууланды.

Бул берене 2003-жылы кабыл алынган, ошол учурдагы Конституция, ошол кездеги прокуратуранын ыйгарым укуктарына, ошол учурдагы президенттин макамына туура келген мыйзам болгон. Бирок 2010-жылы президенттин макамы, прокуратуранын ыйгарым укуктары абдан чоң өзгөргөн. Бирок Жогорку Кеңеш бул мыйзамды жаңы Конституцияга ылайыкташтырган эмес. Ошондуктан бул жерде чоң карама-каршылык бар.

Ошол беренеге таянып башкы прокурор беш-алты доо арыз менен президенттин ар-намысын коргоп сотко кайрылды. Муну Конституцияга каршы келет деп таап бериңиздер деп өтүнүп Конституциялык палатага кайрылганбыз. 30 күндүн ичинде каралыш керек болчу, ошол мөөнөттө өндүрүшкө кабыл алынды. Эми Конституциялык палата бир нече айда бул маселени изилдеп чыгып, чечим чыгарып бериш керек.

“Азаттык”: Конституциялык палата башкы прокурордун доо арыздары Баш мыйзамга туура келет же келбейт деген чечим чыгарып бериши керек да, туурабы?

Клара Сооронкулова: Ооба, бул маселени текшерип чыгышат дагы, туура келет же келбейт деп бүтүм чыгарат. Экинчи маселе, Конституциялык палата карап жаткан мөөнөттө башкы прокурордун доо арыздары боюнча козголуп, каралып жаткан сот иштери токтоп турушу керек. Чечим чыкканга чейин бул иштер каралбашы керек. Булар “Азаттык”, “Заноза”, Чолпон Жакуповага карата берилген акыркы доо арыз. Ошолордун баары башкы прокурордун атынан берилип жатат да. Азыркы Конституция боюнча башкы прокурордун, деги эле прокуратуранын андай укуктары жок.

“Азаттык”: Баш мыйзамда мурдагы берене менен азыркы беренелерде кандай айырма бар? Өтүнүчүңүздөрдү эмне менен негиздеп жатасыздар?

Бишкекте эркиндик форуму өттү

Бишкекте эркиндик форуму өттү

Бишкекте өткөн эркиндик же Азаттык форумуна парламент депутаттары, оппозициялык саясатчылар, укук коргоочулар жана жарандык активисттер катышты.

Клара Сооронкулова: Прокуратуранын ыйгарым укуктары Баш мыйзамдын 104-беренесинде толугу менен көрсөтүлгөн. Аларды мыйзамдар менен кеңейтүүгө болбойт. Анда президенттин бедели менен ар-намысын коргоого милдеттүү деген ыйгарым укугу жок. Буга чейин Конституциялык палата башка бир иш боюнча прокуратуранын ыйгарым укуктары толук көрсөтүлгөн, бул жерде 104-беренени мыйзам менен кеңейтүүгө болбойт деген чечим чыгарган. Ошого таянып биз Конституция тарабынан берилбеген укукту прокуратура колдонуп, президенттин ар-намысын коргоп жатат деп жүйө келтирип атабыз.

“Азаттык”: Конституциялык палатага өтүнүч менен кайрылгандардын катарында кимдер бар?

Клара Сооронкулова: Мен, "Конституциялык кеңешме үчүн" кыймылынын аткаруучу директору Рита Карасартова, Zanoza.kg сайтынын журналисти Нарын Айып жана башка саясатчылар, журналисттер, коомдук ишмерлер болуп 120 киши кол койгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.