Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

Парламент баш прокурордун ишин баалады


Индира Жолдубаева.
Индира Жолдубаева.

Жогорку Кеңеш 6-апрелде Башкы прокуратуранын мыйзамдуулукту сактоо боюнча 2016-жылдагы аткарылган иши тууралуу баш прокурор Индира Жолдубаеванын баяндамасын укту жана аны канааттандырарлык деп тапты.

Парламентте баш прокурорго негизинен коомчулуктун бүйүрүн кызыткан, талаш-тартыш жараткан кылмыш иштер боюнча суроолор арбын болду.

Баш прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеңеште баяндама жасап, айрым статистикалык маалыматтарды жарыялады. Ага ылайык, былтыр прокуратура органдары дээрлик миңдей текшерүү жүргүзгөн жана 15 миңдей прокурордук чара көрүү актысы түзүлгөн. Коррупция боюнча миңден ашуун кылмыш иши козголуп, жалпы зыян 900 миллион сомдон ашты деп эсептелген. Ошондой эле кылмыштуулук жана кыйноолор азайган.

“Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген Ош, Жалал-Абад шаарларын куруу дирекциясына байланышкан кылмыш иштерди сурады:

- 2014-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен парламенттик комиссиянын чечими боюнча силерге тапшырма берилген. Жалал-Абад, Ош дирекциясы боюнча ким жоопко тартылды? Экспертиза качан бүтөт. Мына 11,5 миллард сомго курулуш жүргөн. Сапатсыз курулуш боюнча кимдир бирөөнү жоопко тарта алабызбы?

Индира Жолдубаева азырынча бул факт боюнча эч ким жоопко тартыла электигин маалымдады:

- Аудиттин жыйынтыгы менен 29 объект боюнча 118 миллион сомдук зыян келгени аныкталган. Анын негизинде прокуратура органдары тогуз кылмыш ишин козгогон. Зыяндын көлөмү 90 миллион сомго жакын деп аныкталган жана тергөөнүн жүрүшүндө анын дээрлик 66 миллионго жакыны өндүрүлгөн. Ушул тогуз кылмыш иштин экөө сотко жөнөтүлгөн. Дагы экөө кылмыш жоопкерчилигине тарта турган адамдар аныкталбаганы үчүн токтотулган. Бир кылмыш иш айыпталып жаткан адамдын кайда экенин аныктоо мүмкүн болбогондуктан, дагы төрт иш кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу токтотулган. Ал эми бир кылмыш иши башка үй курулуп берилгенине байланыштуу токтогон.

Аида Салянова
Аида Салянова

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу суроо берди. Ошондой эле өзү баш прокурорлук кызматтан кетер алдында болгон Мамлекеттик резиденцияга кол салуу фактысы боюнча иликтеп-териштирүүнү сурады:

- Акыркы учурда президент Атамбаев ар бир пресс-конференциясында адамдарды "кылмышкер, коррупционер, алдамчы" деп атап жатат. Ошондой эле укук коргоо органдарына түздөн-түз көрсөтмөлөрдү берип жатат. Бул мыйзамга туура келеби? Анан дагы бир ишти сизден сурагым келип жатат. 2014-жылы 18-сентябрда мамлекеттик резиденцияга кол салуу болгон. Улуттук гвардиянын бир жоокери ур-токмокко алынып, ал эс-учун жоготуп ооруканада гана өзүнө келген. Ал "моюнума учтуу нерсе такап, "Аида Салянова ушул жерден кирип-чыгат экен анын үйүнө кеткен жолду көрсөт" дегенде билбейм дегеним үчүн ур-токмокко алындым" деп көрсөтмө берген. Ушул иштин жыйынтыгын айтыңызчы?

Баш прокурор эгер кимдир бирөө президенттин сөзүнө териксе, сотко кайрылсын деп кеңеш берди. Ал эми мамлекеттик резиденциядагы мындан үч жылдай мурда болгон иш тууралуу маалыматы жоктугун айтты:

- Президенттин сөзүн мазактоо катары кабыл алган адамдар Жарандык кодекс боюнча өзүнүн кадыр-баркын коргоо үчүн сотко кайрылса болот. Ал эми аскер кызматкерлери жана аларга байланыштуу кылмыш иштердин баары биздин көзөмөлдө. Сиз айтып жаткан факт боюнча бизде маалымат жок. Биз муну текшерип, сизге өзүнчө жазуу түрүндө жооп беребиз.

"Ата Мекен" фракциясынын дагы бир депутаты Садык Шернияз өзүнүн фракциялаштарынын көбүнө кылмыш иши козголгонун сөз кылды. Алар оппозицияга өтө электе бийликтин көзү түз болуп, оппозицияга өткөндөн кийин кылмыш иштер ачылганын сындады. Баш прокурорду саясий курал болуудан сактанууга чакырды:

- Ушундай иштерден абайласаңыз экен. Мына, Жанар Акаев деген жаш депутатыбыз кээде бийликке жакпаган сөздөрдү айтып коюп жатат. Азыр эми ага байланыштуу кооптуу нерсе пайда болду. ММКларда "анын дагы кыңыр иштери бар экен" деген сөздөр айтыла баштады. Эртең ал дагы сиздин өндүрүштүк иштериңизге дал келип калбасын деген коркунучту айтып жатам. Азыр бирөө катуураак сүйлөсө эле эртең анын кандайдыр бир иштери жылт этип чыга калып жатат. Муну болсо эл башкача түшүнүп калат. Ошондуктан мындай иштерден абай болсоңуз.

Ал арада баш прокурорго болушкандар да болду. Социал-демократтар фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев оппозицияны "таза эмес" деп айыптады. Ошол эле учурда башкы көзөмөлдөөчү органды коррупцияга каршы күрөштө калыс болууга чакырды.

- Азыр оппозицияга кысым болуп жатат деп жатышат. Оппозиция алсыз дешет. Алардын өздөрүнүн жүзүн карагыла. Мурда мүлктүн баарын саткан шергулдар, мурда чоң-чоң кызматта отурган эргулдар. Бүгүн болсо алар оппозиция болуп алган. Эл ишенеби ошолорго? Индира Рыспаевна, мен сизге кайрылып кетким келет. Мына УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш боюнча кызматында иштеген жапжаш эле балдар элдин кыжырын келтирип кандай үйдө жашап жатат, кандай унаа тээп жүрөт. Келгиле, калыс карайлы. Алар жашабай жатып мунун баарын каяктан алды? Алар коррупцияга барып, үлүшүн алып жаткандыктан ушундай жашап жатат да, эл да ушуну айтып жатат. Каржы полициясынын балдары, ИИМде айрым шылуундар жокпу? Аларды баарыбыз билебиз. Бир нерсе болсо эле алар карапайым элди коркутуп-үркүтөт. Келгиле, ошол жагын карайлы.

Кожобек Рыспаев.
Кожобек Рыспаев.

Баш прокурорго сотто акталгандардын санынын көптүгү боюнча да сын айтылды. Бул кылмыш иштерди тергегендерди жоопко тартуу маселеси көтөрүлдү.

Индира Жолдубаева баш прокурор болуп 2015-жылдын башында дайындалган. Ал ушуну менен Жогорку Кеңеште экинчи ирет баяндама жасады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG