Кызматтан кетүүнүн “кыйынчылыгы”

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов 4-декабрда кызматынан өз ыктыяры менен кетип жатканын жарыялады.
Өмүркулов бул чечимине жер мыйзамын бузуу боюнча козголгон кылмыш ишинин тиешеси жоктугун билдирди. Анткен менен талдоочулар Өмүркуловдун кызматтан кетишин бийликке карата нааразылык күчөп турган жагдайда коомчулуктун көңүлүн жазгыруу аракети катары баалашты. Ошол эле кезде коомдук активисттер Иса Өмүркуловго Келдибеков менен Түлеев сыяктуу коррупциялык кылмыш фактылары болгонуна карабастан жеңил жаза беренеси коюлгандыктан анын жоопко тартылышынан шек санашууда.

Кечиккен кечиримби?..

Мэрликтен кетээрин жарыялаган Иса Өмүркулов коомчулуктан кызматтан кетишинин себебин козголгон кылмыш иши менен байланыштырбоону суранды. 2010-жылы 7-апрелден кийин баш калааны жетектөөгө келген Иса Өмүркулов өткөн үч жыл аралыгында шаардын өнүгүшүнө чын дилинен ак кызмат кылганын белгиледи. Ал буга шаарда 42 чакырым жол оңдолгонун, “Ош”, "Орто-Сай” базарлары тартипке салынып, көрктөндүрүү иштери жасалганын мисал келтирди.

Ошол эле кезде анын дарегине сын-пикирлер да болгонун мойнуна алган Иса Өмүркулов аткарылбай калган иштер үчүн калаа тургундарынан кечирим сурады:

- Берилгендик менен кызмат кылууга аракет кылдым. 3 жыл бир эле көз ирмемдей өтүп кеткендей болду. Бул мезгилде шаар үчүн бир топ иштерди жасаганга аракет кылдым. Ар бир иштин башталышы бар сыяктуу эле анын аягы да болушу керек. Ошон үчүн мен бүгүндөн баштап кызматтан кетүүнү чечтим. Мен шаарга болгон аракетимди жумшадым. Бирок бардыгы эле колдон келе бербейт экен. Албетте жетишпегендиктер да, сын-пикирлер дагы болду. Шаардын тургундарына ойдогудай мамиле жасай албай калган учурларым үчүн кечирим сурайм.
Иса Өмүркулов кызматтан кетээрин жарыялаардан бир күн мурда "Азаттыктын" суроолоруна жооп берген эле (1-бөлүк)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өмүркулов: Мыйзамсыз берилген жер жок



Саясий “шахмат”

Айрымдар Өмүркуловдун өз эрки менен кызматтан кеткен чечимин саясий маданияттын үлгүсү катары сыпаттап жиберишти. Ошол эле кезде башка бир саясий талдоочулар анын кызматтан кетишин өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды жөнгө салууга багытталган бийликтин саясий жүрүшү катары мүнөздөшүүдө. Анткени Келдибеков сыяктуу оппозициялык саясатчылардын камакка алынышы коррупцияга каршы күрөш тандалма шартта жүрүп жатат деген маанайды жараткан эле.

Ошол эле кезде Оштун мэринин милдетин аткаруучу катары бир жылдан ашуун убакыттан бери шайлоону күтүп отурган Мырзакматов борбордук бийликке улам каш кайтарып келет. Андыктан талдоочулар Өмүркуловду кызматтан алууну саясий "шахматтагы" "ферзди" алуудагы жасалган "шах" деген шарттуу божомолдорун айтышууда.

Саясат таануучу Уран Ботобеков мындай жагдайда Өмүркуловдун кызматтан кетишин бийликтин коомчулуктун көңүлүн жазгыруу аракети катары баалады:

- Биринчиден, Иса Өмүркулого кылмыш ишин козгоого жана анын өз ыктыяры менен деген негиз менен кызматтан кетишине коомдук пикирдин басымы болду окшойт. Анан калса өлкөнүн айрым аймактарында катуу талаптар менен чыгып жатышкан нааразылык акцияларынын дагы таасири тийди. Бирок бардык иштерге карата бирдей мамиле жасалып, ошого жараша адилет укуктук баа берилет деген сөздү айтууга азырынча эртерээк. Бул көрүнүш азыркы мезгилде коомчулуктун кайсы бир бөлүгүнүн көңүлүн алып туруу үчүн эле жасалып жаткандай туюлуп жатат.

Иса Өмүркулов кызматтан кетээрин жарыялаардан бир күн мурда "Азаттыктын" суроолоруна жооп берген эле (2-бөлүк)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

И.Өмүркулов: Мыйзамсыз берилген жер жок (2)



Айып коюуда алешемдик болдубу?

Иса Өмүркуловго Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесине ылайык, жер мыйзамдарын бузду деп кылмыш иши козголгон. Анда мэрдин токтому менен шаардын “Жеңиш” гүлбагынын 14 гектардан ашуун аянты кыскартылган. Ал жер тилкелеринин айрымдары кийин көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилип кеткени аныкталган. Жер мыйзамын бузууну караган 305-беренедеги кылмыш белгилери боюнча жоопкерчиликке тартуу үчүн доомат коюу мөөнөтү үч жыл. Андан кийин убакыт өтүп кеткенине байланыштуу мындай иштер тергөөдөн кыскарат. Ал эми коррупция беренеси боюнча доомат койуу мөөнөтү жыйырма жыл.

Мына ошондуктан коомдук активист Калича Умралиева коррупциялык иш-аракеттер көз көрүнөө болгонуна карабастан Өмүркуловго жеңил берене менен кылмыш иши козголгонун айыптап чыкты:

- Көп кабаттуу үйлөрдүн жака-белиндеги жер тилкелерин үй куруучу компанияларга мыйзамдаштырып берген фактылар – коррупция эмей эмне? Анткени бул жерде мэрден баштап тиешелүү кызматтардын корутундусу өз ара тил табышуу аркылуу чыгып отурат. Акматбек Келдибеков менен Нариман Түлеевге коррупциялык кылмыш белгилери боюнча иш козгошту. А бирок мэрди жана тиешелүү кызмат адамдарын жоопко тартууда 305-берене колдонулуп жатат. Бул жөнөкөй эле жер мыйзамдарын бузуу катары саналат. Ошондуктан биз жер тилкелерин бөлүштүрүүдөгү коррупциялык чынжырча боюнча иш козголуп, 305-берене 303-беренеге которулушун талап кылабыз.

Буга чейин коомдук активисттер калаа башчысы Иса Өмүркуловду Түштүк магистралдан, Чыгыш-5 кичирайонунан жана Жеңиш гүлбагынан жер тилкелерин мыйзамсыз берип жиберди деп айыптап чыгышкан болчу. Ошол эле учурда “Биздин укугубуз” коомдук уюму Иса Өмүркуловдун “Кыргыз темир жолу” ишканасын башкарып турган кездеги иштерин дагы кайрадан көтөрүүнү талап кылууда.