Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

Бишкек мэрине кылмыш иши козголду


Иса Өмүркулов мэриянын алдына майыптарга көңүл бурууга чакырган “Тоскоолдуксуз шаар” акциясына чыккандар менен жолугушууда. 25-октябрь, 2012.
Иса Өмүркулов мэриянын алдына майыптарга көңүл бурууга чакырган “Тоскоолдуксуз шаар” акциясына чыккандар менен жолугушууда. 25-октябрь, 2012.

Башкы прокуратура Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго жана мэриянын дагы башка кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козгоду.

Бул кылмыш иши “Жер мыйзамын бузду” деген берене боюнча козголду. Башкы прокуратуранын маалымдашынча, Өмүркулов Бишкектин түштүгүндө жайгашкан Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багындагы баш планда бекитилген жерди мыйзамсыз чектеген деп шектелүүдө.

Иштин төркүнү эмнеде?

Башкы көзөмөлдөөчү органдын белгилешинче, шаардын башкы планында 48 гектардан ашуун деп белгиленген сейил багы 2011-жылы мэр Иса Өмүркулов чыгарган токтомдо 33 гектарга түшүп калган. Калган 14 гектарга жакын жери 49 жылга ижарага берилип, азыр ал жерде ресторан жана май куйуучу жай салынып калган.

Башкы прокуратуранын ага прокурору Санжар Абжалов кылмыш иштин козголушу боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 305-2-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" паркында жайгашкан жерди кыскартуу боюнча башкы планга өзгөртүүлөрдү киргизген. Башкача айтканда 14 гектарга жакын жерди мыйзамсыз кыскартуу боюнча өзгөртүү киргизишкен. Кыскартуунун эсебинен 49 жылга кафе, ресторандарга мыйзамсыз уруксат берген. Бул фактылар боюнча тергөө жүрүп жатат.

Ал эми мэр Иса Өмүркулов аталган сейил бактын чеги мурда жок болгонун, кылмыш иши козголгонун өзү да интернет сайттардан көргөнүн “Азаттыкка” билдирди:

- Бул парктын буга чейин чеги жок болчу, биз бекиткенге чейин чек арасы болгон эмес. Эгер чек ара болсо кайра аны бекитүүнүн же азайтуунун кандай кажети бар эле. Эгерде бир метр азая турган болсо эч убакта андайга кол койбойт элем. Өзүм ушуга каршы туруп, анан кайта мыйзамсыздыкка жол бермек белем. Андайга эч убакта жол бермек эмесмин. Юридикалык анализден өткөндөн кийин, архитектуранын жана бөлөк структуралардын берген корутундусу менен чечим кабыл алдым. Бул жерде бир аз ашыкча ажиотаж болуп жатат окшойт.

Буга чейин жарандык активисттер жана шаар тургундары Бишкекте мыйзамсыз жер берүү уланып жатканын, мыйзамсыз курулуш иштерине уруксат берилип, жолдорду оңдоо, шаарды таштандылардан тазалоо маселеси чечилбей жатканын айтып, Иса Өмүркуловдун кызматтан кетишин талап кылышкан.

Кийин КСДП фракциясынын айрым депутаттары Бишкектин сейил бактарындагы курулуштардын мыйзамдуулугу күмөн жаратып жатканын айтып чыгышкан эле.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев бул ишти тишелүү органдар аягына чыгарат деп үмүттөнөт.

- Өмүркуловдун иши боюнча мыйзам бузуулар бар, жерлер туура эмес бөлүнгөн деп бир жылдан бери айтып келатабыз. Депутаттык комиссия дагы мыйзам бузуулар бар экенин далилдеп, тастыктап чыгышты. Бул иш аягына чыгат деп ишенем. Биз бардыгыбыз, коомчулук дагы, депутаттар дагы бул ишти көзөмөлдөп жатабыз. Эгер аягына чыгарбаса жалпы бийликке шек келтирет.

Президент Алмазбек Атамбаев былтыр Өмүркуловго байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, анын салыштырмалуу жакшы иштеп жатканын, бир чарчы жер берилбегенин айткан эле:

- 2005-жылга, андан мурдагы жылдарга караганда Иса Өмүркулов Бишкектин тегерегинен бир чарчы метр дагы жер берген эмес баскынчыларга.

Жакында Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун камалышы боюнча депутаттарга маалымат берип жатып баш прокурор Аида Салянова кылмыш иши дагы бир топ адамдарга козголорун, анын ичинде КСДП партиясынын өкүлдөрү да бар экенин кыйыткан. Бирок алардын аттары аталган эмес.

Башкаларды баланстообу?

Анткен менен айрым серепчилер, депутаттар Өмүркуловго кылмыш иштин козголушун саясий шоу, элди алаксытуу же азыркы кырдаалды баланстоо катары сыпатташууда. Маселен, коомдук активист Мавлян Аскарбеков элдин бийликке болгон кыжырдануусунан улам гана Өмүркуловго иш козгоду деген пикирде.

Ал эми ЖК депутаты Равшан Жээнбеков бул иш аягына чыкпайт деп эсептейт:

- Эмне үчүн оппозицияны эле камайт, өзүнүкүнө тийбейт деген коомдук пикир күчтүү болуп жатат. Ошондуктан бул коомдун басымынан коркконунан жасап жаткандагысы. Башкалардын бардыгына “шалаакылык, кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелерине “коррупцияны” кошуп козгоп жатат. Бул жерде бир гана берене боюнча козгоду. Ошондуктан бул бийликтин коомду тынчтандыруу үчүн жасалган аракети.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Өмуркуловду тергөө иштери аягына чыкканга чейин кызматтан убактылуу четтеттүү сунушу азырынча бериле элек. Иса Өмүркулов шаар мэрлигине 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин келген. КСДП партиясынын мүчөсү.

XS
SM
MD
LG