Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Оштогу митингдин талабы


Шаар башчысынын милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов митингчилердин алдында сөз сүйлөп жатат. Ош, 2-декабрь, 2013.
Шаар башчысынын милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов митингчилердин алдында сөз сүйлөп жатат. Ош, 2-декабрь, 2013.

Камалган депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери 2-декабрда Ошто митинг өткөрүп, бийликке бир нече талаптарды коюу менен таркап кетти.

Митингчилер Келдибековду бошотуу талабын аткарууга бийликке 3 күн убакыт берди. Өкмөттүн өкүлү Сооронбай Жээнбеков митингчилердин атынан он чакты аксакалды кабыл алып, алар менен сүйлөшүү аяктагандан кийин эл алдына чыкты. Митинг жүрүшүндө эки жолу областтык акимиатка кирүү аракети да болду.

Нааразылык акциясына чыккандардын айтымында, митингге 10 миң киши катышты. Ал эми көз каранды эмес байкоочулар беш миңден ашыгыраак киши чогулганын, милиция болсо борбордук аянтка 2 миңдин тегерегинде адам келгенин билдирүүдө. Чогулгандардын башкы талабы - депутат Акматбек Келдибековду бошотуу болду.

Алайдан келген айымдардын бири Рая Капарова элдин баары мында акыйкат издеп келгенин белгилейт:

- Элдин баары бул жерге чындык издеп келди. Бул жерде азыр 10 миңден ашык эл турат. Бирок нары жактан, бери жактан келе тургандар дагы көп. Аларды шаардын кире беришинен киргизишбей, өткөрбөй жатышат. Биздин талап - Акматбек Келдибековдун баш коргоо чарасы өзгөртүлсүн, бошотулсун. Талаптар аткарылбаса эл каалаган ишине барат. Азыркы бийлик ишинен кетсин.

Митингге чыккандардын дагы бири элди өз пикиринен жанбоого үндөп, Келдибеков эл уулу экенин кошумчалады:

- Эл үчүн кызмат кылган жигиттерди сактап калалы. Биздин талап аткарылмайынча катарыбызды бузбай, максатыбыздан жанбайлы.

Оштогу митинг
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:58 0:00


Нааразылык акциясына Ош шаар мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов келип сөз сүйлөп, митингчилерди колдой турганын айтып кетти:

- Акматты камагандан кийин, тиги КСДП партиясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбековду да камаса, ошондо биз бул коррупция менен күрөш акыйкат жүрүп атат демекбиз. Ошондо биз иш калыс каралат, сотто анан көрөлүчү дейт элек. Ошондуктан мен оо, тээ тиги жерде карап олтурам (ред: мэрия борбордук аянттын жанында). Митиңгиңерди кыла бергиле! Нааразылык акциясын өткөрөбүз дегенде Камчыбек Ташиевге 7 жолу уруксат бергем, мына азыр Акматтын тарапкерлерине үчүнчүсүнө кол коюп бердим “өткөрө бер” деп. Азырынча шаарда мен кожоюнмун. Кайсы бир кызыл шапкечен энелерди, аксакалдарды түрткүлөй турган болсо, мага түз киргиле.

Түшкө жуук митингчилер акимчиликке кирүүгө аракет жасап, бирок тартип коргоо кызматкерлери ага жол берген жок. Имараттын алдын 100дөн ашык милиция кызматкерлери калкандары менен тосуп турушту. Ага карабай айрым жаштар аларды көздөй таш атып жиберүүгө үлгүрүштү.

Митингдеги аксакалдардын бири Артисбек Абылаев минтип жатты:

- Кайткыла! Талкаламай жок! Жөн тургула!... Мунун баары провакация... Акылыңарга келгиле!... Эгер талкалаш керек болсо биз айтабыз. Ага чейин тынч тургула. Кайткыла...

Бирок митингчилер аны менен эле туруп калган жок. Арадан жарым саатча убакыттан кийин жаштар кайрадан акимиатка атырылып, бирок митинг лидерлери тарабынан токтотулуп калды.

Түш оогондон кийин аянтка 20дан ашык атчан адамдар кошулду. Митингчилердин айтымында, Алай районунан келген дагы башка атчандарды шаарга кире бериште тосуп коюшкан.

Ал ортодо нааразылыкка чогулгандардан 10 чакты аксакалдар, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнө кирип, талаптарын айтып чыгышты.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин митингге чогулгандардан кабар алганы чыккан өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков элге мындай деди:

- Мен аксакалдар менен сүйлөштүм. Биз өзүбүздүн колдон келгенди аткарабыз. Биз талаптардын баарын мыйзам чегинде борбордук бийликке жеткиребиз. Бирок кыйкырып, таш ыргыткандан маселе чечилбейт. Мен билем, силердин жаман оюңар жок, бирок араңарда провокаторлор бар экен. Мен деле күйүп атам, мен деле кабыргам кайышып атат. Бирок баары мыйзам жолу менен болсун, туугандар.

Канткен менен нааразылык акциясына чыккандар борбордук аянтка эки боз үй тигишти. Талаптарын аткаруу үчүн бийликке 3 күн убакыт берип, ага чейин ошол боз үйлөрдө отуруп турушаарын белгилешти.

Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков 20-ноябрда УКМКнын тергөө абагына камалып, эки күндөн соң Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен камактагы мөөнөтү эки айга узартылган. Башкы прокуратура Келдибеков жетекчилик кызматтарда иштеп жүргөндө мамлекеттик казынага баш-аягы 30 миллион сомдук зыян келтирген деп айыптап жатат. Ошондон бери Келдибековдун тарапкерлери Алайда, Ошто жана Бишкекте нааразылык акцияларын өткөрүп келатат.

Алар 24-ноябрда Ош - Эркеч-Там жолун бууп, бир күндөн соң бийликке үч күндүк убакыт чектеген шарт менен жолду ачышкан.

Бишкек шаардык соту райондук соттун Келдибеков "19-январга чейин тергөө абагында кармалсын" деген чечимин күчүндө калтырды. "Мамлекеттин чөнтөгүнө кол салып, 30 миллион сомго жакын акчаны коротуп жиберген" деген айып менен камалган Келдибеков өзү күнөөсү жок экенин айтканы бар.

Оштогу митингден сүрөт баян

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG