Президент Исаковдун кызматын жогорулатты

Сапар Исаков

Президент Алмазбек Атамбаев 1-мартта өзүнүн аппаратынын башчысы кылып Сапар Исаковду дайындады.

Ал президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп мындан бир айдай мурун эле дайындалган.

Убагында Максим Бакиев жетектеген Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин коммуникациялар кызматын башкарган Исаковдун карьералык өсүшү бийликтин “мураскер операциясы” боюнча сөздөрдү күчөттү. Бул дайындоо орус президенти Владимир Путин келип-кетери менен болгону дагы мындай талкууларды кызытты.

Алмазбек Атамбаев Сапар Исаковду "оң колу" экенин айткан жайы бар. Анын аты мындан үч жыл мурун биринчи Көчмөндөр оюнунан кийинки каржылык чыр-чатактарга байланыштуу аталган.

Сапар Исаков 40 жашта. 1999-жылы Бишкектеги Эл аралык университетти аяктаган. Ошол жылы өзү бүткөн окуу жайда окутуучу болуп ишке орношкон жана төрт жыл иштеген.

2003-2007-жылдары Тышкы иштер министрлигинде атташе, 3 жана 2- катчы, Эл аралык-укуктук департаменттин бөлүм башчысы өңдүү кызматтарды аркалаган.

Сапар Исаков өкмөткө 2007-жылы келген жана эки жыл өкмөттүн аппаратынын Эл аралык кызматташтык, Тышкы байланыштар бөлүмдөрүн жетектеген. Сапар Исаков менен президент Алмазбек Атамбаевдин жолу так ушул жерден кошулган.

2009-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев жетектеген Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин коммуникациялар кызматын башкарган.

2010-жылы бийлик күч менен алмашканда, Сапар Исаков алгач Убактылуу өкмөттүн, андан кийин президенттик аппараттын Эл аралык байланыштар, Тышкы саясат бөлүмдөрүн башкарган.

Алмазбек Атамбаев 2011-жылы президент болуп шайланганда Сапар Исаковду президенттик аппараттын жетекчисинин орун басарынын рангында Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кылып дайындаган. Исаков бул кызматта дээрлик алты жыл иштеди. Ал мындан бир айдай мурун эле президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган болчу.

Бийликтин “мураскерлери” тууралуу сөз болгондо Сапар Исаковдун аты көп аталат. Алмазбек Атамбаев аны оң колу экенин ырастап келет. Исаковдун соңку кызматтык дайындоосу мындай сөздөрдү жандантты. Орусиянын президенти Владимир Путин келип-кетери менен кызматтан жогорулаганы дагы талкууларды күчөттү.

Сапар Исаков өткөн айда брифинг өткөргөндө журналисттер анын Социал-демократтар партиясынын атынан презденттик шайлоого катышар-катышпасына кызыгышкан. Исаков ага “жок” же “ооба” деп кесе жооп берген эмес:

- Билесиздерби, бул маселе күн тартибинде такыр жок. Биринчиден, бул суроонун бүгүнкү маалымат жыйынына эч тиешеси жок. Бирок эми суроо берилип калгандан кийин жооп берейин. Бул маселе күн тартибинде такыр жок. Мен бул тууралуу эч нерсе билбейм.

Тактыга талпынгандар көп

Тактыга талпынгандар көп

Президенттик шайлоо жакындаган сайын бийлик партиясындагы кызыкчылык топторунун ортосунда айыгышкан, тымызын кармаш күч алды.

Ак үйдөгү ар кандай топторду, ички кырдаалды жакшы билгендердин баамында, бул дайындоо эң ириде дагы бир талапкер болот деген премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен анын айланасындагы топторго багышталышы мүмкүн.

Президент Алмазбек Атамбаев былтыр жыл этегинде маалымат жыйында Сапар Исаков өңдүү мурунку бийликтин тушунда жооптуу кызматтарда иштеген адамдар боюнча “Азаттыктын” суроосуна мындайча жооп берген:

- “Акаевчилер, бакиевчилер” деп азыркы күнгө чейин Акаевдин, Бакиевдин көрсөтмөсү менен иштеп жаткандарды айтам. Азыркыга чейин мындайлар бар. Референдум өткөндөн кийин Кумтөр маселеси чыгат, дагы башка маселелер чыгат. Менде ыкчам маалыматтар бар, алардан акчадан бери келип жатат. Бакиев менен мен деле иштешкем. Акаев болсо мага “Даңк” медалын берген. Азыр мээси, жүрөгү, жан-дили менен Акаевге, Бакиевге иштеп бергендер бар. Москвага чейин барып куран окутуп келишет, Минскиге чейин барып ырдап келишет. Алардан тыйын-тыпыр алып келип бул жакта саясат жасап жатышат.

Мурунку тышкы иштер министри, Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев Сапар Исаковдун ийгилигинин сырын кесипкөйлүгү, президенттин ишенимине кире алганы менен байланыштырды:

- Бул эң ириде өзүнүн кесипкөйлүк сапаты менен байланыштуу. Жакшы юрист, дипломатиялык да жогору билими бар. Саясий чыр-чатактарга көп аралашпай, өз ишин гана так аткарарын көрдүм. Дипломатиялык кызматта адамдык сапаттар да маанилүү. Тажрыйбалуу дипломат болгондуктан жамаатта адамдар менен мамиле кура алат, баарынын тилин таба билет. Өзүн жетекчи катары да жакшы көрсөттү. Акыркы жылдары президенттик аппаратта иштеп жүрдү. Карьералык өсүш болсо ал демек, президентке жакты, аппараттагы иши менен жакшы көрүндү.

Сапар Исаковдун аты мындан үч жыл мурун, биринчи Көчмөндөр оюнунун каржылык чыгымдары боюнча чырга байланыштуу айтылган. Чолпон-Атадагы ат майданын курган “Темир-Канат” компаниясынын башчысы Эркинбек Мергенбаев өкмөт ага убада кылган акчаны бербей койгонун, Сапар Исаков аны алдап кеткенин айтып чыккан.

Ал эми Исаков өзүнө коюлган дооматтарды негизсиз деп билдирген жана Көчмөндөр оюнуна байланыштуу маселелерди териштирүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган. Ал оюнду өткөрүү үчүн тендер өткөрүлбөй калганын мойнуна алган.

- Бул дүйнө жүзүнө дүңгүрөгөн чоң долбоор болушу керек. Бир дагы мамлекетте мындай долбоор, Көчмөндөр оюну болгон эмес. Убакыт аздыгына байланыштуу тендер өткөрүлгөн жок. Акча чынында эле кеч бөлүндү. Себеби, бул акчаны биз көп издедик. Бул акча долбоорго кеткен каражаттын теңи эле. Биз калган чыгымдарды демөөрчүлөрдөн алалы деп сүйлөшүп, издеп жатабыз.

Көчмөндөр оюндары: чыгымдардын эсеби

Көчмөндөр оюндары: чыгымдардын эсеби

Казына каржалып турганда көчмөндөр оюнун өткөрүүгө миллиарддаган сом сарпталганы коомчулукта сынга алынды.

Белгилей кетүүчү жагдай, Сапар Исаков Көчмөндөр оюнун уюштуруу комитетине расмий кирген эмес, бирок ага байланышкан маселердин баарын чечкен, акча бөлүштүргөн.

2015-жылдын сентябрь айында Сапар Исаковго доо коюп жаткан Эркинбек Мергенбаев камакка алынган. Ага ат майданды куруу үчүн отургучтарды Кытайдан аткезчилик жол менен алып келген деген айып тагылган. Ошондо абакта жатканда ал Сапар Исаковдон расмий кечирим сураган.

Сапар Исаковго саясий күчтөрдүн компроматтар кармашына байланыштуу бир топ доомат айтылды. Айрыкча, 2010-жылдан кийинки кирешеси талкуу жараткан. Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев былтыр өз мүлкүн көрсөтүп жатканда Сапар Исаковдун байлыгын кантип топтогонун текшерүү керек деп билдирген:

- Президенттин кеңешчиси, "оң колу" деп жүргөн Сапар Исаков мен жашаган үйдөн 180 чарчы метр беш бөлмөлүү квартира алды. Анын айлыгы меникинен аз экен. Аялы эч жерде иштебейт, эч нерсе таппайт экен. Президент менен Фарид Ниязов жок дегенде Сапар Исаковдон “сен Текебаев менен коңшу экенсиң, бул үйдү кайсы акчага алдың?” деп сурап коюшпайбы. Мен прокуратура жана башка укук коргоо органдарына кайрылып Албек Ибраимовдун жана башкалардын ишмердүүлүгүн текшерип чыгышын талап кылам.

Сапар Исаков өзүн абдан жакшы карап, жакшы алып жүрөт. Ар дайым тыкан кийинет жана кийим-кечесине чоң маани берет. Жакындан билгендердин айтымында, Исаков дүйнөлүк бренддеги сааттарды коллекция кылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.