"Кыргыз сому коңшуларга үлгү болгон"

Иллюстрациялык сүрөт.

10-майда улуттук валюта - сомдун жүгүртүлө баштаганына 25 жыл толду.

Улуттук акчаны колдонууга киргизүүнүн тарыхый жоопкерчилиги кандай шартта ишке ашкан? Чейрек кылымда Кыргызстандагы акча-насыя саясатында сомдун ролу, орду кандай болду? Сырткы насыясыз сомдун курсун туруктуу кармоого болобу? Улуттук валюта эмне үчүн өлкө ичинде басылбайт? Ушул ж.б.у.с. маселелерди “Арай көз чарай” берүүбүздө кеп кылабыз.

Талкууга экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев жана Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басары Сүйөркул Абдивалытегин катышты.

“Азаттык”: Тарыхый учурду эстеп көрсөк, Кыргызстан 1993-жылы 10-майда өз валютасын КМШ мамлекеттеринин ичинен биринчи болуп киргизген. Эгер ошол убакта бул кадамга барбаганда эмне болмок?

Айылчы Сарыбаев: Биринчиден, көз каранды эместикти биринчи алган мамлекеттин негизги символдору: желек, гимн, герб, Конституция сыяктуу эле эгемендүү экономикалык саясат жүргүзүү, анын негизги каражаты болгон улуттук валютаны киргизүү - объективдүү тарыхый процесс. Экинчиден, Кыргызстан СССРдин курамында болуп келгендиктен ага чейин айланып жаткан рублге байланыштуу маселелер чыккан.

Мисал иретинде айтсам, бизде кескин инфляция болгон. Акчанын тартыштыгынан мамлекет айлык бере албай кыйналган. Ошол мезгилде Орусиядан бизге акча келбей калган. Анткени алар да чоң инфляцияны баштан кечирген, чакчалекей түшүп жемкорлору өлкөнү талап-тоноп жатышкан.

Кыргызстанда ал кезде каржы-насыя боюнча сабак берген жалгыз биздин кафедра гана бар эле. Анын окутуучусу Сулайманбековду президент Акаев өзүнө кеңешчи кылып алды. Ал киши ары-бери жүгүрүп жүрүп мамлекеттин акча-насыя саясатынын концепциясын жазды, анын ичинде улуттук валютаны киргизүү зарылдыгын да айткан. Ага ынанган республика жетекчилиги сомду киргизүү чечимине келип, Улуттук банктын алдында жумушчу комиссия иштей баштаган.

Кыргызстан батылдык кылып сомун убагында киргизип, туура кадам жасаган деп ойлойм. Ошондон баштап көз каранды эмес акча-кредит, бюджет саясатын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк ачылган.
Сүйөркул Абдивлытегин

Сүйөркул Абдивалытегин: Мен кошумча кыла турган бир нече жагдайлар бар. 1991-жылдын июлунда эле Орусиянын борбордук банкы бардык союздук республикаларга накталай эмес акчага эсептерди ачып, катуу көзөмөлгө койгон. Ал деген союздук республикалардын банктарын нак акчаны эмиссия кылыш үчүн Орусиянын борбордук банкына кайрылууга аргасыз кылып коюшкан деген сөз.

Иш жүзүндө бардык республикаларда накталай акча жетишпей жаткан. Орусиянын банкы туура эмес саясат жүргүзгөнүнө тарых өзү күбө. Ал союздук республикаларды “өзүңөрдүн валютаңарды киргизгиле” деп сыртка түртүп койгон. 100 рубль накталай акчаны алыш үчүн 35 рубль төлөөгө аргасыз болгон кырдаал жаралып, төлөө системасы толук кризиске баткан. Эгер төлөө системасы иштебесе, бюджетке зыяны тиймек. Ошондо жоопкерчиликти моюнга алып, "сомду киргизүү керек же ортодо чайналып тура берели" деген суроо коюлган. Кыргызстан батылдык кылып сомун убагында киргизип, туура кадам жасаган деп ойлойм. Ошондон баштап көз каранды эмес акча-насыя, бюджет саясатын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк ачылган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз сому же эгемендиктин баасы

“Азаттык”: Айылчы агай, артта калган чейрек кылымда кыргыз сомунун Кыргызстандын акча-насыя саясатында орду кандай болду? Улуттук валюта катары кандай роль ойноду же кедергисин тийгизген учурлар болдубу?

Биздин сомду киргизгенибиз башка өлкөлөргө түрткү болду. Кыргызстан өз валютасын жүгүрткөндөн кийин гана экономикалык эркиндикти түшүндү.
Айылчы Сарыбаев

Айылчы Сарыбаев: 1992-жылы казак, өзбек президенттери “биз рубль аймагынан чыкпайбыз” дешкен. Биз сомду киргизгенден кийин кошуна өлкөлөрдүн президенттери “Кыргызстан туура эмес кылды” деп чыгышкан, Орусия унчуккан эмес. Де-факто бизди рубль аймагынан сүрүп чыгарып салышкан.

“Тырмактай болгон Кыргызстан кантип сомун киргизди?” деп ичтери күйүп, ошол эле учурда тан беришкен. Биздин сомду киргизгенибиз башка өлкөлөргө түрткү болду. Кыргызстан өз валютасын жүгүрткөндөн кийин гана экономикалык эркиндикти түшүндү. Ага чейинки банктардагы башаламандык экономикага тескери таасирин тийгизип жатты. Сомдун кириши менен көп маселе чечилди.

“Азаттык”: Сүйөркул мырза, Кыргызстанга сырттан келген насыялардын бир бөлүгү сомдун туруктуулугун кармап туруш үчүн жумшалып келди. Ал саясат өзүн канчалык актады?

Сүйөркул Абдивалытегин: Бул комплекстүү маселе. Бюджет, акча-насыя саясаты экономикалык бир багытта бири-бирин толуктап иштеши керек эле.

Тилекке каршы, "жыйырма беш жылда алар бир багытта иштеди" деп айта албайм. Көп учурларда сырттан келген инвесторлордун кызыкчылыгына ооп кеткен учурлар болуп жатты. Акчаны туруктуу кармап туруунун эң негизги өбөлгөсү – бул өндүрүштүн өсүшү.

Өндүрүш өнүгүп жатса, улуттук акча өзүнөн-өзү туруктуу болот. “Бизде өндүрүш өнүктү” деп айта албайбыз. Экинчи маселе - өлкөгө сырттан, ичтен элдин да ишеними керек. Мамлекетке ишенсе эл акчасын банкка берет, андан насыя берилип турат. Бизде ал ишеним болдубу?

Үчүнчү маселе, өлкөнүн экономикасын колдогон кайсы бир тармактар болот. Мисалы, Орусияда мунай, газ. Бизде экономикабызга түрткү берет деп Кумтөргө ишеним артылып, милдет жүктөлгөн. Ал аткарылдыбы, бул дагы чоң суроо....

25 жыл: сомдун жолу

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.