Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:50

Абдыгулов: Сомдун курсун суроо-талап аныктайт


Толкунбек Абдыгулов.
Толкунбек Абдыгулов.

Кыргызстанда коммерциялык банктардагы насыялардын үстөк пайызын төмөндөтүү боюнча аракеттер жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов “Азаттыкка” курган маегинде айтты.

“Азаттык”: Толкунбек мырза, көпчүлүктү улуттук валюта - сомдун курсу туруктуу кармалабы деген суроо кызыктырат эмеспи. Улуттук банк сомдун курсун кармоо максатында кандай чараларды көрүүдө?

Абдыгулов: Улуттук банк сомдун курсун туруктуу кармоого колунан келген бардык укук, куралдарын колдонуп жатат. Негизги инструмент - бул валюталык интервенциялар, экинчиси биздин үстөк пайызыбыз, ошондой эле коммерциялык банктарга резервдик талап кое алабыз. Белгилүү болгондой, биздин стратегиябыз 1993-жылы улуттук валюта жүгүртүүгө киргизилгенде эле белгиленген. Сомдун курсу эркин калкууда болуп, суроо-талапка жараша аныкталат. Ошондуктан Улуттук банк сомдун курсуна байланыштуу эч качан божомол бербейт.

Чыгымы тышкы карызга тете тойлор

Чыгымы тышкы карызга тете тойлор

Изилдөөчүлөрдүн баамында, Кыргызстанда бир жыл ичинде 500 миңден ашуун үй-бүлө чоң-кичи маараке өткөрөт. Ага жумшалган акча өлкөнүн тышкы карызына тете деген божомолдор бар.

Бирок белгилеп кетчү нерсе, биздин алтын - валюталык резервдерибиз 2014-жылдын деңгээлинен ашып, 2 миллиард сомдон ашык каражатты түзөт. Буга байланыштуу сомдун курсунун туруктуулугуна байланыштуу эч кандай деле маселе жок.

“Азаттык”: Коммерциялык банктардагы насыялардын пайыздык чендери жогору экени айтылып келет. Улуттук банк негизги регулятор катары дал ушул пайыздык чендерди төмөндөтүү жаатында эмне аракеттерди көрүүдө? Дегеле пайыздык чендерди төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк барбы?

Абдыгулов: Мүмкүнчүлүк бар. Акыркы жолу президент Алмазбек Атамбаев да мени кабыл алганда өкмөт менен Улуттук банк биргелешип, насыялардын пайыздарын төмөндөтүү боюнча аракет көргүлө деген тапшырма койгон.

Бул тапшырманын негизинде Улуттун банк эки тармакта иштеп жатат. Биринчиден, коммерциялык банктар акчаны кайдан алат? Алар биздин жарандар депозит катары салган акчаны насыя катары берет. Ошондуктан пайыздык ченем депозиттерге түшсө, насыялардын пайыздары да азаят.

Экинчиден, Улуттук банк насыялык аукцион өткөрүп, коммерциялык банктарга акча беребиз. Жөнөкөй тил менен айтканда, биз койгон үстөк пайыз коммерциялык банктарга насыя берүүнүн баасы деп атасак болот. Өткөн жылы ал 10 пайыз болсо, быйыл 5 пайызды түзүүдө. Башкача айтканда, эки эсе төмөндөдү. Биз азыр коммерциялык банктарга бизден алган акчаны жарандарга 12 пайыздан ашырбай бергиле деген талап коюп жатабыз.

“Азаттык”: Буга чейин Алыкул Осмоновдун жаңы сүрөтү түшүрүлгөн 200 сомдук банкноттун айланасында кызуу талкуулар жаралган эле. Банкноттогу акындын сүрөтү боюнча түшүндүрмө кандай болду жана жеке сизди ыңгайсыз кылбайбы?

Абдыгулов: Бул жерде түшүндүрмө жөнөкөй. Мен бул маселени ал учурда деле айткам. Банкнот киргизилип жаткан учурдагы маалымат жыйынында туура эмес сүрөт тартып алышып, ошонун негизинде талкуу болуп кетти. Мен “кичине күтө тургула, колуңарга акча тийгенде көрөсүңөр” деп айткан элем. Акындын портрети, купюранын дизайны эч өзгөргөн жок. Жалгыз гана жасоо технологиясы өзгөргөн. Ошондуктан 200 сомдук купюраны колго кармаганда эч кандай деле суроо болбойт.

“Азаттык”: Акыркы күндөрү сиздин Кыргызстанга туристтерди тартуу боюнча айткан тамашалуу сөзүңүз талкуу түштү. Коомчулуктагы мындай реакцияны кандай кабыл алдыңыз?

Абдыгулов: Бул сөздү кеңеш катары эмес, тамаша катары айткам. Туризм тармагын өнүктүрүү боюнча талкуулап жаткан эксперттерге “стандарттуу эле чектелип, ойлонгон туура эмес, азыр заман тездик менен өнүгүп жатат, ошого жараша стандарттуу эмес ойлор айтылышы керек” деп айткам. Коомчулуктун реакциясына өзүм да таң калдым. Аябай тарап, мени тааныгандар аз болчу, азыр көптөрү таанып калышты...

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен болгон маектин толук версиясы:

Абдыгулов: Сомдун курсун суроо-талап аныктайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:25 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG