Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 09:22

3-апрелде Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеши өлкөнү 2017-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиялык программасынын аткарылышын карады жана келечекке пландарды койду.

Аталган мамлекеттик программанын экономикалык багыты кандай аткарылды, жумушчу орундарды көбөйтө алдыкпы, орточо айлык акы көбөйдүбү, айыл элинин чарбасы оңолдубу, кирешеси жогоруладыбы, ички-сырткы инвестиция тартуу көлөмү өстүбү, 2040-жылга чейинки пландарды түзүү реалдуубу же курулай чакырыкпы? Кезектеги “Арай көз чарай” берүүбүздө ушул жана башка суроолорду талдайбыз.

Талкууга экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, профессор Каныбек Осмоналиев катышты.

“Азаттык”: Данияр мырза, Улуттук стратегияда экономиканы өнүктүрүүнүн бир топ приоритеттетүү багыттары аныкталган, анда конкреттүү иш-чаралар бекитилген эле. Айталы, беш жылдын ичинде 350 миңден ашык кошумча жумушчу орундарын түзүү пландаштырылган, демек, ар бир үй-бүлөдө жок дегенде бирден иштеген адам болушу керек эле, бул кандай аткарылды?

Данияр Иманалиев: Стратегиялык программаны аткарууда макроэкономикалык көрсөткүчтөр чоң роль ойнойт. Программа боюнча биз жыл сайын жети пайыздык өсүшкө жетебиз деп максат кылганбыз. Мындан сырткары инфляциянын деңгээли 5-7 пайыздын тегерегинде болот дегенбиз. Бюджеттин дефицити жалпы көлөмдөн беш пайыздан ашпасын деген план койгонбуз. Башка өлкөлөрдөгү жалпы абал менен салыштырганда акыркы 2-3 жылда Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 5,7 пайызды түзүүдө. 2013-жылы жакырчылыктын деңгээли 37 пайыз болсо, 2015-жылдын жыйынтыгы менен 32 пайызга түштү. 2011-жылы орточо айлык маяна 11 миңдин тегерегинде болсо, 2016-жылы 14 миң сомго чейин көтөрүлдү.

“Азаттык”: Каныбек мырза, программада орточо эмгек акы 2017-жылга карата 26 миң сомго чейин өсөт деп жазылган. Биздин статистика азыр орточо эмгек акы 14 миңдин тегерегинде экенин айтууда. Программанын аткарылбай калышынын себебин эмнеден көрөсүз?

Каныбек Осмоналиев: 2013-жылы мен Жогорку Кеңештин депутаты элем, ушул программаны кабыл алып жатканда биз катуу сынга алганбыз. Себеби, алдыга коюлган пландар чындыктан алыс, өтө эле амбициялуу цифралар болуп калганын айтканбыз. Бүгүн биз айткандай болууда. Орточо айлык акы 14 миңге көбөйдү деп жатат, чындыгында андай эмес.

“Азаттык”: Мисалы, сиз профессорсуз айлык акыңыз канча эле, азыр канча айта аласызбы?

Каныбек Осмоналиев: Менин айлыгым беш жыл мурда 10 миңдин тегерегинде болсо, азыркы базалык айлыгым 11 700 сом. Казакстанда мендей болгон профессордун базалык айлыгы 35 миңден ашык.

“Азаттык”: Данияр мырза, өнүккөн өлкөлөрдө, өзгөчө мунай-газы жок мамлекеттерде орто жана чакан бизнес экономиканын локомотиви болуп келген, Кыргызстанда андай болбой жатат деген сындарга кошуласызбы, же...

Данияр Иманалиев: Бул боюнча программада бир нече реформалык кадамдар каралган. Биринчиден, ишкерлер үчүн салыктардын көлөмү жана саны боюнча Кыргызстандагы мыйзамдар, эрежелер аймактагы мамлекеттерге салыштырганда эң эле либералдуу деп саналат. Тигүү тармагына бир топ жеңилдиктер берилип, алар патент системасы менен иштейт, бул дагы чоң жеңилдик.

“Азаттык”: Каныбек мырза, стратегиялык программада фискалдык саясат жана мамлекеттик карыздарды башкаруу жөнгө салынат деп жүрөт. 2013-жылдан бери мамлекеттин ички-тышкы карызы бир миллиард долларга көбөйгөн, б.а. мамлекеттик жалпы карыз 4 миллиард доллардан ашкан, бул жагдай туруктуу өнүгүүбүзгө кесепетин тийгизбейби деген суроолор көп...

Каныбек Осмоналиев: Мени түйшөлтүп жаткан нерсе биздин тышкы карызыбыз өлкөнүн ички дүң продукциябыздын 60 пайыздан ашыгын түзүп жатканы. Ачык айтканда өтө кооптуу. Алган насыялардын эсеп-кысабы да бүдөмүк. Эмнеге ишенип алып жатабыз?

Данияр Иманалиев: Биз насыяларды инфрастуктуралык ири долбоорлорго алып жатабыз. Ошол эле айыл чарбасын колдоо максатында сугат тармагын жакшыртуу үчүн алынды. Аксыдагы Бешбатман каналын оңдоо, Бүргөндү массивиндеги үч миң гектардан ашык жер өздөштүрүлүүдө. Айыл чарба техникаларын алып жатабыз, 2013-2016-жылдары 1895 техника келди. Дагы башка көптөгөн долбоорлорду айтсак болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG