Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 24 жаштагы (Д.С.) келиндин өлүмүнө шек саналып, анын 31 жаштагы (М.К.) жолдошу кармалды. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында окуя 31-октябрда болгон. Келиндин сөөгү ооруканага жеткирилип, анын өлүмүнө күйөөсүнүн тиешеси бар экендиги аныкталган.
Тергөөдө жубайлар кызганычтан улам урушуп, күйөөсү маркумду уруп-сабап, муунтуп өлтүргөнү белгилүү болгон. Бул факты боюнча Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүү камакка алынды.
Милиция жубайлар 2020-жылы баш кошконун, “шектүү жубайын балта менен чаап өлтүргөн деген маалымат чындыкка дал келбей” турганын кошумчалады.
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында (январь айынан сентябрга чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 21 миң 138 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2025-жылдын алгачкы тогуз айына салыштырганда 29,8% же 4854 фактыга көп.
Расмий статистика өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук фактылары өсүп жатканын көрсөтөт. Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 миң 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4212 окуяга көп.
2025-жылы ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча 22 миң 152 факты катталган. Былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголуп, мында 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган. (BTo/JsA)