Кызыл-Омпол казылат. Кенде кандай элементтер бар?

Иллюстрациялык сүрөт.

Кызыл-Омпол кенинде кандай баалуу элементтер бар жана аларды өңдүрүүнүн Кыргызстан үчүн кандай пайда-зыяны канчалык?

Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда кенди мамлекет өзү иштете турганын жана андан экологияга зыян келбей турганын айткан.

Жапаров 19-февралда Балыкчы шаары, Тоң жана Кочкор райондорунун тургундары менен жолукканда Кызыл-Омпол кени аймакка да, республикалык казынага да ири киреше алып келерин убада кылган.

“Бул жерде биринчиден, миңден ашык жаңы жумушчу оруну пайда болот. Ушул эле чөлкөмдөгү өзүңөр иштейсиңер. Экинчи Кумтөр пайда болот. Бул “жергиликтүү бюджет дотациядан чыгат, республикалык бюджетке салыктар түшөт” деген сөз. Пайдасы 100% биздин Кыргызстанга калат. Ошентип, эл дагы бул жерден байыйт. Баягыда силер митингге чыгып, иштетпей, жөө жүрүш жасап койгондун бир чоң пайдасы болгон. Мен аны “силер туура эмес кылгансыңар” деп сындай албайм. Беш-алты жыл мурун жеке менчик компания каза баштаган. 100% пайдасы ошол жеке менчик компанияда калмак. Биз болсок, былтыр лицензиясын жокко чыгарып туруп, 100% мамлекетке алып койдук. Азыр Кумтөрдү кандай иштетип жаткан болсок, Кызыл-Омполду да ошондой 100% өзүбүз иштетебиз”.

2019-жылы апрель айында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Алгач бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын токтоткон. Парламент «кен иштетилбесин» деген токтом кабыл алган. Президент Сооронбай Жээнбеков уран казылбай турганын айткан.

Жогорку Кеңеш 2019-жылы 30-октябрда уран жана торий казууга каршы мыйзамды талкуулап, үчүнчү окууда кабыл алган.

Мыйзам долбоорун “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, «Бир Бол» фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулайманов, КСДП фракциясынын депутаты Канат Керезбеков, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу жана «Бир Болдун» депутаты Бактыбек Турусбеков демилгелеген.

Жогорку Кеңештин жыйыны. 30-октябрь, 2019-жыл.

Кызыл-Омполдогу элементтер

Геологдордун айтымында, Кызы-Омполдо уран, торий, цирконий, титан, фосфор, талаа шпаты жана башка заттардын кени уюп жатат. Бул заттар кайсы максатта колдонулат жана аталган тилкеде канча запасы бар? "Азаттык" беш жыл мурда атайын адистер менен кошо ушул суроолорго жооп издеген. 2019-жылы апрель айында Кызыл-Омполдогу элементтер тууралуу жазылган макаланы кайра сунуштайбыз.

Уран

Албетте, башында Кызыл-Омполдогу радиоактивдүү элемент - уран жөнүндө сөз кылбасак болбойт. Дароо эле анын аталган жердеги көлөмүн тактап алалы.

Расмий маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол тоо-кен участогу 1951-жылы ачылган. Ачык маалыматтарда, СССРдин убагындагы чалгындоо иштеринде анда жалпысынан 13 миң тонна уран бар экени такталган.

2019-жылы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары болуп иштеген Карыбек Ибраев бул эсептөөлөр тууралуу мындай деген:

Карыбек Ибраев.

"Кызыл-Омпол лицензиялык аянтында беш чачыранды (россыпь) тилке бар. Алар - Баке, Таш-Булак, Узунсай, Түндүк жана Оттук. Анын ар бири боюнча өзүнчө эсептөөлөр бар. Эгер бириктирип алсак, Кызыл-Омполдо урандын болжолдуу ресурсу жана кору жалпы жонунан 12995 тонна деп эсептелген. Бирок бул жерде жакшылап түшүнүп алыш керек, болжолдуу ресурс дегени анын баары казылат дегенди билдирбейт. Маселен, уран тереңдикте жатса аны казып алуу өзүн актабайт. Же технологиянын аны казып алууга мүмкүнчүлүгү жетпеши мүмкүн. Ошондуктан биз запас бөлүктү гана эске алабыз. Бул жерде, уран боюнча жогорудагы көрсөткүчтүн 3080 тоннасы гана чалгындалган болуп саналат. Дагы бир эске ала кетүүчү жагдай - жаңы изилдөөлөрдүн жыйынтыгында башкача көрсөткүч да бар. Тагыраагы Таш-Булак участкасынын өзүндө эле 3519 тонна урандын кору бар экени белгилүү болду".​

Кызыл-Омполдогу урандын болжолдуу ресурсу жана запасы. «Азаттыктын» коллажы.

Кызыл-Омполдо чалгындоо иштерин баштаган "Кыргызстандагы ЮрАзия" компаниясы Таш-Булакта 1632 тонна такталган запас бар экенин билдирген.

Эми урандын химиялык табияты жана анын өндүрүштө пайдаланылышы жөнүндө кеп куралы.

Уран. Менделеевдин мезгилдик системасы.

Уран - Менделеевдин мезгилдик системасында актиноиддер тобуна кирет. Радиоактивдүү, күмүш түстүү, оор металл. Уран жана анын бирикмелери негизинен атом электр станцияларында реактор отуну катары жана өзөктүк куралда, бомба жасоодо дүрмөт катары колдонулат. Мындан сырткары металлургияда, геологияда да иштетилет.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) профессору, химик Сайнаке Бообекова сөз болуп жаткан заттын өзгөчөлүгүн мындайча түшүндүргөн:

Сайнаке Бообекова.

"Уулуу дешкени менен, химиядан түшүнүгү аз адамдар «урандан бир жолу эле ууланып тим болот экен» деп түшүнүп жатышат. Урандын, радиоактивдүү заттардын уусу укумдан-тукумга чейин кетет. Уран альфа, бетта, гамма деген үч радиоактивдүү нурдан турат. Алар адамдын организмине тийсе, тийген жердеги молекуланын баарын буза берет. Маселен, адамдын гемоглобинин бузса, ал өз милдетин аткаруудан калат. 1945-жылы АКШ Жапониянын Хиросима жана Нагасаки шаарына таштаган бомбасы уранды пайдалануу жолу менен жасалганын билебиз. Анын кесепетин жапондор ушул күнгө чейин тартып келатат. Дагы эле майыптар төрөлөт, жан-жаныбар мутацияга учурап, башкача жандыктар туулуп жатат. Радиоактивдүү нурлардын ылдамдыгы секундасына кеминде 20 чакырымды түзөт. Башкача айтканда ошол эле Кызыл-Омполдо казылган уран Ысык-Көл өрөөнүнө ашып кетсе бир мүнөттө тарап үлгүрөт. Азыр деле тарап кеткен болушу мүмкүн".

Уран дүйнөдө көбүнчө Казакстанда (жылына 23 миң тонна), Канадада (жылына 13 миң тонна), Австралияда (жылына 5-6 миң тонна), Намибияда (жылына 3-4 миң тонна), Орусияда (жылына 5-6 миң тонна) жана башка өлкөлөрдө өндүрүлөт. Коңшу Өзбекстанда деле жылына 2-3 миң тоннадай уран чыгарылганын маалыматтардан табууга болот.

Ушул эле мамлекеттердеги өндүрүштөрдү жана Кыргызстанда Советтер Союзунун учурундагы уран чыгарылганын мисал кылган "Кыргызстандагы ЮрАзия" компаниясы Кызыл-Омпол коопсуз технология менен казыларын айткан. Компаниянын башкы директору Светлана Менг буларды айткан:

Светлана Менг.

"Биз уранды Кара-Балта тоо-кен комбинатында иштеп алып, чыгарып кетебиз. Бирок эч качан таза уран өндүрбөйбүз. Ал заводдо буга чейин да таза уран өндүрүлгөн эмес. Биз ал жерде чала тазаланган же толук тазаланбаган урандын окисин гана өндүрөбүз. Бул концентрат менен урандын ортосундагы зат. Андан ары конверсиялык заводдордо тазалоо, кайра тазалоо жүрөт. Ошондон кийин гана уран байытылып, атомдук станциялар үчүн керектелүүчү отунга, таблеткаларга айлантылат. Уранды тазалоочу заводдор Кыргызстанда жок, ошондуктан бул жерде байытылган уран чыгарылат дегенге такыр негиз жок. Бизди «Кыргызстанды таза уранга толтуруп салат» деп айыптап жатышат, бул таптакыр мүмкүн эмес, ага кабатыр болбош керек".

Эл аралык рынокто уран таза үлгүдө сатылбайт. Өндүрүүчүлөр аны чала тазаланган же толук тазаланбаган (закись-окись урана) формада сатышат. Анын наркы 5-10 жыл мурда бир килограммы 300 долларга чейин жетсе, учурда 40-50 доллардын тегерегинде бааланууда. Баанын түшүп кетиши 2011-жылы Жапониянын Фукусима атомдук электр станциясындагы аварияга байланыштуу.​

Дагы караңыз Майлуу-Суу: көрүнбөгөн коркунуч

​Кыргызстанда кезинде Кажы-Сайда, Майлуу-Сууда, Шекафтарда, Миң-Кушта, Төө-Моюнда жана башка жайларда уран казылган. Азыр Кыргызстанда урандын калдыктарын сактоочу 23 жай бар.

Торий жана цирконий

Кызыл-Омпол тоо-кен участкасында урандан башка баалуу металлдар – торий жана цирконий да бар.

Торийдин болжолдуу ресурсу жана запасы ал жерде 29 миң 252 тонна деп белгиленген. Мунун 6880 тоннасы реалдуу казса боло турган турган запас болуп саналса, 3390 тоннасы Таш-Булак участкасында. Башка бир эсептерде ушул Таш-Булактын өзүндө эле 8 миң 499 тонна запас бар экендиги көрсөтүлгөн.

Торий деле уран сыяктуу радиоактивдүү, боз-күмүш түстүү, оор металл. Химиялык элементтердин мезгилдик системасынын үчүнчү тобунда турган бул зат Кыргызстанды кошкондо 10-15тей эле өлкөдө кездешет. Дүйнөдөгү жалпы запасы 1,5 миллион тоннаны түзөт.

Запасынын көптүгүнөн жана энергиялык кубаттынын күчтүүлүгүнөн торий атомдук энергетиканын келечеги болуп саналат. Башкача айтканда бул металлдын бир тоннасы 200 тонна уранга же үч миллион тонна көмүргө тете энергия бөлүп чыгарат. Же дагы башкача салыштырсак, 8 грамм торий бир кыймылдаткычты 100 жыл бою үзгүлтүксүз иштетүүгө жетет, бир граммы 28 миң литр бензинге барабар энергия бере алат. Ушуга карабай торий килограммына 70-100 долларга (2019-жылдагы эсеп боюнча-ред.) бааланат экен.

Торий. Менделеевдин мезгилдик системасы.

Скандинавиялыктардын мифологиялык кудайы Тордун атынан аталган бул элемент атомдук энергетикадан сырткары металлургияда, авиа жана генератор өндүрүшүндө колдонулуп келет. Жогорку температурдагы мештерди, лампаларды жана рентген жабдууларын чыгарууда пайдаланылган учурлары бар.

Химия илимдеринин кандидаты Сайнаке Бообекова.

"Торий да уран сыяктуу атом энергетикасында, бомбаларды жасоого колдонулат. Уран менен кошо космостук жана суу астында сүзүүчү кемелерге да отун катары керектелет. Анткени ал жакка көмүр же башка отунду кантип алып барышмак эле? Ошондуктан суу астындагы кемелерде көп иштеген адамдар алардын радиоактивдүү нурларынан жабыркап, өмүр бою тукумсуз болуп калышат. Бизде Кыргызстанда аны колдонуунун зарылдыгы жок, аны керектей турган өндүрүш жок. Биз андан көрө картөшкөнү мыктылап өндүрүп алалычы. Биз уранды, торийди өндүрүү менен тескерисинче балдарыбызды бүт майып кылып алабыз", - деди ал.

Жогоруда белгиленгендей, цирконий же циркон оксиди (диоксиди) да Кызыл-Омполдо 287 миң 636 тонна деп эсептелген. Мунун 94 миң 441 тоннасы казып алууга мүмкүн деп саналган запас болсо, 34 миң тоннасы Таш-Булакка туура келет.

Цирконий. Менделеевдин мезгилдик системасы.

Цирконий деле боз-күмүш түстөгү металл. Ал көбүнчө ошол эле атомдук энергетикада уранды жана башка радиоктивдүү заттарды иштетүү үчүн колдонулат. Курулушта, медицинада жана металлургияда да кеңири пайдаланылып келет. Тез жалындаганы үчүн жарык чыгаруучу ракеталарда, бомбаларда же кадимки эле фейерверк-салюттарда да кездешет. Фотоаппараттарга жарк этме (вспышка) катары керектелет.

КУУнун Химия жана химиялык технологиялар факультетинин Органикалык химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын башчысы Астра Дүйшөнбаева бул зат тууралуу мындай түшүндүрмө берген:

Астра Дүйшөнбаева.

"Цирконий негизи жаратылышта таза, эркин абалында кездешпейт. Түздөн-түз эмес, оксиддерден кыйыр түрдө өндүрүлүп алынат. Бардык металлдарга тиешелүү эле касиеттерге ээ. Цирконий жогоруда белгиленген топтордон сырткары медициналык аспаптарды жасоодо же травматологияда, ортопедияда колдонулат. Башкача айтканда андан бутка, тишке жана башка сөөктөргө протез жасалат. Уранга жана торийге караганда радиоктивдүүлүгү аз, бирок цирконий деле уулуу".

Цирконий адатта соодада порошок, металл, түтүк ж.б. түрүндө сатылат экен. Түрүнө жараша килограммы 100 доллардан 500-600-долларга чейин бааланат.

Титан жана фосфор

Биз кеп кылып жаткан Кызыл-Омполдо темир, титан жана фосфор да бар экени белгилүү. 2019-жылы иштеп турган Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев темир жана титан титан-магнетит чийкизатынан алынарын, ошол себептүү алар өзүнчө бөлүп эсептелбей, көлөмү канча экени белгисиз экенин айткан.

Темир. Менделеевдин мезгилдик системасы.

​Ал эми титан-магнетиттин көлөмү аталган тилкеде 13 миллион 952 миң 5 тонна, жакындатып айтсак 14 миллион тонна деп саналган. Дагы белгилеп коюш керек, бул болжолдуу гана ресурс. Мунун 2 миллион тоннасы (2 миллион 633 миң 8 тонна) гана казып алууга жарашы мүмкүн деген запас. Бул запастын да 1,6 миллион тоннасы "Кыргызстандагы ЮрАзия" компаниясы чалгындоо иштерин баштаган Таш-Булак участогунда жатат.

Улуттук илимдер академиясынын кызматкери, химик Исак Жумаев бизге аталган зат жөнүндө мындай маалымат берген.

"Адис эмес жарандарга түшүнүктүү болгудай тил менен айта кетейин, титан - бул темирдей эле металл. Болгону андан да бекем, бышык, туруктуу келет. Титанды керек болсо алтындын ордун басчу металл деп да коюшат", - дейт ал.

Темирдин эмнелерге колдонуларын айтуунун кажети жок болсо керек, ал эми титан авто, кеме, авиа жана рекета курууда, химиялык курулушта, конструкциялык материалдарда, куймаларда, боёк алууда, радиоэлектроника жана башка багытта колдонулат. Титан кадимки зер буюмдарында, саат же телефондорду жасоо үчүн да пайдаланылат. Андан медициналык багытта да көп жабдуулар жасалат.

Темирдин наркы кыргыз пулуна чакканда 5-10 сомго бааланса, титандын наркы тазалыгына карап килограммына 5-6 доллардан 20 долларга чейин жетет.

Титан. Ортодо. Элементтердин мезгилдик системасы.

Эми чуулуу кенден өндүрүлүшү мүмкүн делген фосфорго келели.

Кызыл-Омполдогу беш тилкеде жалпы жарым миллион тонна же тагыраагы 460 миң 836 тонна фосфордун оксиди бар. Мунун 124 миң 645 тоннасы реалдуу запас. Бирок жумуш башталган Таш-Булак участкасында мунун 10 миң тоннасы гана жайгашкан.

"Фосфор металл эмес элементтерге кирет. Анын ак, кызыл жана кара фосфор деген үч модификацясы бар. Фосфор негизинен минералдык жер семирткичтерди өндүрүүдө колдонулат. Ширеңке чыгарууда керектелет. Фосфор уулуу эмес. Бирок эгер ал уран менен чогуу өндүрүлгөн болсо бул да радиоктивдүү касиетке ээ болуп калат", - деген химия илимдеринин кандидаты Астра Дүйшөнбаева.

Жогоруда айтылгандардан сырткары фосфор жана анын бирикмелери снаряддарды, бомбаларды, жарым өткөргүч материалдарды, химиялык реактивдерди, кир кетирүүчү каражаттарды жана башка эл чарбасына керек буюмдарды жасоодо, өнөр жайда сууну жумшартууда жана медицинада кеңири колдонулат.

Фосфордун дүйнөдөгү запасы 12 млрд. тоннадан 65 млрд. тоннага чейин жетери айтылып келет. Баасы заттын эмне жасалганына карата түрдүүчө бааланат, таза фосфордун өзүнүн наркын билүү мүмкүн болгон жок.

Сейрек топурактар жана талаа шпаты

Ошол кездеги Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү ырасташкандай, Кызыл-Омпол уран кениндеги беш участкада жалпысынан 12 кен уюткусу (рудное тело) бар. Анын ар биринде биз атаган кендердин жыйындысы чогулган. Мындан сырткары сейрек кездешүүчү топурактар жана талаа шпаты да бар. Бирок алардын көлөмү изилдөөлөрдө так аныкталган эмес.

Менделеевдин мезгилдик системасы.

Ошентсе да адегенде бул заттардын өзүнө адистерден түшүндүрмө алып алалы.

Ошол кездеги Улуттук илимдер академиясынын химия боюнча илимий кызматкери Исак Жумаевдин айтымында, сейрек кездешүүчү топурактарга элементтердин мезгилдик системасындагы 17 элемент кирет. Алардын Кыргызстандагы запасы белгисиз, дүйнөдөгү запасы жүздөгөн миллион тонналарды түзөт. Сатыктагы наркын айтуу кыйынга турат.

"Аты эле айтып тургандай бул заттар табиятта өтө сейрек кездешет. Өзү да топурак сыяктуу көрүнөт, адатта чогуу табылат. Сейрек кездешүүчү топурактар мурда радиоэлектроникада көбүрөөк колдонулчу. Булардын ичинен таза гафний болсо, бул дагы атомдук энергетикада колдонулат", - деди Жумаев.

​Талаа шпаты - бул минерал, анын бир нече түрлөрү бар. Анын курамында калий, натрий, кальций, барий өңдүү элементтер бар. Адатта талаа шпаты тиш пастасын чыгарууда, айнек, керамика өндүрүшүндө, ширетүүдө жана башка багыттарда колдонулат. Баасын так белгилеш татаал.

Кызыл-Омполдо канча талаа шпаты бардыгы казылып алынгандан кийин гана так билинет.

Жалаң эле талаа шпаты эмес, уран, торий, цирконий, темир, титан, фосфор аффинаждоо (тазалоо) аяктагандан кийин толук белгилүү болот. Муну Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилиги да, өндүрүштү алып бара турган компания өкүлдөрү да кайра-кайра белгилеп жатат.

Бирок аталган заттардын баары уран менен чогуу өндүрүлөт. Антпесе өндүрүш өзүн актабай калат экен.

"Кыргызстандагы ЮрАзия" компаниясынын башкы директору Светлана Менг буларды толуктаган:

"Кендерди комплекстүү иштетпесек, анда кантип өндүрүш менен алектенмек элек? Мамлекеттик баланска коюлган бардык запастар өнүм катары чыгарылат. Болбосо бул жаратылыш кендерин пайдалануу эмес, кыргыз кендерин жырткычтык менен талап-тоноо болуп калат. Бир нерсени гана алып, калганын ыргытып жиберүү, калтырып коюу деген туура эмес. Бул мүмкүн эмес жана андай кылууга бизге эч ким уруксат бербейт. Компаниянын милдети бар: эгер биз ишти баштасак, анда пайдалуу кендердин бардык түрү бөлүнүп алынат жана өнөр жай өнүмүнө айлантылат".

Химиялык элементтердин мезгилдик системасы. «Time life» басмаканасынан жарык көргөн жадыбал пайдаланылды.

Бирок ошол эле кезде Менг анын баарын өндүрүүдөн канча каражат табышары тууралуу так маалымат берген жок.​