Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

6-август: Тарых барактары


Америкалык атом бомбасы 1945-жылдын 6-августунда Хиросима шаарына ташталган.
Америкалык атом бомбасы 1945-жылдын 6-августунда Хиросима шаарына ташталган.

Батыш Сибирь генерал-губернаторунун казактардын улуу жүз приставы, майор Перемышлскийге жолдогон буйругу 1853-жылдын 6-август айында колго тапшырылган деп катталган. Буйрукта Или дарыясынын аркы өйүзүнө дейре кыдырып, чеп кура турган жерди тактоо, Илинин өйдөңкү агымы аркылуу Кытайга кете турган жолду белгилөө тапшырмасы жүктөлгөн.

Мындан тышкары майор Перемышлскийге сарыбагыш кыргыздарынын манабы Ормондун жайгашкан жерин аныктоо керектиги айтылат. Эгер Ормон хан Илинин аркы өйүзүнө көчүп кете элек болсо, аны Орусия империясына букаралыкка алуу керектиги белгиленет. Генерал-губернатордун буйругунда сарыбагыш менен бугу урууларынын мамилеси туурасында кыскача маалымат келтирилет.

Айрым маалыматтарга караганда кыргыздардын 1916-жылкы боштондук күрөшү 6-август күнү башталган. Падышалык Орусиянын Биринчи дүйнөлүк согушка катышканынан улам колониалдык ээликтерден оорук ишине адамдарды алып башташы кыргыз калкынын буга чейинки чыдамын түгөткөн. Ансыз да жер, суусунан ажырап турган калкка аскерге адам алабыз деген падышанын жардыгы отко май чачкандай таасир тийгизген. Падышалык бийликке каршы чыккан алгачкы кыймыл Пишпек уездине караштуу Атаке жана Ботбай болуштуктарында башталган.

Көтөрүлүштүн башталыш маалында адамдар болуш жана пристав сыяктуу бийлик адамдарынын үйлөрүнүн кашына чогулушуп, аскерге чакырылгандардын тизмесин талап кылышкан. Тизмени бербөөгө аракет жасаган бийлик өкүлдөрү аскер чакырышып кырдаалды курчутуп жиберишкен. Аталган болуштуктарда адамдар тизмени күч менен тартып алып, күч органдарына кол слаууга чейин барышкан.

Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшүнө күбө тартылган И. А. Поцелуевдин маалыматына караганда, Сарыбагыш волостунун кыргыздары 6-август күнү Рыбачье кыштагына жакын жерден курал тартып келаткан орус унаасына кол салышкан. Унааны болгону 3-4 чамалуу аскер кайтаргандыктан, кыргыздар 200 чамалуу мылтык, 3000дей окту олжолоп алышкан деп кабарлаган Иван Поцелуев.

Кийин Донской атыккан князь Дмитрий Иванович 1378-жылдын 6-августунда Вожа суусунун боюндагы салгылашта (Рязанщина) Мамай хандын жазалоочу экспедициясын талкалаган.

Бартоломео Колумб Доминикан Республикасынын борбору Санто-Домингону 1496-жылдын 6-августунда негиздеген.

Литвалыктар 1506-жылдын 6-август күнү Клецкте өткөн салгылашта кырым татарларын талкалашкан.

Орусиялык армия жана флоттун перс жүрүшү маалында 1723-жылдын 6-августунда Баку шаары десант аркылуу басылып алынган.

Грузия 1783-жылдын 6-августунда Орусиянын букаралыгына өткөн.

Орусия менен Кытай мамлекеттери 1851-жылдын 6-августунда Кулжа соода келишимине кол коюшкан.

II Интернационалдын үчүнчү конгресси 1893-жылдын 6-августунда Цюрих шаарында ишин баштаган. Конгресс алкагында 1-майды майрамдоо жана анархисттерди уюмдан чыгаруу сыяктуу чечимдер кабыл алынган.

Австрия-Венгрия 1914-жылдын 6-августунда Орусияга согуш жарыялаган.

Черногория Сербияга бир федерацияга биригүү сунушу менен 1916-жылдын 6-августунда кайрылган.

Александр Фёдорович Керенский жетектеген Экинчи коалициялык өкмөт 1917-жылдын 6-августунда уюшулган.

Биринчи Венециалык кинофестиваль 1932-жылдын 6-августунда ачылган.

Эстония 1940-жылдын 6-августунда Советтер Союзунун курамына алынган.

Америкалык атом бомбасы 1945-жылдын 6-августунда Хиросима шаарына ташталган.

Герман Титов башкарган «Восток-2» космостук корабли 1961-жылдын 6-августунда учурулган.

Ямайка 1962-жылдын 6-августунда эгемендик алган.

Орус өкмөтү 1992-жылдын 6-августунда прибалтикалык республикалардан орусиялык аскерлерди чыгарып кетүү үчүн 7,7 млрд доллар сураган.

Хакерлер Жапониянын Коргоо министрлигинин компьтердик туташына 2002-жылдын 6-августунда киришкен.

Мавританияда аскердик төңкөрүш 2008-жылдын 6-августунда жасалган.
XS
SM
MD
LG