Алма менен мистеден кантип миллион тапса болот?

Ноокат алмасы, Кыргызстан.

мазмуну

  • Кыргызстанда жаңгак-мистеден кантип киреше тапса болот?
  • Кулпунайдын баасы эмне үчүн туруктуу эмес?
  • Алма-өрүк качан мол түшүм берет?
  • Жергиликтүү жапайы алманын түрлөрү жоголуп баратабы?
  • Агротуризм экономиканын жаңы багытыбы?

Кыргызстандык илимпоз, айыл чарба адиси, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин улук окутуучусу жана ишкер Медербек Жаанбаев менен маектешебиз.

- Медербек мырза, сиз айрыкча багбанчылык жаатында көп кеп-кеңештерди берип келесиз. Байкасаңыз, соңку жылдары Кыргызстанда кулпунай эккендер көбөйгөндөй сезилет. Бул туура кадам деп ойлойсузбу?

Медербек Жаанбаев

- Сиз байкагандай, акыркы жылдары кулпунай өстүрүү модага айланды. Себеби жөнөкөй - бат акча табуу. Алма отургузсаң, төрт-беш жыл күтүүгө туура келет, ал эми кулпунай эксең, салган акчаңды бат эле кайтарып аласың.

Бизде бирөөнү ээрчиген адат бар. Бирөө кулпунай эксе же кой багып акча таптым десе эле адис менен кеңешпей, алды-артын ойлобой иш башташат. Анын чыгымы акталбай күйүп кетишет.

Былтыр кулпунайдын килограммы 80-100 сомго сатылган. Көп фермерлер көчөттү алып келген компанияларга нааразы болушкан.

Быйыл кулпунай баа болуп, килограммы 300–450 сомго чыкты. Орусия менен Казакстанга экспорт жакшы болду.

Кулпунай - өзү жер тандабаган өсүмдүк. Айрыкча, тоо этектеринде, мелүүн аймактарда мол түшүм берет. Климаты ысык аймактарда атайын торлорду тартып, көлөкөдө өстүрүш керек.

Мөмөсүн терип алып сатуу өзүн актабай калышы мүмкүн. Ошон үчүн тоңдуруп экспорт кылууга басым жасап, муздаткычы бар жайларды көбүрөөк куруш керек.

- Элдин баары кулпунай эгип кетсе, алма-өрүк эмне болот?

- Кыргызстанда азырынча алма жетиштүү эле. Бардык облуста көчөттөрү жарнама болуп сатылып жатат. Өрүк болсо айрым аймактарда гана тигилип жатат. Багбандар көбүнчө анын эрте бышкан сортторуна басым жасашууда. Бирок бизде өрүк коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу аз.

Дагы караңыз

Чоң-Өрүктү: Кыргызстандагы “Кичи Англия”

Мисалы, Өзбекстан дүйнөдөгү өрүк өндүргөн өлкөлөрдүн сап башына чыкты. Азыр Түркиядан кийинки орунда турат. Биз дагы ошол жолго өтүшүбүз керек.

Баткен жана Ысык-Көл облусунда негизинен эски ыкмада отургузулган жана уруктан өнүп чыккан өрүк дарактары көп. Алардын аралыгы алыс жайгашып, түшүмдүүлүгү төмөн. Анысы аз келгенсип жазында эрте гүлдөп, кээ бир жылдары үшүк уруп мөмө байлабай калууда.

Бул көйгөйдү башка көчөттөр менен кыйыштырып чечсек болот. Myrobolan 29C деген көчөттүн бою жапыз келип, эки-үч жылдан кийин эле мөмө бере баштайт. Сырттан келген көчөттөрдүн мөмөсүнүн канттуулугу аз, анча таттуу эмес. Аны Баткендин кандек, мирсажали, исфарак, Ысык-Көлдүн краснощёкий сортторуна кыйыштырсак, өрүктөн эле гектарына 1-2 млн сом тапса болот.

Дагы караңыз

Жамила: Дрезденде Баткендин өрүгүн изилдейбиз

Негизи Ысык-Көлдүн айланасын жашыл өсүмдүктөргө толтурсак, аймакта жаан-чачындын көлөмү көбөйөт жана мөмөлөрдөн киреше табууга болот. Болгону сугат сууларын сарамжалдуу пайдалануу керек. Мүмкүн болсо тамчылатып сугаруу системасын жайылтуу зарыл.

"Биздеги айрым алмалар дүйнөдө жок"

- Өзүңүз айткандай, азыр алманын көчөттөрүн сырттан алып келишүүдө. Бул жергиликтүү сорттордун жоголушуна алып келбейби?

- Кыргызстан дагы Казакстан сыяктуу алманын мекени болуп саналат. Жалал-Абад облусунда Кара-Алма токою бар. Ошол жерде алманын жергиликтүү түрлөрү өсөт. Негизинен бизде Malus kirghisorum өндүү алманын эки-үч түрү бар, алар дүйнөнүн башка аймактарында кездешпейт. Башка өлкөлөр эми гана алып барып, селекциясына кошуп жатышы мүмкүн. Андан башка бизде симиренко, илгери Крымдан алып келинген кандил сортундагы алмалар аз өндүрүлүп калды.

Дүйнөдө алманын 10 миңдей сорту бар. Анын 50дөй түрү гана коммерциялык максатта тигилет. Бизге акыркы жылдары АКШ, Европа, Австралия, Жапониянын селекциясынан чыккан алма көчөттөрүн алып келип жатышат. Алардын жарымы түшүм берсе, жарымы өнбөй калган учурлар бар.

Алма багы, Кыргызстан.

Өзүбүздүн селекциядан чыккан сортторду сактап калып, кыйыштырып колдонсок жакшы болмок. Кара-Суу районуна караштуу Шералы айылында мурда чоң алма багы бар эле, ал жерде сейрек сорттор өсчү. Ал бакты кийин эл бөлүп алып, азыр дарактар жокко эсе.

Мамлекет кызыкдар болсо, ошондой генетикалык баалуу материалдарды сактап калышыбыз керек эле. Аны жоготуп алсак, кайра калыбына келбей калышы мүмкүн.

Экинчиден, бизде бул багытты изилдеген илимпоздор саналуу. Жаштарды илимге кызыктырып, тартуу үчүн каражат керек.

Мисте багбанды байытабы?

- Сиз мистенин пайдасы жөнүндө көп айтып жүрөсүз. Кыргызстанда мистенин данынан жасалган "Дубай шоколады" эки-үч жылдай мурда катуу жарнама болду. Мисте аянттарын көбөйтүү менен киреше тапса болобу?

- Мен Түркияда 7,5 жыл окуп, жаңгак жана мисте боюнча докторлук ишимди жактагам. Ал жакта билим алып жүргөндө кыргыз фермерлери көчөт сурап калышты. Анан Газиантеп шаарындагы мистени изилдөө борборунан сурасам, көчөт сыртка сатылбай турганын айтышкан.

Дүйнөдө мисте өндүрүү жагынан Америка, Түркия жана Иран алдыңкы орунда турат. Аларда өзүнүн онго жакын сорту бар, Ирандыкы 70ке жакын. Бирок Иран дагы мисте көчөтүн экспорттоого уруксат бербейт.

Биздин мисте менен жаңгактын алардыкынан кем калбаган, керек болсо ашып түшкөн генотиптери бар. Бирок бизде мистенин бир да сорту каттоого алынган эмес. Аракет кылып, өзүбүздөгү түрлөрдү жакшыртышыбыз керек.

Ноокендеги мисте майрамы, Кыргызстан.

Өзүңөр билесиңер, дүйнөдө азыр климат өзгөрүп жатат. Мурда мелүүн деп эсептелген аймактарда дарбыз быша баштады. Күн ысык болгондо дыйкандар суу талашып калганын көрүп жүрөбүз. Мисте ошол кургакчылыкка чыдамдуу өсүмдүк. Тамыры алты-жети метрге чейин кетет, кээ бир илимий маалыматтарда 40 метрге чейин жетиши мүмкүн деп айтылат. Бир мисте дарагы 25 килограммга чейин түшүм берет. Өзүңөр билесиңер азыр мистенин бир килограммы 1-1,5 миң сомго чейин сатылат.

Кыргызстанда мал дагы, адам дагы баспаган, эч нерсе өспөгөн боз адырлар толтура. Ошол бош жаткан жерлерге кургакчылыкка чыдамдуу мисте же бадам эгип башташыбыз керек.

Салкыныраак Ысык-Көл менен Нарын аймактарына жаңгак тиксек болот.

Мистени Ысык-Көлдүн Балыкчы, Чолпон-Ата тарабына өстүрсөк болот. Мөмөсү толук бышпай калышы ыктымал, бирок анын жашыл маңызын баклава, шоколад, тортко кошуу үчүн сатып алгандар табылмак.

Нарында жаңгак өстүрсө болобу?

- Жаңгак деп калдыңыз, бизде уникалдуу Арстанбап токою бар эмеспи. Ал жакты жакшы билгендер жаңгакты эл көп тергендиктен токой суюлуп баратканын айтышат...

- Мен Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Тоо, Доңуз-Тоо деген айылдарда докторлук изилдөө иштерин жүргүзгөм. 2020-2023-жылдары күзүндө бир канча жолу барып, мөмөсүн чогулткам. Жазында дагы бир канча жолу фенологиялык фазаларын изилдеш үчүн барып турдум.

Мурда биздин жаңгакты Түркия сатып алчу. Акыркы жылдары келишимдер бузулуп, ар кандай себептерден улам жаңгактын баасы төмөндөп кетти. Аренданы актабайт, баа болбой калды деп тербей койгондор бар. Ошондуктан сиздин айтканыңызга кошулбайм.

Токойду изилдеп жүргөндө жалбырак астынан терилбей калып кеткен толтура жаңгак көргөм. Жерде жатканын кемирүүчү жаныбарлар жейт, алардан артканы өнүп чыгат. Жаңгак тоонун тескейинде, кар кеч эриген, нымдуу тарабында көп өсөт. Себеби ал сууну, кара топуракты жакшы көрөт. Таштуу, кургак күңгөйүн мисте, бадам өңдүү бадалдар ээлеген.

Дагы караңыз

"Өзгөн күрүчү темирге бай, анемиянын алдын алат"

Жаңгак токоюн кыйгандар бар экен, ошол жерде жүрүп зыянкечтерди дагы көрүп калдык. Бирок жалпысынан абалы жакшы эле. Биз жаңгак токоюн агротуризм максатында дагы пайдалансак болот. Анткени генетикалык ресурс бай. Кабыгы катуусу, жумшагы, эрте же кеч бышканы, зыянкечтерге чыдамдуусу, айтор жаңгактын түрү бар. Ошолорду бири-бирине кыйыштырып, сапаты жакшы сорт чыгарсак, киреше таап эле тим болбой экологияга да пайда келтирет элек.

Арстанбап жаңгак токоюнун жалпы аянты 600 миң гектар, таза жаңгак өскөн жери 55-60 миң гектар деп мактанабыз. Ошончо байлык колубузда турат, өнүм бар, чийки зат дагы жетиштүү, бирок андан бир рецепт чыгарып, киреше таба албай жатабыз да.

- Жаңгакты башка аймактарда өстүрсө болобу?

- Албетте. Болгону кээ бир аймактарда күзүндө анан эрте жазда үшүк жүрөт да. Жаңгак өзү бир аз топурак жылыса эле ойгонуп алып, артынан суук урса үшүп кала турган өсүмдүк. Ошон үчүн анын кеч ойгонгон сортторун иштеп чыгышыбыз керек.

Агротуризм деген эмне?

- Демек, багбанчылык менен алектенүүдөн мурда адистер менен кеңешип, илимдин негизинде иш кылыш керек турбайбы?

- Эгер ишкердин мөмө багын "Титаник" кемеси деп элестетсек, аны айсбергдерге урунтпай, көздөгөн жерине аман-эсен жеткирүүчү капитан илимдүү адис болушу керек. Эмне үчүн аянты Нарын облусундай болгон Нидерланддар айыл чарба азыктарын экспорттоодо АКШдан кийинки орунда турат? Анткени алардын Айыл чарба министрлиги илим менен ишкерге көпүрө, экөөнү тең колдойт. Экономикасын илимге негиздей алганы үчүн дыйканчылык жаатында астыга кетти. Бизде болсо кээ бир багбандар өздөрү издеп келип кеңеш алып кетишет. Мен бир-эки чарбага консультация берип турам.

- Агротуризм деп калдыңыз го, аны кантип жүргүзсө болот?

- Шаарда экология көйгөйү курч, стресс көп. Ызы-чуудан чарчаган адам тынч жерге барып, табият коюнунда эс алгысы келет.

Ысык-Көлгө жайкысын ансыз деле эл барат. Азыр Балыкчыдан баштап эле талаа бопбоз болуп жатат. Ал жерге кургакчылыкка чыдамдуу жүзүм бактарын отургузсак болот. Анын мөмөсүн сатып да киреше таба беришмек. Кааласа келген киши акчасын төлөп, өзү терип алмак. Же ошол жерге эс алышып, сүрөткө түшмөк. Лаванда эгип, аны дагы туристтерге көрсөтүп, акча тапса болот.

Дагы караңыз

Фермерликтин эбин тапкан айымдар

Жаңгак токою деле ошондой. Ал жерде карт дарактар бар, Баткенде дагы канча жылдан бери өсүп турган өрүк бактары бар. Жалаң эле мөмөсүн жыйнабай, жанына эс ала тургандай шарт түзсөк болот.