мазмуну
- Борборазиялык мигранттар Орусияга визасыз киргизилбей калабы?
- Мигранттарга Орусияда талап, текшерүү күчөдү.
- Мыйзамдарды дагы да катаалдатуу боюнча жаңы сунуштар.
"Дароо депортация кылынсын"
Орусиянын Мамлекеттик Думасында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарына визалык режим киргизүү демилгеси кайрадан көтөрүлдү. Мындай сунуш менен «Адилеттүү Орусия» партиясынын лидери жана Мамлекеттик Думадагы фракциясынын башчысы Сергей Миронов чыкты.
Ал акыркы жылдары миграция талаптарын катаалдаштыруу боюнча ондогон мыйзам кабыл алынганына карабастан азыркы чаралар жетишсиз болуп жатканын белгиледи.
22-июлда Мамдумадагы отурумдан кийин Миронов өлкөнүн миграция саясатын, борборазиялык мигранттар Орусияга үй-бүлөлөрүн алып келип жатканын кескин сындады:
"Мигранттардын 45% иштөө үчүн келет. Анда калган 55% эмне үчүн келип жатат? Алар үй-бүлөсүн, балдарын алып келүүдө. Балдары мектепке барып, орусча эки ооз сөз сүйлөй алышпайт".
Миронов муну менен эле чектелбей, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарына визалык режим киргизүү зарыл экенин кайрадан кайталадаы. Кайсы бир кылмышка айыпталган, мыйзам бузган чет өлкөлүк жаран гана эмес, анын жакындары да жоопкерчилик тартышы керектигин айтты.
Дагы караңыз
Мигранттардын балдары 18ге толгондо Орусиядан чыгып кетүүгө тийиш болот"MMA клубуна кирип көргүлөчү, ал жакта кимдер машыгат? Ал жерде биздикилер жок, баары мигранттар. Алар эмнеге даярданып жатышат? Кезектеги "Крокус Ситигеби"? Биз Борбор Азия өлкөлөрүнө визалык режим киргизүүнү талап кылабыз. Ошондой эле жамааттык жоопкерчилик болушу керек деп эсептейбиз. Эгер мигрант мыйзам бузса, мыйзам боюнча толук жооп бериши керек. Ал эми анын бүтүндөй үй-бүлөсү, жакындары дароо Орусиядан депортацияланышы керек".
Мигранттарга каршы рейддер күчөдү
Акыркы айларда Орусияда мигранттарга көзөмөл дагы күчөгөнүн ал жакта жүргөн кыргызстандыктар да айтып жатышат. "Азаттыктын" суроолоруна жооп берген, бирок аты-жөнүн ачык айткысы келбеген мигрант Москвада иштейт.
«Рейд катуу жүрүп жатат. ОМОНдор кыргыздар отурган жерлерге, кафелерге келип текшерип жатышат. Виза киргизе турган болсо дагы татаалдашып калышы мүмкүн да. Менимче, визанын Орусияга деле кереги жок. Ансыз деле акыркы жылдары бизге талап көбөйдү. Балдарды мектепке киргизгенде маселе жаралды. Азыр күйүүчү май тартыштыгы сыяктуу маселелер да бизди жүдөттү», - деди ал.
Июнь айынан бери Орусияда күйүүчү май тартыштыгы мигранттарга да таасирин тийгизип жатат. Өзгөчө такси кызматында иштегендерге бул бир топ ыңгайсыздык жаратууда.
Дагы караңыз
Орусия эми армиядагы чет элдиктерди депортация кылбайтСергей Миронов миграцияга байланыштуу талаштуу демилгелери менен мурда эле белгилүү болуп келген саясатчы. Ал буга чейин чет өлкөлүк жарандарды ири шаарлардан сырткары жайгаштырууну, мигранттардын эсебинен өзүнчө миграциялык полиция түзүүнү, ошондой эле улуттук диаспоралардын ишмердүүлүгүнө чектөө киргизүүнү сунуштаган.
Мамдуманын мүчөсүнүн бул жолку билдирүүсү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга иш сапар менен келген учурга туш келди.
Лавров Чолпон-Атада өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышууда. Жолугушууларда аймактык коопсуздук, эл аралык кызматташтык жана экономикалык маселелер талкууланары айтылганы менен миграция темасы расмий күн тартибине киргизилгени жарыялана элек.
Бул биринчи жолу айтылып жаткан сунуш эмес
Миграция маселелери боюнча эксперт Рахат Шералы визалык режим киргизүү сунушунун ишке ашышынан күмөн санайт:
Рахат Шералы
«Мамлекеттик Думанын бир нече депутаты буга чейин дагы виза киргизиш керек деп айткан. Менимче, бул мүмкүн деле эмес. Себеби Орусия менен Кыргызстанды, жалпы Борбор Азия мамлекеттерин көптөгөн эл аралык келишимдер байланыштырат. Ошол келишимдердин негизинде визасыз режим иштеп жатат. Менимче, бул көбүнчө популисттик билдирүүлөр. Коомдо мигранттарга каршы маанай күчөп турган учурда ушундай сунуштар айтылып жатат. Бирок эгер визалык режим киргизилсе дагы анын өзүнүн тартиби болот. Эгер адам Орусияга мыйзамдуу иштөөгө барса, тиешелүү документтерин даярдап, виза алып иштей берет».
2024-жылы Москвадагы «Крокус Сити Холл» концерттик залындагы теракттан кийин Орусиянын бийлиги миграция мыйзамдарын олуттуу катаалдаштырган. Андан бери Мамлекеттик Дума миграцияны жөнгө салууга байланыштуу ондогон мыйзам долбоорлорун кабыл алды.
Орусияда миграция эрежелери акыркы айларда кыйла катаалдады. 1-июлдан тартып кыргызстандыктар да бул өлкөгө кирүү үчүн RuID тиркемеси аркылуу алдын ала каттоодон өтүүгө милдеттендирилип, кийин бул талаптын мөөнөтү жыл соңуна чейин узарган.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Орусиядагы кыргыз жарандарынын саны акыркы жылдары азайып жатат. Эгер 2024-жылы Орусияда 656 миңден ашуун кыргызстандык жүрсө, 2026-жылдын май айына карата алардын саны 502 миңге чейин кыскарган. Миграция маселеси азыркы тапта Орусиянын ички саясатындагы эң талаштуу темалардын бири бойдон калууда.