АКШ президенти Дональд Трамп Орусия "НАТОго мүчө өлкөлөрдүн бирине кол салат" деген кооптонуулар негизсиз деп эсептей турганын билдирди. Ал тапта Батышта Владимир Путин Балтика өлкөлөрүнө же альянстын башка мүчөсүнө сокку уруп, НАТОнун биримдигин жана чечкиндүүлүгүн сынап көрүшү мүмкүн деген чочулоо күчөп жатат.
27-августта Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Трамп Путин менен «жакшы сүйлөшүүлөрдү» өткөргөнүн жана «ал НАТО аймагына кол салууну көздөбөй турганын» айтты. Бирок ал бул сүйлөшүүлөр качан болгонун тактаган жок.
НАТОго каршы мүмкүн болгон орусиялык чагымчыл аракет тууралуу суроого жооп берип жатып Трамп: «Бул мени такыр тынчсыздандырбайт. Эч кандай көйгөй жок», – дегенин Axios басылмасы жазды.
Кремль америкалык маалымат каражаттарында чыккан "Москва НАТОго кол салышы мүмкүн" деген маалыматтарды «коркуткан жөө жомок» деп атаган. Дал ошол күндөрү АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) директору Жон Рэтклифф Москвага күтүүсүз сапар менен барган эле.
Дагы караңыз
"АКШ Иран-Орусия-Кытай-Түндүк Корея кызматташтыгын көз жаздымда калтырууда"НАТОнун 5-берене алкагындагы кепилдиктери
Батыш Европанын коопсуздугу көптөн бери НАТО келишиминин 5-беренесине негизденип келет. Анда альянстын бир мүчөсүнө жасалган кол салуу бардык мүчөлөргө каршы кол салуу катары каралары белгиленген.
Бир катар Батыш лидерлери Трамптын НАТОго канчалык "көзү түз" деген маселеде тынчсыздануусун билдирип келишкен. Анткени ал айрым учурда АКШ альянстын мүчөсүнө кол салуу болгондо кандай реакция жасай турганынан күмөн санаса, кээде НАТОну колдой турганын айтып келет.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосу таанышып чыккан катта Балтика өлкөлөрүндөгү коопсуздук абалы начарлап жатканы, аба мейкиндигинде чек араны бузуу жана учкучсуз учактардын кирип келүү учурлары көбөйгөнү белгиленген.
Бул кат Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйенге жолдонгон. Ага Балтика өлкөлөрүнөн чыккан еврокомиссарлар Кая Каллас, Андрюс Кубилюс жана Валдис Домбровскис, ошондой эле Польша менен Финляндиянын өкүлдөрү кол коюшкан.
Дагы караңыз
Согушту "убактылуу токтотуу туура болот". Токаевдин Путинге айткан сөзүнүн төркүнү кайда?ЦРУ директорунун Москва сапары
30-июлда жазылган кат быйыл жай айлары улам айтылып келген Орусиянын ыктымал агрессиясы тууралуу кооптонуулардын бири. Мындай кооптонуу 25-августта ЦРУ директору Жон Рэтклифф Москвага барганы маалым болгондо ого бетер күчөдү.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосу маектешкен маалымат булактарынын айтымында, Рэтклифф Кремлди АКШнын союздаштары, өзгөчө Эстония, Латвия жана Литва менен чыңалууну күчөтүүдөн карманууга чакырган.
Бирок Трамп Рэтклифф орус тарапка мындай эскертүү бергенин четке какты.
«Рэтклифф орусиялык кесиптеши менен жарым жылда бир же жылына бир жолу жолугуп турат. Экөөнүн мамилеси жакшы. Эч кандай билдирүү болгон эмес жана адаттан тыш нерсе да болгон жок», – деди ал.
Кийинчерээк журналисттер бул тууралуу кайра сураганда Трамп түз жооп бербестен: «Мен бул боюнча комментарий бергим келбейт, бирок алар [НАТОго] кол салбайт», – деп жооп берди.
Ошол эле учурда The New York Times басылмасы азыркы жана мурдагы аткаминерлерге таянып, Рэтклифф Москвадагы жолугушууда Орусиянын Украинадагы согушуна байланыштуу Москванын аскердик жана экономикалык абалы мындан ары начарлап кете электе макулдашууга жетишүүгө чакырганын жазды.
Буга чейин Wall Street Journal америкалык чалгын маалыматтарына таянып, Орусия НАТОнун чечкиндүүлүгүн текшерүү үчүн быйыл күзүндө кол салып көрүүгө аракет кылышы мүмкүн экенин билдирген.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосу менен анонимдүү негизде сүйлөшкөн балтиялык дипломаттар жайында Орусиянын жалган шылтоо менен жүргүзүлүшү мүмкүн болгон операциялары тууралуу кошумча чалгын маалыматтары бар экенин ырасташты. Ошол эле учурда алар жакын арада кадимки аскердик кол салуунун белгилери байкалбаганын белгилешти.
Дипломаттар мындай аракеттер Балтика өлкөлөрү менен гана чектелбеши мүмкүн экенин айтып, Германия, Польша жана Словакия сыяктуу НАТО өлкөлөрүндөгү кол салуу аракеттерине, өрт коюуга жана дрондордун кирип келүүсүнө байланышкан окуяларды мисал келтиришти.
Дагы караңыз
Румынияда бир аптада үчүнчү жолу Орусиянын дрону атып түшүрүлдүНАТО мүчөлөрүнө басым
Өзгөчө белгилей кете турган нерсе, 27-августта АКШнын Коргоо министрлигинин жогорку кызматкери Элбриж Колби НАТО боюнча союздаштарды Вашингтон континенттеги өз аскерлеринин санын кайрадан карап чыгуу тууралуу кеп кылып жаткан учурда Европаны өз коопсуздугуна жоопкерчиликти өзү көбүрөөк алышы керек деген АКШнын талабына байланыштуу пикирин айтууга чакырган.
Трамптын администрациясынын кадамдары июль айында башталган алты айлык талдоонун жыйынтыгында АКШ Европадагы аскерлеринин санын кыскартышы мүмкүн деген кооптонууну күчөттү.
«Биздин мамиле кеңешүүгө жана кызматташууга негизделет. Союздаштарыбыздын пикирин уккубуз келет», – деген Колби НАТОнун Брюсселдеги штаб-квартирасында өткөн жолугушууда.
Вашингтон Европа өлкөлөрүнө атайын анкеталарды жөнөтүп, континенттин коргонуусун камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат сураган.
Колбинин айтымында, азыр Европанын коопсуздугу боюнча жаңы шартта АКШ жана анын союздаштары мындан ары биргелешип кандай аракет кыларын талкуулоо жүрүп жатат.