Ногон Шумаров: Алтайдагы уруулар кыргызда да бар, тилибиз да окшош

Ногон Шумаров.

Ногон Шумаров - Алтайдын салттуу кай өнөрүнүн ээси, театр режиссеру, этномузыкант, актер. "Азаттыктын" "Сыябан" көрсөтүүсүндө ал алтай жана кыргыз маданиятынын, тилинин, элдик ырым-жырым, ишенимдеринин окшоштуктары тууралуу кеп салды.

Орусиянын эмгек сиңирген артисти Ногон Шумаровду "Азаттыкка" жаачы, музыкант, музыка таануучу Бактыгүл Абди Жетиген коштоп келди.

- Ногон агай, биздин студиябызга кош келдиңиз. Сизди Кыргызстандагы көптөгөн маданият өкүлдөрү, театр ишмерлери Алтайда калган кыргыздын тукуму деп таанышат экен. Төөлөс уруусунун уулу катары Кыргызстанга келген сайын кандай сезимде болосуз?

Ногон Шумаров: Кыргызстанга 50 жыл мурда келгем. Ленинграддагы (Санкт-Петербург) Мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтунун режиссёрдук-драма бөлүмүн бүтүргөм. Кыргызстанды үч ай кыдырып, алтай, орус тилинде ондой спектакль койгонбуз. Бообек Ибраев Фрунзедеги театрдын баш режиссеру болчу.

Төөлөс уруусунун төрт уулу Искендер Рыскулов, алтайлык жазуучу Аржан Адаров, Бообек Ибраев анан мен чыгып, сөз сүйлөгөнбүз.

Ногон Шумаров жана Бактыгүл Абди Жетиген.

Искендер Рыскулов Ош театрынын башкы режиссеру болуп турганда Алтайга барып, Чыңгыз Айтматовдун "Гүлсарат" повестинин негизинде спектакль койгон. Аны алтай тилине жазуучу Чыбаш Каинчин которгон.

Алтайда "Ак кеме", "Кылым карытар бир күн" чыгармаларынын негизинде да спектаклдер коюлган. Кийин режиссер Баатр Колаев (Калмыкия-ред.) келип "Маңкуртту" койгон. Айтматов дайыма Алтай элинин жүрөгүндө.

Чыңгыз Айтматов менен "Тоолор кулаганда" романы жарык көргөндө Москвада жолукканбыз. "Төөлөс уулумун" деп айтып, таанышкам. Китебине кол тамгасын жаздырып алган элем.

Быйыл Кыргызстанга келип, Кырчынды, "Рух ордону" көрүп, биздин туугандар өсүп-өнүгүп жатыптыр деп аябай сүйүндүм. Таланттуу адамдар көп экен. Кесипкөйлүк деңгээли өтө жогору.

Көчмөндөр оюндарына чакырып, кабыл алган артисттерге, режиссерлорго, кыргыз элине ыраазычылык билдирем.

- Агай, сиз Алтайдын "Маадай кара", "Очы бала" эпосторун сахналаштырган экенсиз. Азыр театр жөнүндө сөз болуп калды. Бул эпостордун мазмуну, аткарылышы кыргыздын эпосторуна окшошуп кетеби?

Ногон Шумаров: Ооба, эпостордо окшоштуктар бар. Баатырлардын жортуулу, башынан кечирген окуялары айтылат. Биздин тилдер да окшош. Алтай тили менен кыргыз тили 80 пайыз окшош. Кыргыздарда бар уруулар Алтайда да бар. Мундуздар, кыпчактар, наймандар, тардуштар. Төөлөстөр чоң уруулардын бири.

- Ногон ага, сиз алтайлыктардын көмөкөй менен ырдаган кай өнөрүнүн ээсисиз. Алтайда жаш муундар арасында кайчылыкты уланткандар барбы?

Ногон Шумаров: Быйыл июль айында бизде кайчылардын курултайы өттү. Мен ошол жерде калыстар тобунун төрагасы болдум. Алтыдагы балдардан тартып, карыларга чейин катышты. Аксакал катары жаштарды көрүп сүйүндүм. Кай өнөрү каркыра, көмөй, сыгыт жана башка түрлөргө бөлүнөт. Аларды кичине балдар-кыздар да аткарат. Кайды музыкалык аспап менен ойноо өнөрү дагы бар.

Дагы караңыз

Көмөкөй менен ырдоо - жоголуп бараткан өнөр

- Колуңуздагы музыкалык аспап тууралуу сөз кылсак. Кыргызстанда үч жыл мурда байыркы коргондон табылган аспапты Бактыгүл аркайык деп колунда кармап отурат. Экөө окшош экен. Сиз бул аспапта канча жылдан бери ойнойсуз?

Дагы караңыз

Көлдөн табылган аркайык. Байыркы элдин музыкасы

Бактыгүл Абди Жетиген: Беш жылдай болду. Алтайда бул аспапта биринчи болуп мен ойноп чыктым. Аспапты Александр Гнездилов деген орус музыканты, уста жасаган. Ал киши Москвадагы, Красноярскидеги музейлерге да жасап берген. Хакасияда ушуга окшош аспапты чатхан дешет, анда ойноону үйрөткөн атайын усулдар бар. Бизде Хакасиядан келген музыкалык педагогдор айылдарда мектеп ачып, балдарга топшур, игил, чатхан черткенди үйрөтүп жатышат.

Жадаган аспабы Алтайдын Пазырык, Каракол, Алтынкөл (Башадар), Чылышман (Чулушман) өрөөнүнөн, анан Монгол Алтайынан табылган. Монголиядан табылганы - Алтай арфасы. Орусча "скиф арфасы" деп да жүрүшөт. Биздин залкар кайчыбыз Алексей Калкин Эрмитажга барганда ал жакта эки жадаган бар экен, бирок аталышы жазылбаптыр. Ал киши "Бул жадаган, Алтай жадаганы" деп айтып, ушинтип аталып калган.

- Алтайда ооз комуздун бир канча түрү бар турбайбы, сиз дагы ооз комуз кагат экенсиз?

Ногон Шумаров: Алтайда илгери жаштар бири-бирине сүйүүсүн ооз комуз кагып билдирген. Кыздарга "Сени сүйүп калдым, мага турмушка чыгасыңбы?" деп ачык айткан эмес. Анын ордуна ооз комуз каккан. Кыз дагы ыйбаа кылып, ооз комуз менен жооп берген.

- Чоор дагы тартат экенсиз. Кыргыз жазуучуларынын чыгармаларында чоор сыйкырдуу аспап экени, аны ойногондо кээ бир жаныбарлар, айталы, жыландын сезими ойгонуп кетери жазылган. Сиздерде кандай, ушундай ишеним барбы?

Ногон Шумаров: Чоорду Алтайда куурайдан жасашат. Мен бала кезде эжем тартчу эле. Алтайда чоорду тартканда "токойдун ээси ойгонуп кетет" деген ишеним бар.

Дагы караңыз

Сабизден жасалган чоор

- Бактыгүл айым, сиз Ногон агайдын Кыргызстандагы шакиртисиз. Сизге ооз комуз боюнча суроо бергим келип турат. Ногон агайда ооз комуздун бир нече түрү бар экен. Кыргызстанда бул аспаптын канча түрү сакталып калган?

Бактыгүл Абди Жетиген: Кыргызстанда жыгач ооз комуз, темир ооз комуз бар. Биздеги ооз комуздардын көлөмү анча чоң эмес, кичирээк келет. Ал эми Алтайда сакталган ооз комуздардын үнү жаратылышка үндөшүп, жылкынын дүбүртүн, бөрүнүн улуганын, бүркүттүн шаңшыганын, шамалдын сокконун жана суунун шарылдаганын берсе болот экен.

Ногон атам менен биринчи жолукканда мага ооз комуз белек кылган. Аны үйрөнүп, азыркы күндө кагып жүрөм. Шакирттериме да үйрөтүп жатам. Бул ирет келгенде дагы бир ооз комуз белек кылды. Мунун үнү укмуштуудай экен. Чыныгы кыргыз ооз комузунун жыты, колорити сакталган мыкты аспап экен, жезден жасалыптыр.

Негизи, мындай аспапты Алтайда "кой комуз" деп айтышат экен, менин колумдагыны "ат комуз" дешет. Ногон атам мага мурда ат комузду белек кылса, азыр кой комузду белек кылды.

Дагы караңыз

"Ордо Сахна" же кайра таңшыган кайрыктар

- Ногон агай "Алтайда илгери кыз-жигит бири-бирине ашыктык сезимин ооз комуз аркылуу билдирген" деп жатпайбы. Ала Тоодогу кыргыздарда да ушундай салт болгонбу?

Бактыгүл Абди Жетиген: Бизде негизи эле ата-бабаларыбыз жар салганда же кандайдыр бир жакшы-жаман кабарды угузганда комуз менен чертип билдирчү экен. Кыргызда кыздар деле ооз комуз аркылуу сезимин билдирсе керек. Атабыздын жанында жүрүп, каада-салтыбыз, үрп-адатыбыз окшош экенин түшүндүм. Биз абдан байыркы элбиз, ата-бабаларыбыз чоң аймакты жердеген. Тилибиз 80% окшош. Алтай менен Кыргызстандагы жер-суу аталыштары дагы окшошуп кетет. Ногон атамдын жанында жүрүп сүйлөгөн сөзүнөн, кылган ишинен абдан чоң таалим-тарбия алып жатам. Алтайга барганда мага аркайык аспабын белек кылып жатканда дароо колума карматпай, айчы кызга деп ырымдап, арча менен аластап анан берди.

- Ногон агай, Бактыгүл Кыргызстандагы биринчи аркайыкчы музыкант болуп калды. Ал эми Алтайда жадаганда (аркайыкта) ойногон жаштар барбы?

Ногон Шумаров: Жаштар жок. Бактыгүлдү Алтайга чакырып жатабыз, барып коллежде, музыкалык мектепте окуган балдарды үйрөтсүн. Менде Айдар Чурупов жасаган, Светлана Катынова президенттик грантка алган чоң аспап бар. Кийин аны музейге бериш керек, кылдарын нота кармагыдай кылып жасаш керек.

- Бактыгүл, сиз бул сунушка макулсузбу? Алтайга барасызбы?

Бактыгүл Абди Жетиген: Чындыгында, ушул аспапты археолог Орозбек Солтобаев агай изилдей баштаганда эң биринчи Ногон устатыма кайрылганбыз. Көчмөндөр оюнуна атабыз өзү келип, аркайык аспабынын презентациясына катышып, батасын берди. Бул аспап - дүйнөлүк арфанын башаты экенин далилдеп берди. Монголияда жадаган/аркайык аспабын "Алтай арфасы" дешет экен. Эмне үчүн "Монгол арфасы" дебейт? Себеби, биринчи жолу Алтайдан табылган. Тектүү элдер ушинтип бири-биринен алып отуруп, дүйнөдөгү эң чоң кылдуу аспап арфа жаралган. Ногон Шумаровдун колундагы жадаган - менин колумдагы аркайыктын жана арфанын башаты.

Албетте, мен Алтайга барып устатымдан билим алып, салт-санааны кошо үйрөнөм. Биздин аркайыкты 24 кылдуу кылып, атабыз өзү кедр дарагынан жасатып, батасын берип жатканда Алтайдагы музыканттар, Маданият министрлигинин өкүлдөрү да "ушул аспапты бизде өнүктүрсөк, жаштарга үйрөтсөк жакшы болот эле" деп сунушташкан. Ногон атамдын сунушун четке какпайм. Эки элдин ортосунда бул аспапты өнүктүрүшүбүз керек, анткени жаштар муну абдан жакшы кабыл алууда.

Дагы караңыз

Сиз билбеген жетиген

Азыр бүтүндөй көчмөн элдин руху ойгонуп жаткан доор. Көчмөндөр оюндарында Кырчынга келген адамдар аркайыкты кармап көрүп, "Бул биздин аспап турбайбы?!" деп кубанып, суктанып жатышты.

Атабыз аман-эсен баш-көз болуп, жол көрсөтүп турса, эки элдин ортосунда колумдан келишинче эмгек кылам. Кийинки Көчмөндөр оюнуна да чоң максаттарды коюп жатабыз, буйруса, элибизге тартуулайбыз.

- Көчмөндөр оюндарынан кийин үйрөнөйүн дегендер, кызыккандар болдубу?

Бактыгүл Абди Жетиген: Ооба, кечээ Венгрияда окуган нарындык Байбол деген 21 жаштагы жигит келди. Аркайыкты көрүп, "Ушуну черткенди анан көмөкөй менен ырдоо өнөрүн үйрөнсөм болот эле" деп атабыздын ооз комузу менен батасын алды.

Ушундай демилгелүү жаштарды көргөндө сыймыктанабыз. Үйрөнөм дегендерге дайыма ачыкпыз. Буюрса, бул өнөр дүйнө жүзүнө жаңырат, жайылат.

Ногон Шумаров менен маекти видеодон да көрө аласыз.